Рет қаралды 1,367
“Кант ТШП” заводунун лабораториясы мыкты сапаттыкамсыздайт.
Ички керектөөлөргө жана экспортко багытталган Канттүтүк-шифер заводунун өзүнүн лабораториясы бар. Аталганлабораториядан текшерилген өндүрүш продукциясы эларалык талаптарга (ISO) жооп берип, ЕАЭБдин реестринекиргизилген. Төмөндө аталган лаборатория тууралуу кененайтып беребиз.
Милдети - продукциянын сапатын тейлөө.
“Кант ТШП” заводунун курамына 2008-жылдан бериөзүнүн компетенциясын тастыктаган ISO/IEC 17025 эларалык стандартына ылайык аккредитацияланганлаборатория кирет. Лабораториянын милдети кардарлардынмуктаждыктарын канааттандырган сапаттуу шиферчыгаруу, ошондой эле мыйзам чыгаруучу жана ченемдикукуктук актылардын талаптарына жооп бере тургандайсыноолорду жүргүзүү.
Лаборатория - өндүрүштүн бардык этаптарында чийкизаттардын киришине көзөмөл кылуудан баштап, технологиялык процессти башкаруу жана ченемдикдокументтердин талаптарына ылайык сыноого чейинкөзөмөлдү жүзөгө ашырат. Мындан улам, технологиялыкрегламенттерге жана мамлекеттик стандарттарга ылайыкжогорку сапаттагы продукцияны чыгарууну камсыз кылат.
Технологиялык процессти көзөмөлдөө, технологиялыкрегламенттин талаптарына ылайык жабдуулардын сапатынталдоодон жана аныкталган четтөөлөрдү өз убагындажоюудан турат. Андан ары продукт керектөөчүгө жеткенгечейин листтердин ар бир партиясы даярдоочунунтехникалык көзөмөл кызматы тарабынан кабыл алынат.
Мезгилдүү тесттер:
1. Ийилүүдө эң жогорку күчтү аныктоо. Курулуштаасбест-цементтен жасалган буюмдары негизиненийүүдө иштейт. Максималдуу ийип, басым кылууменен ийкемдүүлүгүнүн таасири таасири текшерилет.
2. Оор соккуга таасирин текшерүү. Күчтүү динамикалыктаасирлер асбест-цемент листтерин ташуу учурунда, айрыкча, транспорт каражаттарында байкалат. Ташуу учурундагы жаракаттарды сыноо максатындагы текшеруу.
3. Суукка туруктуулугун текшерүү. Бул ыкманын маӊызысууга каныккан үлгүлөрдү кайра-кайра кезектешиптоңдуруу жана эрүүтүү болуп саналат.
4. Суу өткөрбөйт. Ыкманын мааниси канча бир убакытбою продукциянын кайсы бир бөлүгүндө суунунтаасири сыналат.
5. Сыноочу жабдуулар, өлчөөчү приборлор кылдаттекшерилген.