Рет қаралды 6,137
Короодогу койлорго эки аюу кол салып, алардын ичинен 67 баш койду чайнап өлтүрүшкөн. Окуя 22-июлда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Беш-Терек жайлоосунда койчу Куштарбек Сабиржан уулунун короосунда болгон. Жергиликтүү бийлик тиешелүү түзүмдөргө аюуларды жайлоодон алыстатуу тапшырмасын берди.