Рет қаралды 104,237
Көзү тирүү кезде сизди сыйлабай,
Казак-кыргыз сиз өлгөндө ыйлады ай.
Кайран гана кыргызчылык, пенделик,
Качан болот тирүү кезде сыйламай?!
Кыргыз элге небак сиңген эмгеги,
"Эл артисти" болгон сиздей пендени
Кыргыз өкмөт тирүүңүздө бир баалап,
"Эмгек сиңген..." деген наамды бербеди...
Эми Майра эл деп тилин безебес,
Эл бар кезде өчпөйт сиздин эс, элес.
Элдин сөзүн эл башылар угушса,
Эми деле наамын берсе кеч эмес...