Кечикпе Ар бир жандын тагдыры бар маңдайда, Андан качып, кутулууга барбы айла? Баш ийебиз сыноолорго берилген, Башка өмүрдү баштаганга ал кайда... Кээ бир жандын эч ким билбес сыры бар, Көп күлгөндүн көздөрүндө муңу бар. Каршылашып жүрүп өтөт экенбиз, Көңүл сүйгөн сөз табалбай жылынар. Ыңаалайбыз бул жашоого гүл ачып, Өкчөйт өмүр өкүмүнө сынатып. Арман кылып, өксүп ыйлап, калышат, Адамдарда токтогондо убакыт. Мезгил санайт бетке салган бырышын, Билбейт эч ким акыркы дем чыгышын. Ажал гана саатын карап тууралайт, Ал келгенче жакшы сөз айт, сунушум. Ойно, жаша, күлгүн, сүйлөш, кайгыңды айт, Байкадың го, өмүр учуп, жай жылбайт. Ар мүнөттү жаркырата жашагын, Кеткен жандар кайра кайтып, кайрылбайт. Тагдыр деген, сенден кыйын, сенден шок, Кечээки күн мен мына деп келген жок. Унутулат мезгил сызып көп нерсе, Унутпагын бүгүн көргөн эртең жок.
@_______________________di_27373 жыл бұрын
😢💓чоон рахмат !
@АльфияТурдахунова9 күн бұрын
Рахмат сизге мен сиздин чыгармагызды угуп ойго батам ель озгорду
@ЗаирМаксутов Жыл бұрын
Бар бол иничек. Калемин курчуй берсин. Акылын тунук, зоболон бийик болсун. Бактылуу бол. Кудайым ден соолугунду берсин.
@ТумтакаСайнанай-п9е20 күн бұрын
Ата энени карабай басып жүргөн эки бутту жандарга дагы ыр жазыңызчы
@botcomputer5390 Жыл бұрын
Таамай айтылган создор!!! Кудайдан берилген талантынызга таазим!!! Ырларынызды жакшылыктар ээрчип турсун!!!
@ГулбараАтамбекова-и4т6 ай бұрын
Лайк аябай аз экен го жердештер колдоп койсок эмне болот эле.Ыры оор мааниси терен
@55аа-ь1ш5 ай бұрын
Аттин десен кандай туура саптар
@namazbekimanaliev4071 Жыл бұрын
Жакшы дос, жакшыкошуна жонундо ырларды кутобуз Мейли аз болсо дагы андай адамдар бар деп ишенебиз Тууган арасында да аз учурайт адамгерчиликтуу адамдар
@botcomputer53906 ай бұрын
Дайыма кун ачык болуп, чыгармачылыгыныз алдыга токтобостон жыла беришине тилектешпиз!!!
@akjolkenjekelgluulu9253 Жыл бұрын
Аллахым сизди колдосун,
@abdualimkylychbekov76633 жыл бұрын
Азыркы учурдун Байдылдасы Алыкулу десем жаңылбайм . Мен үчүн алардан да жогорусуз
@УсупбекТоктосунов-п2ъ Жыл бұрын
Азамат рахмат ичтеги сырларды кинодогудай жазыптыр.
@НазираБуйляшова-я7ж Жыл бұрын
Азамат.Талантына таазим.
@НазаровАйбек-й2ш3 жыл бұрын
Баракелде, мына чыныгы талант, бар бол, бактылуу бол !Сенин чыгармаларын туура журокко сайылат, Баракелле!
@РакияОторбаева2 жыл бұрын
Азаматсын Акбар!!! Талантын ташкындай берсин!!!
@ЭлмираЖаналиева Жыл бұрын
АЗАМАТСЫН ЖОНОКОЙ ЖАНА ЫЙМАНДУУСУН БАЙКАШЫМА КАРАГАНДА
@bilalbilalovich-pw4rg9 ай бұрын
Маашаллах 😊
@klashaklasha75303 жыл бұрын
Акбар иним дагы жаны ырларынды көөп жазчы. Жолдошум экөөбүз дайыма угуп турабыз. Чоон рахмат сага.
@user-lo6vb1bx1m Жыл бұрын
Азаматсыз, алгалай бериниз!💐
@Гулум-й6д3 жыл бұрын
Сонун ,браво👏жан дуйнон эсалат
@ainuraaalieva70933 жыл бұрын
Волшебно агай,сизди сыйлайбыз👏👏мыктысыз,Кудайым эки дүйнө бактылуу кылсын🙏🌸
@ДианаУрматбекова-ц7з3 жыл бұрын
Аябай мааниси тарбиясы улуу экен👍👍👍👍👍
@gulmairam32832 жыл бұрын
ТАЛАНТЫНА ТААЗИМ. АР БИР ЫРЛАРЫН КОЗУМДО ЖАШ МН ОКУЙМУН. АЛЛАХЫМ НАЗАРЫН САЛГАН БАЛА ЭКЕНСИН. МЫНДАН ААРЫ ДА ОМУРУНО ИЛИМИНЕ БЕРЕКЕ БЕРСИН.🤲
@larisabeishenalieva68172 жыл бұрын
Керемет сонун создор Акбар калемин курчуй берсин
@ГульмираШергазиева3 жыл бұрын
Азаматсыз Акбар иним .Калемиңиз дагы да курчуй берсин .Сизди урматтап сыйлап ,ырларыңызды сүйүп уккан .Гүлмира
@МадинаТолбаева-р1ь3 жыл бұрын
Ырларынызды Угуп Ыйладым Керемет
@erkabaevaanarkan48042 жыл бұрын
Сонун чыгарма экен дагы да жаны ырлар жаза бер ийгилик
@АбдибекКожобеков2 ай бұрын
Алла ыраазы болсун ата энене рахмат ото маанилуу тарбиялык мааниси ото терен ырлар экен ушул ырлардын китебин кайсыл жерден алсак болот
@ЮпитерТВ-з4щ3 жыл бұрын
*Журоко жете Турган ыр экен* *Акбар байке сиздин* *БИР КУН деген китебинизди* *таппай журом* 🤲🏻🤲🏻🌄🌄🌄🌄🌄