Казармандын көк бөрүчү жигиттерине арналат. *** Багынтып Кара-Шорону, Бакытка элин ороду. Алдырбай намыс башкага, Атаандаш жолун тороду. Даңаза кыла бергиле, Далайга Тогуз-Торону. *** Кубантып койду канчаны, Куттуктоо ырды айталы. Жетине албай турабыз, Жеңгенге Ала-Арчаны. Көрсөткөн эрдигиңерге, Көз тоюп кумар таркады. *** Азамат агам жетектеп, Ал чама, күчтү эсептеп. Биринчи келе жатабыз, Бир айлампа этектеп. Баарыбыз үмүт артабыз, Буйруса бирге жетет деп. *** Күчүнө эч ким теңдешпей, Күлүктөрүнө жел жетпей. Табына тулпар келеби? Таң ашырып тердетпей. Сап башына чыгабыз, Саяпкер болсо Эрмектей. *** Торнадо турду алкынып, Тайказан көздөй талпынып. Чимирсе Руслан куюндай, Чиркин ай карап балкыдык. Торнадо менен Русланың, Тарыхта калат айтылып. *** Жанболот, Мирлан, Сыймыктар, Жан сабап ойноп беришти. Учурун текке кетирбей, Улакты жерден эңишти. Көк жалдар барда силердей, Көрөбүз нечен жеңишти. *** Баатыр мүнөз эр жүрөк, Бакайды кыргыз эл билет. Канча эл ичтен сүйүндү, Кайрылып топко келди деп. Жемиштүү болот бул оюн, Жеңиштин туусу желбиреп. *** Омага Бакай жарашып, Ортону бербей талашып. Өзгөчө оюн көрсөттү, Өзүнө көптү каратып. Иничек эсен жүрө кой, Ийгиликтерди жаратып. *** Үкөм болот өзүмдүн, Үмөтбек уулу Улукбек. Сүрмө топко чыкканда, Сүйүнүп турдук Улук деп. Коркууну билбейт Казарман, Коргоочубуз дурус деп. *** Эраалы,Арген, Азамат, Эң кыйын балбан аталат, Асылбек менен Алини, Көргөндө көңүл тазарат. Жердештер үчүн жүрөгүм, Жетине албай жашарат. *** Эңкейип улак эңгиле, Ээ бербей баарын жеңгиле. Эр жигиттерге дем берип, Эл журтум бата бергиле. Буйруса Тогуз-Торого, Биринчи менен келгиле! *** Билекте каруу,ал болсун, Бир көргөн адам таң болсун. Жалпыңды сактап кырсыктан, Жараткан өзү жар болсун. Жеңишти бирге белгилеп, Жергемде күлкү, шаң болсун, Жылдызбек Төрөканов.
Ктр не буларды тоготпойт бекен, дагы кокбору онугот имиш,но
@user-rb5gm8tt7vАй бұрын
👍👍👍
@ArslanKudayberdiev-qh5pmАй бұрын
Ассалом алейкум Асыл аке биз алыстан коруп кутуп олтурабыз сиз суйлобой тартканыныз эмнеси
@MunaraKattoobekova-km1vuАй бұрын
😊
@DamirJoldoshovichАй бұрын
Эсеп канча ким билет
@user-tu6mg1jj4tАй бұрын
Качество жок
@user-eo1kp7sb7bАй бұрын
Гим эле шарактатып жатат мишайт кылып
@user-fl8dm4bd6jАй бұрын
Аларча каяктын командасы
@user-qd2sd8qz6vАй бұрын
Чуй
@user-vc5us6ct4nАй бұрын
КТРКспорт только комерчнский иштеп калганбы
@user-gr7kz9sy4lАй бұрын
КТРК СПОРТ ЧОН ОЮНДАРДАНДЫ ЭЛЕ ТАРТЫП АКТИВ ЧОГУЛТАТ 2 ЛИГАНЫ ДЕЛЕ ТАРТСА БОЛМОК НЕГИЗИ
@user-gw4hx2wc4eАй бұрын
Ала арча кай жактын командасы ким билет
@user-xn7ow5qg1eАй бұрын
Чуй
@danyararzykulov8493Ай бұрын
Кок бору спорт силердин колунардан келбегенден кийин, Ктрк спортко бербейсинерби ошолор тартсын эфирди. Алар оз ишин жакшы билет. Просмотр керек болуп кызганып, киргизбей жатасынар.
@user-bl6uq4ep5nАй бұрын
Аларды эч ким киргизбей койгон жок калаганы тарта беретта
@Altynbek-ld9gqАй бұрын
Сонун тартып берип жатат. Сен көрбөй эле кой жакпаса.
@staltursunaliev8704Ай бұрын
Көк бөрү спорт тарбаса сен кайдан кормөксүн тууган аябай еле акылдуусуңгө ктрка спорт акчага фулдбол тартып жүрөт КӨК БӨРҮГӨ Асыл акенин салымы тоодой чоң билип алгыла туугандар !!
@user-xn7yr5yu3lАй бұрын
Асылбек байкеге Алла ыраазы болсун жети дубандын баарына чагылдырып корсотуп берди сын айтпагыла
@danyararzykulov8493Ай бұрын
Асылбек байкенер Ким эле? Негизи футболдогудай тартса болот да. Мам телеканалдар тартса болотго. Улуктук оюнду жакшынакай кылып, салымдарды павтор кылып корсотсо жакшы да