Рет қаралды 8,804
Тоо мөңгүлөрүнүн эришине, экологиянын бузулуусуна байланыштуу жылдан жылга суу тартыштыгы күчөп, айыл чарбасында пайда табуу кыйын болуп бара жатат. Бирок дыйкандар сууну үнөмдүү иштетүү жана күн энергиясын оптималдуу пайдалануу менен атмосферага зыяндуу калдыктарды аз чыгарып, ошол эле учурда ийгиликке жетишип жатышат.
Белгилүү обончу, аткаруучу, композитор Абидин Темиров Чүй облусунун Жаңы-Жер аймагында аябай үнөмдүү күнөскана куруп, мол түшүм алууда. Ал 1 гектар күнөсканадан 100 тонна помидор, 150 тонна бадыраң алган.
Суроолор болсо +996772741008 телефонуна чалыңыздар.