Рет қаралды 197,903
Казакстандын Кордой районунда өткөн жуманын аягындагы тополоңдо 10 кишинин өмүрү кыйылды (13-февралда дагы бир кишинин сөөгү табылганы маалымдалды). Ал окуялар Казакстандын жаңы тарыхындагы эң кандуу улут аралык жаңжал болуп калды.Дуңгандар менен казактардын мушташынан чыккан кан төгүүдөн кандай сабак алыш керек? Казакстан же Кыргызстан болобу, көп улуттуу мамлекеттерде канткенде ушундай жаңжалдардын алдын алса болот? Аз улуттагылардын укуктары кагазда эмес, иш жүзүндө канчалык сакталат?