Рет қаралды 197
Астанада соттолуучулар өздөрүнүн акыркы сөзүн сүйлөштү. Кубандык Бишимбаевдин акыркы сөзү он беш мүнөттөй созулду. “ Калп канчалык коркунучтуу болсо, эл ага ошончолук тез ишенет”-деп Гитлердин сөзүнөн үзүндү келтирди . жана ошондой эле, Руханият тарабынан берилген сыноодон өтпөй калганын айтты. Ал өзүнүн коңур үнү менен ага коюлган айыпты мойнуна албастыгын билдирди.
Бишимбаевдин бардык үмүтү эми он “Сот арачыларынын” отурумунда гана калганын айтып , алар ага калыс, объективдүү, ырайымдуу, акыйкат өкүм чыгараарына ишенээрин билдирди. Ал массалык маалымат каражаттары аны каралап, ага басым жасап жатканын , ал каралоо төлөнүп жатканын айтты.
Эми эртең “Сот арачылары” өкүм чыгарышат.
“Сот арачылары” чечимди болгон фактыларга, Бишимбаевдин ишиндеги далилденген маалыматтарга карап калыс, кылган кылмышына татыктуу өкүм чыгарат деп ишенебиз.
Маалыматтар Астана Жогорку сотунун каналынан ,интернет ачык булактардан алынып которулду.
Кудуреттер дүйнөсү.