Рет қаралды 26,037
“Кайрымдуу бол” коомдук кайрымдуулук фонду азыркы күндө жардамга муктаж болуп келген жарандарыбызга кол сунуп жардам берип келет. Ал эми фонддун негизги багыты болуп жалгыз бойлуу энелерге, майып бир туугандарга ак өргө салып берүү болуп саналат. 2 жылдык тарыхы бар “Кайрымдуу бол” коомдук кайрымдуулук фонду буга чейин 15 ак өргөнү салып, ачкычын муктаж болгон жарандарыбызга берип кубандырып келген. Бүгүн дагы 16-ак өргөбүздүн ачкычын Тимур менен Жибек мекендешибизге тапшыруу үчүн эл чогултуп отурат.
“Кайрымдуу бол” коомдук кайрымдуулук фондуна Жибек Сагынбекова ак өргө салып бериңиздерчи деп эмес бир айга акчасын төлөп батир алып берсеңиздер энелик мээримимди төгүп алайын деп кайрылган. Мындай тагдырды укканда биздин фонд дароо каарылар үйүнө барып Тимур менен Жибекти чыгарып кеткен. Ал эми бүгүнкү күнү кайдыгер карабаган бирок аты жөнүн айттырбаган мекендешибиз ак өргө алып берип “Кайрымдуу бол” коомдук кайрымдуулук фонду менен бирге ак өргө тойун өткөзүп жатат!