КУМТӨР ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНУН ТУРГУНДАРЫНЫН ӨТҮНҮЧҮН ОРУНДАТТЫ

  Рет қаралды 89

Kumtor Gold

Kumtor Gold

Күн бұрын

Кумтөр ишканасынын жетекчиси Алмазбек Барыктабасов Барскоон айыл өкмөтүнүн коммуналдык кызматы үчүн сатылып алынган атайын техниканы тапшыруу аземине катышты.
Алмазбек Барыктабасов белгилегендей, буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таштанды чыгаруучу унаа сатып алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.
«Биздин компаниянын артыкчылыктуу багыттарынын бири жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу экенин эске алып, FAW маркасындагы таштанды ташуучу унааны сатып алууга 3 млн сом бөлүү чечими кабыл алынган. Эми таштандыларды чыгарууда кыйынчылыктар болбой, Барскоон айылы дагы да көркүнө чыгат деген ишеничтемин», - деди ал.
Эске сала кетсек, жүк көтөрүмдүүлүгү 8 метр кубду түзгөн таштанды ташуучу бул унаа 3 млн 668 миң сомго сатылып алынып, анын 668 миңин жергиликтүү тургундар өздөрү чогултушкан.
Ошондой эле Алмазбек Барыктабасов билимге умтулган элеттик жаштарга «Кумтөр Голд Компани» ар дайым колдоо көрсөтүп келгенин баса белгилеп:
«Балдар биздин келечегибиз экенин эске алып, Индонезия өлкөсүндө өтүүчү химия боюнча эл аралык олимпиадага жолдомо алган Балтабай айылынын 9-классынын окуучусу Атабек Бейшебаевге 112 миң сом бөлүп берүү чечими кабыл алынды. Жаш мекендешибизге ийгилик каалайм. Өлкөбүздүн намысын коргоп, желегибизди бийик желбиретээрине ишенем», - деди.
Мындан тышкары, «Кумтөр Голд Компани» тарабынан Барскоон айылынын Э.Кендирбаев атындагы орто мектебине 2 заманбап интерактивдүү смарт-панель сатып алууга 410 миң сом, Тамга айылындагы орто мектепке эки телевизор, 5 компьютер жана 3 ноутбук, түстүү принтер сатып алууга 480 миң сом бөлүндү. Ал эми Кызыл-Суу айылынын футболдук командасына форма, топ жана башка керектүү шаймандарды сатып алууга 118 миң сом берилди.

Пікірлер
Бузган мэр курганга жарайбы? / ЖеНиш Токторбаев / Мэр / Ош /
1:54:47
Ыдырыс Исаков - эркин журналист
Рет қаралды 56 М.
ССЫЛКА НА ИГРУ В КОММЕНТАХ #shorts
0:36
Паша Осадчий
Рет қаралды 8 МЛН
Алай: Неберемдим ДНКсы эки башка чыкты
17:42
Абдумалик Базарбаев
Рет қаралды 274 М.
Соң-Көл көлү - Рамсар конвенция/ тизмеси 2024
4:07
ОФ «ИСУР» / ISDS PF
Рет қаралды 1,1 М.
Оралда не болды? Абақтыдан Жәпішева шықты. - AzatNEWS | 04.02.2025
25:59
Azattyq TV - Азаттық - Азаттык
Рет қаралды 100 М.
Информбюро 03.02.2025 ТОЛЫҚ ШЫҒАРЫЛЫМ!
26:52
Информбюро 31
Рет қаралды 178 М.
ССЫЛКА НА ИГРУ В КОММЕНТАХ #shorts
0:36
Паша Осадчий
Рет қаралды 8 МЛН