Рет қаралды 1,602
Поэзия дүйнөсүнө салмактуу салымын кошкон Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айлында жарыкка келген. Ал кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган "Жылдыздарга саякат" поэмасында чеберчилик менен пайдаланган.
Жүз жылдар мындан кийин да,
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар,
Карыбас үчүн тырышат.
Жүз жылдар мындан кийин да,
Сүйүүлөр болот ушундай.
Үшүнтүп жерге жаз келип,
Үшүнтүп чыгат ушул ай.
Жүз жылдар мындан кийин да,
Дарактар желге ыргала.
Шуудурап турат үшүнтүп,
Биз жокпуз аттиң бир гана.