Түштүктүктөр "майли" десе күлөбүз, а бирок хорошо дегенге сүйүнөбүз. Эң туура маңкурт болуп калдык. Бул чындык. Дагы 20-30 жылда тилибиз жоголоруна жакындадык. Памирлик жана кытайлык кыргыздар сүйлөсө мазактайбыз. Алар бизде унутулган көп сөздөрдү кошуп сүйлөйт
@НурланНурлан-ф2рКүн бұрын
Негизи орустар тантык келет...анан громатный быз дешет
@Ton_YokukКүн бұрын
Тактап айтып коёюн. Түштүктө эч качан майли деп айткан эмес. Туурасы мәйли деп айтышат. Ә фонемасын кыргыз тилинен алып салуу бул дагы бир катачылык болгон. Бизге тиешеси жок ф, х, ц, в фонемаларын кошуп алышып биздин элибиздин 50% пайдаланган Ә фонемасын алып ташташкан.
@redmun97223 сағат бұрын
@@Ton_YokukАл тамга казак Жана татар бир туугандарда кездешет. Бизге караганда казак бир туугандар эне тили учун катуу курошкон. Союз кучундо турган кезде дагы.
@Nokio.122 сағат бұрын
Ошол силер аркалыктар орустар менен озунордун тилинерге адабий деген статус берип туштук создорду маргиналдаштырганга аракет кылгансынар. Ошондуктар кыргыз тили создорго кембагал, создору азырак келет. Эгер бут аймактын создорун бириксе абдан бай тил болмок
@Nokio.122 сағат бұрын
@@Ton_YokukЭчкачан дебей озундун айылына гана суйлой аласын. Кыргызда ичкиликтер майли деп суйлошот, уруу урууудан карап суйлогон создору айырмаланышат. Ош облусунда бир аймакта жайлашкан элдин создору айырмаланышат уруусуна карап, биринде майли, эде деп суйлосо конушулардын тили аркалыктарга жакынырак болгон тилде суйлошот
@МээримИмашкызы2 күн бұрын
Орус тилинин туткундугунан кутулуп, нукура кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн ушундай баяндамалардын кыргыз жаштары үчүн мааниси терең. Ишиңиздерге ийгилик! Кийинки баяндамаларды күтөбүз.
@ЧолпонИзмаилова3 күн бұрын
Мыкты баяндама болуптур!!!
@liraaskar61883 күн бұрын
Кыргыздар үчүн абдан пайдалуу маалыматтар экен, ишиңерге ийгилик каалайм!
@ulanusupov64902 күн бұрын
Эң сонун маалыматтар берилиптир. Сыртбай агай менен Мукарам эжеге терең ыраазычылык билдирем. Алфавитке жараша орфография, орфографияга жараша сабаттуулук! Андыктан, өзгөрө турган, өзгөртө турган учур келди. "Сингармонизм/үндөштүк закону түркий элдердин ичинде кыргыз эли эң байыркы эл экенин далилдеген эң негизги өзгөчөлүк" деп белгилешет түрколог илимпоздор. Уландысын чыдамсыздык менен күтөбүз. Ийгилик каалаймын, Чоробек мырза! Бар болуңуз!
@kgbi98622 күн бұрын
Мага өтө жакты азаматтар уучүбүз куру эмес экен өмүрүң өргө береке ишиңерге ийгилик. Силерден суранаарым азыркы замандын талабындагы технологияларды колдонгон учурда котормолор го эски КЫРГЫЗЧАСЫН киргизгенге салым кошкулачы туугандар. Сураныч реквизиттердин номерлерин чыгарып койгула, каалоочулар тыйындан топтосок деле сом болот тилибизге салым болсун ❤
@КызгалдакКуруш2 күн бұрын
Туура айтасыз Бир тууган,орусс бизди талкалаган,дагын,олоалбай жатып оруссча суйлоп сыймыктанабыз,тооба,
@aigul66403 күн бұрын
Тилибиздин тарыхы боюнча абдан кызыктуу тушундурмо. Кылдат изилдоонуз учун чон рахмат. Уландысын кутобуз!
@arzymamatovКүн бұрын
Баштаган иштериниздерге ийгилик!!! Ушинтип Кыргыз тилин жайылтышыбыз керек!!!
@Ton_YokukКүн бұрын
Жаңы серияларын күтөм. Бир дем менен көрдүм мен күткөн материал болуптур
@aelmurat2 күн бұрын
Азыркы кыргыздарга, дегеле борбор азиялыктарга, керектүү материал. Аң сезимди колониалдык кишенден чыгарууга салым кошо турган берүү болуптур. Ийгилик жана кийинки бөлүмдөрүн күтөбүз 🙌🏻
@tearet7412 күн бұрын
Чыгарбай эле кайта кирип атабызго
@GulyashaOrozalieva3 күн бұрын
Тура соз Кыргыз Тилди жоготпошубуз керек
@supataevaКүн бұрын
Азыркы учурдун эн маанилуу маеги болуптур. Колдойм 100 пайыз. Биз кыргыз эли оз тилибизду онуктурушубуз керек. Биз туура суйлой албай калсак дагы бизден кийинки урпактар туура суйлоп башташсын.
Азаматсыз! Кийинки чыгарылыштарын чыдамсыздык менен күтүп калабыз.
@ermekhan.izmailovaizmailov243 күн бұрын
Жакшы 👍👍
@dastanturatbek60382 сағат бұрын
Сонун чыгарылыш болуптур. Жакшы изилдениптир. Эмгегиңизге рахмат!
@НурланНурлан-ф2рКүн бұрын
Өркүндөй берсин Кыргыз тили....😊
@samatbaltabaev63532 күн бұрын
Ассаломалейкум бир туугандар. Абдан жакшы чыгарылыш болуптур. Ишиңизге ийгилик.
@aimgul1753 күн бұрын
Сингармонизм боюнча patinka ( ботинки) болмок турбайбы. Тилдин тарыхы да аябай кызык экен. Рахмат!!!
@steel-broslifestyle45252 күн бұрын
Батинке же патинке болмок
@БайзакАсылбекуулу-р4й3 күн бұрын
Мыкты!
@steel-broslifestyle45252 күн бұрын
Баракелде! Мыкты контент болуптур👍
@ФаридаЧониева-ш4м2 күн бұрын
Ушул сиздер айтып жаткан проблема,көбүнесе бизде кыргыздарда болуп жатат да. Жакынкы коңушу өлкөлөрдө өз тилдеринин көркүн чыгарып, кайсы улут менен сүйлөшсө да өз тилинде жеткире ойлорун түшүндүрүп,керек болсо сизди дагы ошол өзүнүн тилинде суроо берүүгө түрткөндөй таризде аракет кылышат. Өздүк эне тилинин баалуу экендигин баса көрсөтүшөт!
@СейиткасымАйтибаев3 күн бұрын
Айабай жакщы байан болуптур.
@Gymnastics715Күн бұрын
Баракелде, Чоробек мырза!!!!
@КасиетБеккулова-д8ы3 күн бұрын
Абдан туура,колдойм❤
@НурбилимЖурнал2 күн бұрын
Берүү сонун болуптур. Жаштарга ушуну айтыш керек экен.
@МырзаСапар2 күн бұрын
Менин көөдөнүмдү өйүгөн маселе эле…!!! Ишиңерге ийгилик!!!
@basqaca4 сағат бұрын
Ото сонун
@nurdina6332 күн бұрын
Алга Кыргызстан
@kulubekabdiev36842 күн бұрын
Кытайлык кыргыздар орус сөздөрүн кошпой таза сүйлөшөт.
@ВечныйСтранник-х7ш2 күн бұрын
Макоо. Кытайлык эмес Кызыл суулук
@ЖакшылыкЖумабеков-д5оСағат бұрын
Укмуш соонун чыгарыпсыз
@KutSagynbekov2 күн бұрын
Улут катары , мамилекет катары тилди жөнгө салыш керек.
@ЖыргалбекКасаболотов3 күн бұрын
Менимче эгер кириллицадан баш тарта турган болсок латын тамгасына эмес, байыркы кыргыз жазуусуна өтүшүбүз керек. Заманга ылайыктап чыгыш кыйын эмес. Ошол Орхон Энесай жазуусу гана чыныгы өзүбүздүн жазуу болуп саналат. Ал эми жазууну оозеки кепке толугу менен баш ийдириш керек.
@barbolkanatbekov2824Күн бұрын
Эң туура маселелер айтылыптыр ❤
@basqaca4 сағат бұрын
Өтө жакшы инициатива! Кантип миң лайк басса болот?
@DoolatbekNazarbekov21 сағат бұрын
Айрыкча түндүктүк туугандар орусташып кетишти, кыргыз тили айылдарды кеңири колдонулат азыр,Оштуктар м-н Баткендиктерди маскарлабай түндүктүк туугандар кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылгыла бир туугандарым.👌😊🤝
@ВенераКалдыбаева-ф6фКүн бұрын
Диалект сөздөрдү жээригенди токтотушубуз керек! Кыргыз тилин жакырлантып, кең лексиконду тарытып жатабыз😢
@Abdulla-v7u2 күн бұрын
Орус тилин конституциядан алыш керек. Орус бийлиги буга ачык эле каршы болуп атпайбы. Эркин мамлекет болуш учун конституциядан орус тилин алалы манкурт болбой
@manasshukuraliev57353 сағат бұрын
Эне тилимди сүйөм! Кыргыз тилинде сүйлөйм!
@Seuol8753 күн бұрын
👍👍👍👍
@kulubekabdiev36842 күн бұрын
Касым Тыныстановдун эмгектерин чыгарыш керек. Бул байкебиз кыргыз тилин таза сүйлөбөй орусча сөздү көп кошуп сүйлөйт экен.
@БиримкулТурпанбеков2 күн бұрын
Эң мыкты
@ИванИванович-щ4б2 күн бұрын
Кыргыз тилинин тазалыгын сактайлы
@stiveyserman14262 күн бұрын
Жакшы, бирок бул просести качан баштайбыз ? Bashtoochu mezgil keldi .
@Элсөздүк2 күн бұрын
Ушунун өзү деле башталышы го...
@Ncat_tengri-karakychkach11 сағат бұрын
Maga dagi kizik bolup atat
@Ncat_tengri-karakychkach11 сағат бұрын
Elsozduk, eğer siz baykasañiz. Anda kanday özgörüülördü baykadıñız?
@sapartmedia89942 күн бұрын
1937-1938-жж. Ата-балаларыбыз менен кошо кыргыз тили дагы атылып кеткен экен.
@ИванИванович-щ4б2 күн бұрын
👍👍👍 катталдым
@kgbasmach2 күн бұрын
Колониялдык аң сезимден куттула албай калдык деп кетти Мукарам эжебиз. Бирок ошол эле мезгилде башка СССР ге кирген республикаларда андай маселелер жок эсеби. Мисалы Грузия, Азербайжан, Армения, Прибалтика өлкөлөрүндө өз алфаттерин колдонуп, орусташпай эле жашап келиштиго. Демек маселе орустарда эмес. Россия анан СССРдин курамына киргенде кыргыздын ошол этаптагы болгон деңгээли деп ойлоймун.
@KutSagynbekov2 күн бұрын
Кыргыз тили сүйлөнбөй калды. Бокбай чотпай сөздөрдү эле кичине колдонобуз.
@88Kl5142 күн бұрын
Азыр деле кытайлык кыргыздар араб-уйгур тил менен жазып колдонуп эне тилин жакшы сакташты, балким ошол жакта колдогон эрежелер менен Тыныстановдын китебин колдонуп жаңы жаратса болбойбу?
@БрюсУэйн-у8к2 күн бұрын
Азыркы маңкурттар муну түшүнбөйт. Орускулдар
@МыктыбекЕшмаматович15 сағат бұрын
Ишиңерге ийгилик!!! Ойлонолу Кыргыз эли !!! Эртен атың кии десе лаяк гугу какаку пак гук деп жүрбөйлү!
@Турарбек-ь6ц22 сағат бұрын
Тез тез чыгып тур туура жакшы иш онололу
@KanybekKadyrkulov-k4e2 күн бұрын
Туура дөкөбүр эле туура мага ушундай айткан жеңил болуп жатат
@Jibek-969Күн бұрын
Декабрь- Кыргызча ай аттары боюнча карасак “Бештин айы” болот. “Жалган куран ,чын куран үчтүн айы,бирдин айы”дегендер Кыргызча ай аттарынын аталышы болот.
@НурбилимЖурнал2 күн бұрын
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун мурунку ректору, профессор Аширалиев агайдын эмгектеринде ё, ю, я, е тамагалары колдонулбайт. Ушу агайдан да интервью алсанар көп маалыматтарды айтмак. Агай өзү техника илимдеринин доктору. Бирок, кыргыз тилин, санжыраны, ж.б. маалыматтарды мыкты билген агай.
@Джантайхан2 күн бұрын
Илгерки тамгаларды киргизиш керек
@steel-broslifestyle45252 күн бұрын
Сингармонизм - үндүүлөрдүн ээрчишүү мыйзамы.
@user-uk4bk6hr000Күн бұрын
Бизде Гүрөңов дегендер бар. Аларды орустар биздин алфавитте "ү", "ө" деген тамга жок деп Гуронов деп жазып коюшкан экен. Чон атасы кара торо киши болгонбу , чон чон атасы Гүрөң деп койгон экен. Гүрөңов деген киши өзү тээ 1988-жылы айтып берген.
@ulanbek808Күн бұрын
KYRGYZ ALGA! 🇰🇬
@saraikramova872Күн бұрын
👍👍👍
@BatKabar12 сағат бұрын
Айу деп жазып алып мен 2 алгам убагында😅😅
@yrysbeksuyorkuluulu2 күн бұрын
Орус тилине негизи бойкот кылыш керек
@Bakytbaikachkaev2 күн бұрын
Кыргыз тилинин ынгайын жоготпош керек ,ё ,ю,я, в,х ,ь,ъ деген тамгалар жок болчу ,Москва -Маскоо ,аюу -айу ,самовар-самоор .Якут сахалар орус тилинен келген создорду озулорунун ынгайы менен жазышкан .....
@sulisultanbaytairov710123 сағат бұрын
Патинке , мака,думбул гангирбаш, пасилка ,памилдари,..ж.б коп созду Баткенден табасынар.
@Maksat-k9eКүн бұрын
🔥🔥🔥🔥
@kgbasmach2 күн бұрын
Андан тышкары мисалы Мамат же Мамбет дебей Мухаммед, Аалы эмес Али деп жазып калды азыркы мезгилде. Ошого көз караштары кандай экен биздин тил окумуштуулардын?
@kg-xv6ke2 күн бұрын
Тилибизге каршы саясат баштала элек учурда аталарыбыз сонун эле сүйлөшкөн. Мисалы орусча сөздөрдү "Мөскөө, Иленин, Ысталин, Пурунзе, керебет, чиркөө, купайке, семент, аптабагзал, пойуз, аптобуз, байтоо, Баргана, (Фергана). Айта берсек көп сөз. Эң өкүнүчтүүсү азыр ушул сөздөрдү колдонсоң сени сабатсыз, караңгы адам катары көрүп мурдун чүйрүшөт. Мына бул манкурттук эмей эмине!?
@kg-xv6ke2 күн бұрын
33 жылда оңдой албаган айып өзүбүздүн атка минерлерде. Мисалы менин да атамдын аты орусча жазылып калган аны туурулайын десең өлгөн атаң тирилип келиш керек экен. Ушул кантип болсун 😢 Эми менин паспортума карап балдарымдын фамилиясы орустун жазган аты менен баратат.
@Элсөздүк2 күн бұрын
☹️
@kg-xv6ke2 күн бұрын
@@Элсөздүк ушул маселени аягына чейин көтөрүп С. Жапаровго жеткизсеңиз жакшы болот эле. Жаңылбасам кечээ жакында эле 17-декабрда мыйзам кабыл алышыптыр "теги" "дан"дын" деген фамилия жаздырса болот деп. Мисалга; Дүйшөнов Нурсултан Акматович- болсо. "Дүйшөнтеги Нурсултан Акматтын" Кыз бала болсо "Акматтан". Бул жакшы нерсе ошого кошо орусча жазылган аттарды да оңдоп алууга мүмкүндүк кылып берсе сонун болмок.
@user-uk4bk6hr000Күн бұрын
Бизде коп эски аттар бурмаланган . Бүбүсара-Бибисара, Бубусара, Өмүр-Омур, Умер болуп. Орозгелдиев-Уразгельдяев болуп.
@ElizaSuiorkulovaКүн бұрын
Менда аябай ойлонуп жүргөм биздин алфавит орустуку эмес Кытайдагы кыргыздардын араб же бардык түрк элине бир алфавит латынды иштетели..
@AdiletAsqarbek2 күн бұрын
Caqşı, mañızduu bir çeti cüröktü öyütkön çığarılış boluptur.
@АрстанЖолборсов-щ3п13 сағат бұрын
28:37
@TaalaybekJumagulovКүн бұрын
Всё всё,хорошо хорошо, ладно давай братан деген создор бизде приживаться этип калды короче.
@ШАзимбаевКүн бұрын
Балдарды кыргызчыл кылып тарбия бермейин - ушундай кынтыктар табыла берет. Өзүбүздү - өзүбүз күзгүдөн карагандай, ондоп-туздоп барсак эле, акыр-аягы жакшы болот.
@jazel68703 күн бұрын
😭😭😓😢😥😱😱🤗🤗🤗👍👍👍🙏🏻🇰🇬🇰🇬
@DhkcjtdКүн бұрын
Убакыттын өтүшү м-н коом жаңырат муун алмашат, кыргызча сүйлөмөк тургай, а түгүл кыпкыргызча уккусу келбеген тили дили буруу тил безерлер пайда болот... Кыргызстанда аралаш көп тилдүү мектептерде окуп жатышат улутка өтө чоң коркунуч бул аралаш көп тилдүү бала бакча мектептер.... Убакыттын өтүшү м-н аралаш көп тилдүү улут деген сөз ат наам м-н аталып жазылып калышы толук мүмкүн 🤔
@tolumbektokonov2322 күн бұрын
Ушул баланын айткандарын кулагыңарга угуп алгыла
@basqaca4 сағат бұрын
Менден жазылуу, актив жана комментарийлер, сизден болсо сапаттуу контент!
@sulisultanbaytairov710123 сағат бұрын
Узбектер туура кылды ,...анкоо эле биз .
@ГульнараМедеровнаКүн бұрын
Кайран кыргыз тил мин жылдарды карыткан, акыркы жуз жылда абдан тебеленип тепселди! Орустар тарабынан. Акыркы 30 жылдан бери кыргыз озу эне тилин жээрип келе жатат! Кудай уруп чон ата- чон апалар, ана - энелер неберелерине, балдарына внгайлуу болсун деп алар менен чулдурар орусча суйлошот! Кыргыз тил тиричиликтин эле тили болуп бара жатат! Адабий кыргыз тилде суйлогондор жок эсе!
@Байтемир-н9чКүн бұрын
😢😢😢😢😢
@Mark-w6q2e2 күн бұрын
Маңкурттуктан кутула алмак тургай, дагы тереңдеп түшүп кеттик
@Элсөздүк2 күн бұрын
😞
@Азимбек9815 сағат бұрын
😢
@KanybekKadyrkulov-k4e2 күн бұрын
Геребет деп эле которуп койбойлубу
@DilnazRatbekkyzy-xk2qgСағат бұрын
Йоттошкон торус тамгасын азыр колдонбой койсо болбойбу ким тосколдук кылып жатаат.
@Ncat_tengri-karakychkach13 сағат бұрын
Бул проэктини колдоо керек
@ilimКүн бұрын
Адабий тилде жок сөздөрдү орус тилинен албай: "диалектиден" алсак болот. Мисалы: мешок-чыпта, кап, слива-кайнолу, черешня-гилас ж.б.у.с.
@AdilettttКүн бұрын
Менин жан дүйнөмдү өйкөгөн маселе көтөрүлүптүр. Чоробек байке эмнеге гүлдөн башка бүт сөздөр "К" менен жазылып калган. Мисалы: Гөз, гөл, гөгүжгөн, гүрөң, гүн, гүндүз, гиндиг, гемпир ж.б.у.с?
@ericermakov771Күн бұрын
Бул түштук менен түндүктүн тилдерин жакындатуу максатында жасалган болушу керек. Түндүктө гим, гөз, гөл, гөпөлөк, гетпе деп айтылат, а түштүктө ким, күкүрт, кет, күрөң, кел, көз деп сүйлөшөт. Айтылышын түндүктөн, а жазылышын түштүктөн деп консенсуска келишкен болушу керек
@AtashkaAtashka-sq3ch2 күн бұрын
Кыргызча "Рахмат" деп кантип айтасыз?
@ЭлсөздүкКүн бұрын
Алкыш!
@AtashkaAtashka-sq3chКүн бұрын
@@Элсөздүк Справедливость чы?
@ElizaSuiorkulovaКүн бұрын
Ыракмат
@navigatorkg40062 күн бұрын
Кыргыз адабий тилин Константин Юдахин деген окумуштуу киши жазганбы?
@Элсөздүк2 күн бұрын
Кийинки серияларыбызда Юдахин сөздүк жөнүндө дагы кеңири айтып беребиз.
@Jibek-969Күн бұрын
@@ЭлсөздүкБатыраак чыгарыңыздарчы, күтөм!!!
@account1128117 сағат бұрын
Жашоо ушундай. Тил башка тилдин создору менен калыптанат. Орустардын оздорундо деле турк создору коп- "деньги, жемчуг, кулак, богатырь, хозяин, боярин, лошадь". Азыркы заманда орус тилиндеги англис создорун айтпай эле коеюн -"чилить, кринж, трэш, вайб, фикс, мэйкап". Англис тилинде француз создор абдан коп. Жапон тилинде англис создор коп. Турктордо араб, фарс создору коп. Ошондуктан турктор менен суйлошо келгенде жарымынын кобун тушунбойсун. Эл кайсы созду колдонушун озу тандайт. Союз убагында, орустардын башкаруусунда кыргыздар азыркыга караганда орусчаны начар билишчу. Азыр эгемендуулукту алганда деле орусчаны жакшыраак билебиз. Анткени телевидение, интернет бут эле орусча. Орусчаны билген, созун колдонгон жаман эмес, орус тилин кыргыз тилинен жогору койгон жаман. Тилеке каршы Орто Азияда тилге ушундай мамиле кылган жалгыз элбиз. Казактар, озгочо озбектер оз тилин сыйлашат.
@DilnazRatbekkyzy-xk2qgСағат бұрын
Оз тилин сакташ учун кошуналар латын алфавитине отуп жатышат аа биз журобуз акча жок деп коюп биротоло енесай кыргыз арибине отсок деле сонун болмок.
@turatalybaev966Күн бұрын
көптөр биле беришпейт - көпчүлүк биле беришпейт.
@Ton_YokukКүн бұрын
Балким каналдын аталышын "Эл-Сөздүк" деп өзгөртүп коёрсуздар
@AdiletAsqarbek2 күн бұрын
Uçurdağı atqa minerler aqılı bolso oylonuşaar...
@KanybekKadyrkulov-k4e2 күн бұрын
Чын эле Кыргыз тилин бузуп жатыптыр орус акылмандары
@ШАзимбаевКүн бұрын
Кыргыздын бүгүнкү түшүнүгү - манкурттук деңгээлге жеткен. Муну мен ,, орусча сүйлөө - маданияттуулук " дегендери менен түшүндүрөор элем.
@ilimКүн бұрын
Аптанын аталыштарын кыргызча айтса болбойбу, биринчи күн экинчи күн деп, тажикче айтпай?
@nomadDonyabd2 күн бұрын
Эл сөздүкбү же Эл создукбу?! Ютуб Каналдын аталышынан баштасак...
@Est-west98music20 сағат бұрын
Менин көксөөм болгон теманы козгоптурсуз уландысын күтөм. Анан бизге эне тилге күйгөн патриот бийликчил адам жок. Бары орус саясатына гөзгаранды
@Ncat_tengri-karakychkach13 сағат бұрын
Бул нерсени карап чыгуу зарыл, себеби сингармонизм бул маанилүү, ушул нерсе менен тилибиз кете берет антпесе
@БаткенБаткенский-и6сКүн бұрын
Азыр еч убакытта таза улуттук тил болбойт. Кандай болбосун, болок тилдер аралашат. Мисалы, машина, трактор, автомобиль.
@Jibek-969Күн бұрын
Машина -машине ,автомобиль-автоунаа болот. Үчүнчү сөз боюнча маалымат карап көрүш керек, билбейт экем. Башка жактан кирген сөздөр кыргыз тилинин айтылуу эрежесине (үндөшүү, сингармонизм) ылайыкташып кириш керек. Мына ошондо гана тилибиздин тамырын сактап калган болобуз! Трактор- Трактыр ушул көрсөтүүдө бул боюнча айтылган экен.
@БаткенБаткенский-и6сКүн бұрын
@Jibek-969 "машине"кыргыз тилинен аместа, туурабы?? Ошондой еле, заманбап терминдер которулбайтко. Компьютер кантип которулат??
@Jibek-96922 сағат бұрын
@@БаткенБаткенский-и6сComputer-англис тилиндеги сөз. Орус тилине компЬютер болуп кирген. (негизги тилде computer- айтылганда кОмпюте’р деп айтылат. Орус тилинин эрежесине ылайык КАмпьютер деп айтылат. )Башкача айтканда англис тилиндеги сөз орус тилине (орус тилининин эрежеси менен) кирген. Орус тилинен өзгөрүүсүз кыргыз тилине кирген болуп калат.
@Jibek-96922 сағат бұрын
@@БаткенБаткенский-и6сКыргыз тилинде унаа деген сөздү уккам. “Аместа” деген сөздү уккан эмес экенмин!