Рет қаралды 19,502
КЫСКАЧА ТАРЫХЫ
Кыргызстан Ислам университети - Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдында Ислам дининин баалуулуктарын жана шарият өкүмдөрүн илимий негизде үйрөткөн жогорку окуу жай.
1990-жылдардын башында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Кимсанбай ажы Абдрахманов Бишкек шаарында Ислам медресесин ачуу демилгесин көтөрүп чыккан. Ошентип, 1991-жылдын башында Бишкек шаарында Азирети Умар атындагы Ислам медресеси ачылган.
Аталган медресе 1993-жылы Азирети Умар атындагы Ислам институтуна айланган. Өлкөбүздөгү мусулман коомчулугунун арасында белгилүү абройго жетише алган институт 2003-жылы Кыргызстан Ислам университети деп аталды.
Азыркы учурда университетте 80 ден ашуун мугалим эмгектенип, өлкөбүздүн ар кайсыл аймагынан жана чет өлкөлөрдөн келген 1000 ден ашуун студент билим алууда. Учурда
2017-жылы Теология адистиги боюнча жана 2018-жылы Араб филологиясы адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясы берилди. Учурда Гуманитардык билим берүү факультетинин алдында Теология, Табияттык-гуманитардык сабактар, Араб филологиясы кафедралары мамлекеттик стандарттын негизинде иш алып барууда. Ошондой эле шарият кафедрасы, Бишкек Кыз Куран курсу, Ош Кыз Куран курсу жана Ош Куран борбору ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан нукура, орто динди карманган, диний адистерди даярдоодо.
Кыргызстан Ислам университети бүгүнкү күнгө чейин диний-адабий жана илимий багытта 30 дан ашуун китеп чыгарууга жетишти жана ошондой эле элибиздин китеп окуу маданиятын өнүктүрүү максатында 15 жылдан бери республикалык деңгээлде китеп окуу конкурстарын уюштуруп келет. Оболу баш байге ажы, умрага жолдомо болсо, азыркы күндө 2 бөлмөлүү батирге дейре жетти. Адат болуп калгандай эле окуу жайыбыздын жетекчилиги тарабынан жыл сайын орозо айында “Рамазан чатыры” уюштурулууда. Ректорубуз Абдишүкүр ажы Нарматовдун демилгеси менен окуу жайыбызга заманбап футбол аянтчасы курулду жана Тунгуч кичи районуна атайын кыздар үчүн окуу имараты ачылды.
Быйыл Кыргызстан Ислам университети гуманитардык билимдер факульетинин «теология» адистиги боюнча аккредитациядан ийгиликтүү өттү.
Кыргызстандагы диний окуу жайлардын флагманы болгон Кыргызстан Ислам университети Ислам тармагындагы жогорку билимдүү кызматкерлерди, дасыккан адистерди даярдап келүүдө. Университеттин бүтүрүүчүлөрү дин тармагындагы бардык жааттарда, ошондой эле ЖОЖдордо, элчиликтерде да алгылыктуу иштеп, диний үгүт-насаат иштерин жүргүзүүдө. Ислам маданиятын, элдик нукура каада-салтты жайылтууда, эл ынтымагы, илим-билимдин жайылуусуна окуу жайыбыз зор салым кошуп келүүдө.