Кыргызстандын эң алыскы Зардалы айылы интернетке туташтырылды

  Рет қаралды 5,942

Kyrgyztoday kg Кыргызстан бүгүн

Kyrgyztoday kg Кыргызстан бүгүн

Жыл бұрын

Баткен облусунун тоо боорундагы алыскы Зардалы айылына интернет орнотулду. Аны Кыргыз Интернет Коому ишке ашырып, уюмдун инженери Ибрахим Халил Билгич бир нече күн-түндүк эмгектенүүдөн кийин «Зардалыда интернет абдан жакшы ылдамдыкта иштеп жатат, жергиликтүүлөрдүн кубанычында чек жок» деп билдирди.
Зардалы Кыргызстандын эң алыскы Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Айылдын кышы абдан катаал, электр жарыгы жок экенинен сырткары, эч кандай логистикалык жолдорго байланышпаган, башка айылдар менен туташтырган жалгыз кууш жана таштак жолду жыл сайын бир нече ирет сел алат. Мындайда Зардалынын тургундары байланышсыз калып, өзгөчө кырдаал учурунда медициналык жардамга жете албай, кээде аялдар төрөтканага жетпей жолдон көз жарган окуялар катталып турат.
UNICEFтин GIGA Accelerate долбоорунун алкагында Кыргыз Интернет коому Зардалыда алгач күн панелин орнотуп, ал айылдын чакан мектебин электр жарыгы менен да камсыз кылып жатат. Бул окуучулардын райондук же шаардык мектептер, мекемелер менен байланышта болуп, сапаттуу, заманбап билим алуусуна өбөлгө түзөт. Андан сырткары, бүт айылды, керек болсо кошуна айылдарга чейин электр жарыгы менен камсыз кыла алат. Ошондой эле түрдүү кырдаалда райондук борбор менен түз байланышта боло алышат.
Бул аркылуу Кыргыз Интернет Коому UNICEFтин GIGA Accelerate долбоорунун алкагында Жашыл экономиканы колдонуп, мектептерге электр жарыгын, интернетти туташтырып, туруктуу өнүгүүнүн жаңы моделине аракет жасоодо.
Project Connect берген маалыматка ылайык, Кыргызстандагы 2080 мектептин 2061и интернетке кошулган жана мектептердин бир пайызы гана интернетсиз отурат. Ушул бир пайызга кирген мектептердин көбү Зардалы сыяктуу жетүүгө оңой болбогон аймактарда, Кызыл-Ой жана Эңилчек сыяктуу алыскы жана тоолуу айылдарда жайгашкан.
Биз жергиликтүү акимиатка, чек ара кызматына, UNICEF уюмуна жана Интернет коомунун (ISOC) Башкы кеңсесине ыраазычылык билдиребиз.

Пікірлер: 12
@svetluchik3461
@svetluchik3461 Жыл бұрын
Аллахым Озу Ыраазы болсун!!!. Жигиттерге Аллахым Куч Кубат берсин,Мамлекетибиз Онугуп Оссун,...Чек арачылар бар Биз тынч уктайбыз, Аллахым Озу КОЛДОСУН!!!....
@user-vb7nc6sr7r
@user-vb7nc6sr7r Жыл бұрын
Кудайга чексиз шугурлор.болсун.Зардалы Элин Ким колосо Аны Кудай колдосун
@azizaotorbaeva3373
@azizaotorbaeva3373 Жыл бұрын
Айылдын жанында чоң суу агат экен мини ГЭС салса болбойбу
@svetluchik3461
@svetluchik3461 Жыл бұрын
Кичи ГЕС курганга..Окмоттун оту куюлуп калган....Жергиликтуу Элдер аракет Кылса болсо керек????..
@user-yh9nr7gg4v
@user-yh9nr7gg4v 29 күн бұрын
Ма ша Аллах👍🇰🇬
@user-yx4ig6nc4i
@user-yx4ig6nc4i Жыл бұрын
Ал жерда кыргызстанда жолун асфалт кылып маршрутка каттамдарды жургузуп бардык шартын кылып бериши керек окмотубуз
@user-ug7st6iy6j
@user-ug7st6iy6j Жыл бұрын
Эээй тууган сен баргансынбы алжака билгенинда билбегенин да жазабересинерби , мен айтмакмын Кыргыздар неге тоого качаберебиз туш центрге озунду кыйнабай , Баткеде жер кенири ..
@user-yx4ig6nc4i
@user-yx4ig6nc4i Жыл бұрын
@@user-ug7st6iy6j сентирде бок барбы баарын сентирге кача берип баткенден тажик талап алып келип ататго жеринди .ал жердегилердин туулган жери зардаалы эчжака таштап кетпейт .туулган жердин топурагы алтын дейт .силерге окшогон туулган жердин кадырын билбегендер журо берет сентирге тушуш керек деп туулган жерин сатып тажике
@aziret7509
@aziret7509 Жыл бұрын
Назар сулайманкулов сен тууган жердин топурагы алтын дейт ошону билесинби.Аны тушунгондор билет ошон учун аска зоо мн болсо да каттап жашап атат
@user-ug7st6iy6j
@user-ug7st6iy6j Жыл бұрын
@@aziret7509анда журо берсиндер тоодон того отуп , центр жерлерде озбектер бизнести кылып баайып журот биздикилер того качат .озубуздо айып, мен деле ата бабам жашаган жердеп журоберсем болбойтта Кыргызстан 🇰🇬 менин жарим деп жашайбер анСыздале башка улутар жашапжатат.
@sabirovmanasbek4460
@sabirovmanasbek4460 Жыл бұрын
Ал жерге барын кылса болот бирок ош нерсени шарда и башка райодо кылбайт ал жерге такыр жасабайт ал жердин тарыхы кучту Ал айылдын ел болбогондо 99 жыл авгадар басып жок болмок Баткен шары
@mms3556
@mms3556 Ай бұрын
Садыр Жапаров мн Акылбек Жапаров жакшы иштеп атышат. Ошолор конул буруп Зардалыга конул бурула баштады.
Электр жарыгы жок, илбирси көп Зардалы
9:31
Which one is the best? #katebrush #shorts
00:12
Kate Brush
Рет қаралды 21 МЛН
TRY NOT TO LAUGH 😂
00:56
Feinxy
Рет қаралды 13 МЛН
1🥺🎉 #thankyou
00:29
はじめしゃちょー(hajime)
Рет қаралды 84 МЛН
ЗАРДАЛЫ АЙЫЛЫНА ЧЕЙИН БИР ТИЛКЕЛҮҮ ЖОЛ САЛЫНАТ
3:10
Кайык менен каттаган айыл
35:05
Азаттык
Рет қаралды 923 М.
КЫШТУТ АЙЫЛЫ
22:16
БАТКЕН УТРК
Рет қаралды 14 М.
Тарыхка бай Зардалы
9:32
Nurgazy ZHAINAKOV
Рет қаралды 19 М.
Which one is the best? #katebrush #shorts
00:12
Kate Brush
Рет қаралды 21 МЛН