Рет қаралды 126,004
1-декабрь күнү Кыргыз Улуттук Драма театрында "Кыз-Бурак" тобунун 40 жылдык юбилейлик концерти өттү. Концертке алып баруучулук милдетти Женишбек Айтиев Лютфилла Бусурманкул уулу колго алышты. Алгач көрүүчүлөргө "Кыз-Бурак" тобунун тарыхын чагылдырган видео көрсөтүлдү. Андан соң топ түптөлгөндөн берки ырчылардан тартып, азыркы курамдагыларга чейин обон созушту. Кезинде "Кыз-Бурак" тобу музыкалык аспапта ойноп, жандуу ырдаган кыздары менен таанылып, өзгөчөлөнчү эмес беле. Топтун улуу муундагы ырчыларынын ырларды жандуу аткаруусу өткөн кезди эске салды. Ошондой эле топтон чыккан Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова, Асел Касымова, Айпери Сыдыкова, Жумагүл Райымжан кызы жана башкалар юбилей концертти көрккө бөлөштү.
Каналга катталып лайкты аянбай басып коммент жазып коюнуз.
©m studio