Рет қаралды 451,808
#ЭлмирбекИманалиев #Айтыш #ТөкмөАкын #АйзураИманалиева #СезимИманалиева
Алп акын Элмирбек Иманалиев былтыр 20-апрель күнү дүйнө салган. Жыл айланып, акындын ашы борборубуздагы той каналардын биринде өткөрүлдү.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.