Рет қаралды 5,225
Лейлек районунун Арка аймагында приция сортундагы өрүктөр быша баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасына Лейлектин Жаштык айлынын тургуну Миңжигит Саттаров билдирди.
Ал приция сортундагы өрүктүн көчөттөрүн 3 жыл мурда Түркиядан алып келген. Көчөттөр 3 гектардай жерге отургузулган.
Быйыл алгачкы түшүмүн бере баштады. Ар бир көчөт 2-3 килограммга чейин түшүм берип жатат.