Рет қаралды 40,256
Сонун, керемет сөздөрдү, тилегин таң эртең жиберип турар эле. Съемкадан улам жооп берүүгө жетишпей калсам, "Кабыл болсун!" деп кой эч болбосо деп урушчу. Жооп жаза албаганым үчүн далай тил уктум, далай кечирим сурадым. Акыркы жолукканыбызда менден төкмө акын чыгарып, айтышка салмак. Аны элестетип алып каткырдык эле. "Келип тур!" деген. Келмек түгүл, жазганга чама тапкан жокмун. Тирүүлөрдүн шылтоосу ушул. Бири бирибизге убактыбыз жок. Акыркы күндөрү кайра - кайра эсиме түшүп аткан. Эмнеге жазып, акыбалын сурабадым экен. Агам менин, дагы бир ирет кечирип коюңуз. Жараткан, мээримин төксүн! Сиздей улуу талантка бейишинен орун берсин! #naziraaytbekova,#маек,#интервью,#назираайтбекова,