Элмирбек Иманалиев бул ырды кимге арнап ырдаган? "Коштошуу вальсы"

  Рет қаралды 892,277

BulBul

BulBul

Жыл бұрын

"Коштошуу вальсы"
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Х. Азиреткуловдуку
Аткарат: Элмирбек Иманалиев
Көңүлүм байланабы?
Көзгө жаш айланабы?
Колуңду коё бербей,
Кош дедим кайра дагы…
Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топ таштай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Айтпадым намыс барын,
Акырын алыстадым.
Капарга алганың жок,
Кабыргам кайышканын.
Кайгырып шашылбадым,
Кайтчы деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Кайгырып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Шурудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Күймөлүп басып араң,
Күн менен батып барам.
Күн чыгат кайра-кайра,
Мен чыкпайм, жашып барам.
Күймөлүп шашылбадым,
Күтчү деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Пікірлер: 851
@malikaorozalieva6297
@malikaorozalieva6297 2 ай бұрын
Элмирбекке 3 эркек тороп берген Нурзатка кудайым омур берип балдары менен бактылуу жашасын.Элмирбекке татыктуу ажарлуу акылдуу жан экенсин
@ErkinaAlymbaeva-ji2cy
@ErkinaAlymbaeva-ji2cy 2 ай бұрын
ЫраматылыкЭлмирбек мырзанын жубайды Нурзвтка ыраазычылык акыркы жылдарында баарын тен болушкон.Бар болунуз Нурзвт айым
@user-ox7rr7mq1h
@user-ox7rr7mq1h 3 ай бұрын
Нурзат жубайы туруктуу экен Алла разы болсун. сиздей гана аял татыктуу Элмирбек Иманалиевге. Сиз татыктуусуз Иманалиевке
@aishacherikchieva6009
@aishacherikchieva6009 Жыл бұрын
Балдарынын багына Нурзат аман болсун, жамандын жары болгуча, жакшынын жесири болгон жакшы, сен Элмирди бактылуу кылдын, сага да кудай бак берсин.
@user-he8pb7qm1m
@user-he8pb7qm1m 11 ай бұрын
Туура корболуп жургончо жакшынын
@user-bh6mc6zj2p
@user-bh6mc6zj2p 5 ай бұрын
ушундай ширин уул кызды тороп берген жубайы Нурзат сулуу акылдуу айым екен баарынан да ушундай кыйын адамга уул тороп аты очпой калганына мин калаа шугур бактылуу бол алтын кыз
@aizadapirimkula1230
@aizadapirimkula1230 5 ай бұрын
Элмирбек , Гулбу чыныгы акындык журогу мн суйгон экен, Гулбу жаштык кылып жанылган. Нурзат , Гулбуго окшоп кетет . Нурзат ото акылдуу аял экен , акындын кыйын кунундо жанында болуп, тукумун улап. Аллахым бейишинен берсин Элмирбеке да Гулбуго да.
@user-iv2cv5kw9f
@user-iv2cv5kw9f Жыл бұрын
Элмирбек байкенин экинчи аялына Рахмат айтыш керек, Элмирбек байкенин кыйын кундорундо экинчи жубайын колдоо корсоткон, сабыр тилейм
@user-us9cb6up4j
@user-us9cb6up4j Жыл бұрын
Сабыр берсин аллахым Нурзатка
@user-us9cb6up4j
@user-us9cb6up4j Жыл бұрын
Айла жок озунду колго ал айланайын балдарга керексин ооруп ооруу ашырба озуно
@user-us9cb6up4j
@user-us9cb6up4j Жыл бұрын
Кусалык ооруга чалдыктырат озуну сакта
@user-zb3gq3wn8x
@user-zb3gq3wn8x 3 ай бұрын
Аллахым бейиштен жай берсин отуп кеткендерге калгандарга омур сабыр берсин
@malikaorozalieva6297
@malikaorozalieva6297 3 ай бұрын
Сабыр тилейм сага Кайрат кыл сен Балдарга керексин
@user-ju2ip4cm6t
@user-ju2ip4cm6t 4 ай бұрын
Нурзатка жаратканым сабыр берсин ден соолук берсин
@user-dl2cq5bz9c
@user-dl2cq5bz9c 4 ай бұрын
Акындын ардактуу жары Нурзатка куч кубат берип Элмирдин учугун улап алыска жеткирсин!!!
@railaomurkulova4095
@railaomurkulova4095 3 ай бұрын
Элмирбек, Гулбуго бейиштен орун берсин, уул , кыздары бактылуу, таалайлуу болсун
@user-zy9yh9fr6b
@user-zy9yh9fr6b 3 ай бұрын
Элмирбек тойдо суйлоп жатканда гулбу башын чулгуп тескери караганы канчалаган айтылбаган создор турганын ким байкады элмирбек жадырап суйлоп жатса
@user-or3uk3gz1g
@user-or3uk3gz1g 2 ай бұрын
Нурзат Элмирбектин урпагын улаган эн ыйык Адам Нурзатка таазим
@user-wf6ze9hs1x
@user-wf6ze9hs1x Жыл бұрын
Элмирбектин жубайы Нурзат айымга сабыр тилеймин.Элмирбектин кыйын күндөрүндө чогуу болду.Элмирбекке уул кыздарды төрөп тукумун улаганы эң кубанычтуу.Нурзатка таазим.Кыздары бактылуу болсун уулдары Элмирбектей таанымал инсан болсун☝️🤲🌹🌹🌹🌹❤️❤️❤️❤️❤️
@user-ln2rt5pd7h
@user-ln2rt5pd7h Жыл бұрын
Ыйлап отурам арман дуйно
@user-ln2rt5pd7h
@user-ln2rt5pd7h Жыл бұрын
Аттин арман ай коргон сайын журогум эзилет😊
@nasinunasaktambaeva-fu4ft
@nasinunasaktambaeva-fu4ft Жыл бұрын
😊
@vvdd7610
@vvdd7610 Жыл бұрын
​@@user-ln2rt5pd7h😮
@alibek1576
@alibek1576 Жыл бұрын
Аябай эле элмирбекти кордоп аркасынан чуркаткан екен эми элмирдин 2чи аялына ырахмаат ошол барктап остургон акыныбызды гулбу бой которгон сулувмун деп
@emjanem4797
@emjanem4797 Жыл бұрын
Кайран Элмирбек устаз Кудайым кабыр азабынан тозок отунан сактап Фирдаус бейишин насип кылган болсун Илайим Оомийн Аллаху Акбар!!!!
@user-vt3ny8xl3p
@user-vt3ny8xl3p Жыл бұрын
Нурзат сага ден соолук,омур берсин, Аллахым!Балдарындын пешенесине аман бол,кайраттуу бол,Белли бекем бууп,балдарына жакшы тарбия бер.Ошолордун сый-урматын коруп, бактылуу, доолоттуу, кубанычтуу кундорун коп болсун!
@user-dk9nv1ss9c
@user-dk9nv1ss9c Жыл бұрын
Азыркы жубайына таазим,кудайым ден соолук, байлык, ыйман берсин.Балдары атасынан да мыкты болуп апасын бактылуу кылышсын 🤲
@jdhdhdhf420
@jdhdhdhf420 Жыл бұрын
ээ кудай озун сабыр бергин Нурзат эжеге бечара сагынат ыйлайт анан не кылат ии эч ким айрылбасын бири биринен бактылуу болгону менен барибир куйоосун сагынат
@jjdhfhjdjndjfn6662
@jjdhfhjdjndjfn6662 11 ай бұрын
бейишин берсин кайран жигит ,😢😭😭😭🤲🤲🤲
@user-ht8pf6zr1f
@user-ht8pf6zr1f 10 ай бұрын
Элмирбек Нурзат сенин гана сүйүүң,балдарындын атасы.ошолордун убайын көр.ден соолукта бол .Кайраттуу бол, эрктүү бол.балдарын бар.
@user-bh1rb1zl4m
@user-bh1rb1zl4m 2 ай бұрын
Оомийин
@user-fo3ew6tt9e
@user-fo3ew6tt9e Жыл бұрын
Азыркы жубайы Нурзатка рахмат кыйын кезде жолугуп Элмирбеке колдоп жолоп кыйын кезде жанында болду Нурзат жубайы акылдуу аябай токтоо сулуу аял экен артында калган балдары кыздары аман болушсун Аллахым озу колдосун .
@user-hd1sd2me5b
@user-hd1sd2me5b Жыл бұрын
Елмирбектин изин нурзат ул тороп улап гойду нурзатга сабыр балдарына узун омур берсин
@user-ev3ey5vu3r
@user-ev3ey5vu3r Жыл бұрын
​@@user-dg3vz9qh5y туура айттын башында эле чогуу болсо эмне.
@user-ip7wb5ur1b
@user-ip7wb5ur1b Жыл бұрын
@@user-ev3ey5vu3r Башында еле жолукса балким сахар менен оорубай олбой арабызда журмок беле аттин
@user-ev3ey5vu3r
@user-ev3ey5vu3r Жыл бұрын
@@user-ip7wb5ur1b ошода ойсондоп ар кимге кетип калса ырдайм деп ошондо сахар болгон дейт. Жакшы Корсо керек.
@user-hc7pm3et1u
@user-hc7pm3et1u Жыл бұрын
@@user-ip7wb5ur1b э
@user-vh5rd8by1p
@user-vh5rd8by1p Жыл бұрын
Кимге арнаса да аман журсо эмне .Аттин ....Байкуш ай жубайы балдары менен чоогуу омур сурсо болбойт беле .Жакшынакай акылдуу жары бар экен кудайым сабыр берсин .Бвлдары менен бакубат жашоодо жашасын
@Tarihten_Sayfalar
@Tarihten_Sayfalar Жыл бұрын
Автор эмнеге минтип чыгарды болду экен?
@user-nr4su8xf8i
@user-nr4su8xf8i Жыл бұрын
Мазмундуу ырларды жазган зкен 100 жылда Бир жаралган талан аттин ай жаш кетти бейишин берсин
@user-ej8yz3yo8c
@user-ej8yz3yo8c Жыл бұрын
Аллахы балдарынна ыйман берссин
@user-zq4vt8ys8p
@user-zq4vt8ys8p Жыл бұрын
@@user-nr4su8xf8i 7
@user-jf2wh3by3f
@user-jf2wh3by3f 9 ай бұрын
​@@Tarihten_Sayfalarырдын автору азыр бар. Хабибулла Азиреткулов деген киши. Ото кызысанар байланышып сурап коргуло.
@user-rh9nf7yk4d
@user-rh9nf7yk4d 8 ай бұрын
Кандай деген созду айтсанар да укмуштуудай кайталангыз бардык жагынан келишкен жигит болчу, эки жубайы тен жакшынакай келишкен келинчектер, Элмирбеке кыргыздын бардык кыз келиндери ашык болгонго татыктуу красавчик жигит болчу
@user-hr1qf4sc2u
@user-hr1qf4sc2u Жыл бұрын
Байкуш Нурзат жаш калды балдары да жаш сабыр берсин Нурзат балдарын аман эсен чоноюп атасына окшош жакшы инсан болушсун балдарындын бактына ден соолукта болуп белинди бекемдеп кучтуу болуп жаша алтыным сага чындыгында кыйын болду Аллахым сага сабыр берсин
@user-nf3cp7qs1b
@user-nf3cp7qs1b Жыл бұрын
Ооба ото жаш калды. Нурзат аябай жакшы аялсын.
@HuaWei-dc3fx
@HuaWei-dc3fx Жыл бұрын
Ушул журналистер эмне учун ушундай откон окуяларын чукулап жазасынар Элмирбекти таштап бир депутат мн кеткен Гулбуну кошуп атасынар качанкы ажырашып кеткен аялын азыркы аялы Нурзатка оор болот деп ойлобойсунбу Нурзатка аллахым разы болсун омурун узуун болсун эч качан ооруба ушул Элмирбектен калган уул кыздарынын жакшылыктарын коргун Элмирбектин оор кунундо жанында болуп уул кыздарды тороп бердин ылайым ушул балдарындын жакшылыктарын коргун сендей аялды Элмирбеке туш кылган кудайга шугурлор болсун жаткан жерин жайлуу болсун Элмирбек алланын суйгон пендеси экен сага сабыр тилеймин
@user-uz3hw7jb9v
@user-uz3hw7jb9v 2 ай бұрын
Тарыхта калат Эми Бул Элмирбек байкебиз😢😢😢
@perizatshukurbekova1333
@perizatshukurbekova1333 Жыл бұрын
Ушундай Залкар адамдым жубайы болуш да чоон бакыт экен да, Ичибиз ортонот куйуп кетем Менделе, Нурзат айымга сабыр балдары, Э. Иманалиевдей эр жигитер чыгышын каалайбыз, Балдарыныздын жакшылыктарын коронунуз, Биз сизди сыйлайбыз.
@sansun-se9sx
@sansun-se9sx Жыл бұрын
Гулбубунун женил ойлуулугунан топчудай чачылып калды.
@user-ip7rp3bk3y
@user-ip7rp3bk3y Жыл бұрын
​@@sansun-se9sx биринчи жубайы не болгон мумку болсо айтып койосунарбы ушундай адамды таштаган
@toktobekovnazaldls-qv7ed
@toktobekovnazaldls-qv7ed Жыл бұрын
Кудайдын улуу кунундо ушак айын айтпагыла,экоондун тен жаткан жерлери дай болсун,жаннаттан дай табышсын
@user-ls2hz9tj1b
@user-ls2hz9tj1b Жыл бұрын
Бул ырдын обону дагы созу дагы белгилуу обончу аткаруучу Хабибулла Азиреткулов , бул ырда Элмирбектин тагдыры жазылган эмес, журналисттер билип билбей жаза берет экенсинер, бул ырын Хабибулла Азиреткулов озунун суйгонуно жазгандыр , Элмирбек мыкты аткарган
@user-jh8tu6gr2t
@user-jh8tu6gr2t Жыл бұрын
Элмирбек,Гулбунун жаткан жерлери жайлуу болсун.Ыймандары саламат болсун.Кыздарына жана жубайы Нурзатка,бала-чакасына сабыр тилейбиз.
@user-jo9gg2vv7v
@user-jo9gg2vv7v Жыл бұрын
Акыныбызга бейиштен гана орун берген болсун кудайым.Аялына куч-кубат,сабыр берсин.
@user-wc9mt9vr2e
@user-wc9mt9vr2e Жыл бұрын
Аялдан кудай айтыптыр кудай бири сулуу,бири сулуу акылдуу
@dazizadaziza5203
@dazizadaziza5203 Жыл бұрын
Тируусундо тагдыр экен оздору чечишкен,насип эмес экен ажырашышкан. Жашоосундагы орчундуу мезгилинде жолугуп уул кыздарын тороп ачууну да таттууну да тен болушкон аялына Кудайым сабыр,куч кубат берип балдарын. Атанын уулу, атанын кызы дедиртип татыктуу чонойтуп алышын тилеймин.🤲🤲
@user-sl9vk4jr7z
@user-sl9vk4jr7z Жыл бұрын
Гулбубу экинчи Таттыбубу.❤❤❤😢😢😢😢😢🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉
@user-sl9vk4jr7z
@user-sl9vk4jr7z Жыл бұрын
❤❤Элмирбек Гулбубу кош болгула.❤❤❤❤❤😢😢😢😢😢
@user-xp1tj3wh9t
@user-xp1tj3wh9t Жыл бұрын
Нурзат айланайын сага Аллахым узун омур, ден- соолук сабыр берсин! Кимдин ким экенин эл билет. Элмирбек корбой кеткен балдарынардын жакшылыгын экоон учун сен кор! Коп ыйлай бербе , кудайым сага коп куч берсин! Элмирбек олгон жок, анын балдары ырлары сен турганда аты очпойт!
@user-rs9xp1lj8r
@user-rs9xp1lj8r 3 ай бұрын
Нурзат гана Элмирбеке таза аруузат жар тугой боло алды кудайдын жана пенденин алдында Элмирбектин тукумун улады учун узартып абийирин бийике которду Бар бол Нурзат кыз уулдарын менен аман бол куйоондун арбагы колдосун ылайым ырлары силер учун гана деп тушунот кыргыз элин🎉
@user-bh1rb1zl4m
@user-bh1rb1zl4m 2 ай бұрын
Бул ырды Нурзат синдиме арнады да .Барына татыктуу Нурзат .
@begimaymamatazimova8414
@begimaymamatazimova8414 Ай бұрын
Нурзат атына заты жарашкан, Татыктуу аял экен, Элмирбеке, куйоосунун намысын тебелеген аялдан кудайым сактасын.
@tynybekmamytov6652
@tynybekmamytov6652 Ай бұрын
Элмирбек акыныбыздын арбагы колдой албайт ал наоборот аллахтын колдоосуна муктаж. Аллах колдоочу! Ширк келтирбей ойлонуп жазгыла туугандар......!
@user-it3cp3em6b
@user-it3cp3em6b Жыл бұрын
ээх отто эрте кетти жайы жанатта болсун ушунчалык барктуу Адам эле дагы деле ыйлап угам ырларын
@user-un8rb1zj1y
@user-un8rb1zj1y Жыл бұрын
Я қырғызда қазақта Элмирбекті жоғалтық.Нүрзат жан мықты бол😘
@asmanovasman4702
@asmanovasman4702 Жыл бұрын
Нурзат айым супсулуу экенсиз балдардын жакшылыгын корунуз
@user-yv5oe6lv9b
@user-yv5oe6lv9b 8 ай бұрын
Кандай жакшы адамдар унутулбайт корсом журогум ыйлайт бейште журсун 😢
@user-ww2cs1gf1f
@user-ww2cs1gf1f Ай бұрын
ТУУРА ЭКООНУ ТЕН СЫЙЛАШ КЕРЕК ОТКОНДОРДУ ТЫНЧ КОЙГУЛА ОЗУНАРГА КЕЛГЕНДИ СУЙЛОЙ БЕРБЕЙ ТАГДЫРГА ЖАЗГАНЫН КОРОТ АР КИМ ТУРМУШТУН ИШИ КЫЙЫН АЛЛААХЫМ ОЛУМДУ КЕЧИНЕН БЕРСИН ОТКОНДОРДУ АРТЫ ЖАКШЫЛЫК БОЛСУУН ЖАКЫНДАРЫНА САБЫР ТИЛЕЙБИЗ
@user-jt7si8bt4h
@user-jt7si8bt4h Жыл бұрын
Эххх кандай сонун киши эле. Ыйманы саламат болсун.
@user-bz3pm4hi6w
@user-bz3pm4hi6w Жыл бұрын
Кандай сонун адамдар эле.Тируулукто кадырыбызды билбейбиз.Бейиштен оорун берсин
@user-pf5nq4zn1w
@user-pf5nq4zn1w Жыл бұрын
Нурзатка арнады да,бейиштен орун берсин
@user-cs3vy6tg4h
@user-cs3vy6tg4h Жыл бұрын
Ооба туура айтасыз. Биз пенделер кээде жашоо турмушунда деле сыйлашты билбейт турбайбызпы. Өтүп кеткенден кийин өкүнүп калат экенбиз. Мындай нерселер ар бир адамдын башынан өтүп жатат. Сабыр берсин. Кудайым. Орозонор кабыл болсун. Туугандар!
@user-uy3yi1zp1p
@user-uy3yi1zp1p 3 ай бұрын
Кыргыздын да Казактында Калдайган. Таланты Силер жок. Эми Ырынарды угуп Силерда Эстер Куран окуйбуз Бейишинер Болсун Силер кыргыз журтуна Бир келдинер беле Майдан билдик Ушундай жакшы Бир берилген. Таланту жакшыларыбыздан Айрылдык бейишинер Болсун
@user-fv5mx5bq8p
@user-fv5mx5bq8p Жыл бұрын
Журок сыздайт ушунчалык да сонун керемет инсан болгон . Талантты кудай ченебей эле бергенкен эле . Атаганат акын олбос болсочу. Торт бала жаш калды жалко . Озун айтсанар а . Кырктын кырында кырчындай талант кетти арман дуйно . Жайы жаннатта болсун. Эл суйгон адам элен.
@user-nw2fn4es1e
@user-nw2fn4es1e 5 ай бұрын
Элмирбектин азыркы колуктусуна сабыр тилейм эл арасын да Элмирбектин Гулбубунун айтылышы Нурзат айымга оор тийет билем бирок сабыр тилейм Нурзат айым Элмирбектин суйуктусу сенсин колуктусу сен элен балдары бар ошолорду чонойтуп Элмибектин ордун бастыр акылдуу сулуу айымсын бактылуу бол Элмибек сени суйчуу ❤❤❤
@user-lr4ss5ru2h
@user-lr4ss5ru2h Жыл бұрын
Бул дүйнөдөн кош айтышкан мусулман бир туугандарыбыз бейиштин нуру чачылсын
@user-wp8eo1se1p
@user-wp8eo1se1p Жыл бұрын
Кыргыз Элимдин"" Булбулу""-- элеңиз,Элмирбек, Агабыздын ырлары, мукамдуу, жүрөктү ыйлатат!! Жаныңыз Жаннатта Болсун!!😥😥😥🤲🤲
@jainaguljumaeva4919
@jainaguljumaeva4919 Жыл бұрын
😢😢😢😢
@user-ll8bq7px1k
@user-ll8bq7px1k Жыл бұрын
Кайран Кыргыздын чыгаан жигити. Айла жок.
@user-wo1dp3rt6w
@user-wo1dp3rt6w Ай бұрын
Гулбубу байлыка сатылып кеткени окунушту болгон ,Элмирбектин суйусун тебелеп жаткан жерлери жайлуу болсун.
@user-qi6tg8hr9b
@user-qi6tg8hr9b Ай бұрын
Сен жанында кошо жүрдүн беле? Билип билбей үрбөгүлө. Муну тагдыр дейт.
@user-pz5cv8ws9t
@user-pz5cv8ws9t Жыл бұрын
Элмирбектин азыркы жубайы ким экенин элдин баары эле билет да,Гулбубу менен эки башка жолго тушконун да.Кайра кайра чыгарышып.
@user-cl9wi6yf3d
@user-cl9wi6yf3d Жыл бұрын
ЖАМАН СОЗДОРДУ НУРЗАТ ЖАЗАТ БОЛСО КЕРЕК .ОЛГОДОРДУ ТЫНЧ ЭЛЕ КОЙ НУРЗАТ
@user-ew6zz2sd5f
@user-ew6zz2sd5f Жыл бұрын
@@user-cl9wi6yf3d койчу ай Эл эле жазып жатпайбы
@user-fm2jz8zp2m
@user-fm2jz8zp2m Жыл бұрын
@@user-cl9wi6yf3d кой Антип айтпа,билбегенинден кийин куноого батпа
@user-zn6ol6ux3r
@user-zn6ol6ux3r Жыл бұрын
@@user-cl9wi6yf3d кумон ыймандан кетирет. Ыйманынды жебе.Кантип кудайдан коркпой жаздын.
@googleswp5414
@googleswp5414 Жыл бұрын
@@user-cl9wi6yf3d Нурзат эмнеге жазмак эле ботом!?Кызыксынар го!
@user-wh6kf2fu2x
@user-wh6kf2fu2x Жыл бұрын
Отуп кеткен адамды койор алдында да сурайтго кандай адам эле деп. жакшы деген гана соз айтылат. жакшы деген бойдон калсын пендечилик кылып куноого батпайлы. жаткан жерлери жайлуу болсун.
@user-re3er5ez4m
@user-re3er5ez4m Жыл бұрын
Нурзат сабырдуу бол, айла жок экен тагдырга, сен бактылуусун Элмирбектин тукумун уладын
@user-by7fd5ir5o
@user-by7fd5ir5o Жыл бұрын
МУРДАГЫ ҮЙ-БҮЛӨСҮН ДА АЗЫРКЫ ҮЙ-БҮЛӨСҮН ДА СЫЙЛАГЫЛА АР НЕРСЕНИ ЧЫГАРА БЕРБЕЙ, ТАГДЫР ДЕГЕН АР КАНДАЙ БОЛОТ
@user-pl9mv2ic5b
@user-pl9mv2ic5b Жыл бұрын
Эн туура айтыныз тагдыр. Экоо тен жубайын. Балдары турат. Нурзат айымга сабыр берсин. Балдары аман болушсун 🤲🤲
@user-ok7lm5ou2n
@user-ok7lm5ou2n Ай бұрын
эн туура айтасыз бироонун тагдврынын тарыхын чечкенди коюп оз тарыхыбызды жакшылап токуйлучу
@user-gs3xu6rm2k
@user-gs3xu6rm2k Ай бұрын
Нурзат эн кучтуу, акылдуу, бактылуу аял. Гулбубу оз бактысын озу жок кылган, уй булоолуу эркекти тандап... Элмирбектин ооруга чалдыгышы да ошондон болуш керек.... Кантсе да Элиирбектин очогун кызытып, келечегин улай турган уулдары бар. Элмирбек эл уулунун бейишин берсин, уулдарына Аллахом омур берсин, 🤲🤲🤲
@TT-xw6sq
@TT-xw6sq Күн бұрын
👍👍👍👍👍 - 💯%.
@user-wc5hf4iy3z
@user-wc5hf4iy3z 8 ай бұрын
Кандай болсо да оз суйуусун ала кетти да! Эмне кереги бар козу откондо ар кайсыны айтып бироону соз кылып! Элмирбек ыйык инсан зоболосу бийик эле…Жаткан жери жайлуу болсун🤲
@user-ob8ho7et3y
@user-ob8ho7et3y 2 ай бұрын
Элмирбектин көзү өтүп кеткенде аябай ыйлагам, ошондо аябай кайгырып жүргөн мезгилим эле, залкардын ордуна сен өлбөйт белең деп бирөөнү аябай каргаганмын.
@AlbaroIbraimov-ez3wc
@AlbaroIbraimov-ez3wc 17 күн бұрын
Менда кудум ушундай болгом, күйөөм менен урушуп жүргөн мезгилим эле.
@user-bs6et2io8n
@user-bs6et2io8n Жыл бұрын
Эки сулуу жана акылдуу баш кошсо, жашоосу абдан назик болот, коз тиет деген чын окшойт.
@mairamjumabeva4863
@mairamjumabeva4863 Жыл бұрын
Биз да сагындык мекенчил кыргызым деп тутоп жаны кейип суйлогонучу жемкорлорду жектеп жаткан жери жайлуу бейиши болсун
@user-tm7fg3rh2n
@user-tm7fg3rh2n Ай бұрын
Эрдин ыраазычылыгын алдыныз эн башкысы Алла ошол жакшылыгынз үчүн акретте эн сүйүктүү жубай болосуз буюруса
@user-vm5lm3ii9u
@user-vm5lm3ii9u 9 ай бұрын
Кыргыздын Булбулдары жаш кетишти 😢Жаткан жери жайлуу болсун. 🤲😔
@Tarihten_Sayfalar
@Tarihten_Sayfalar Жыл бұрын
Кандай сонун ыр. Кандай сонун киши эле. Аттиң, талант өлбөс болсо кана
@Tarihten_Sayfalar
@Tarihten_Sayfalar Жыл бұрын
Айтпаңыз.
@rozaaitmatovna4456
@rozaaitmatovna4456 Жыл бұрын
Коргон сайын, уккан сайын козумдон жаш куюлуп кором. Анан сен ыйлабай коймоксунбу кызым. Сен эмес Эл да сагындык Элмирбекти. Бейиши болсун Жаннатта жаны болсун оомиин. Кудайым ырахматына алсын.
@user-cd1ey3vi5n
@user-cd1ey3vi5n Жыл бұрын
соз жок талант аттин дейсин озу олсо да ырлары бар артында балдары бар кайра кайра угам журок сыздайт бейиштин торунон орун берсин алла
@user-mb3xw8mq3t
@user-mb3xw8mq3t Жыл бұрын
Элмирбектин экинчи аялы Нурзат омурун акырына чейин Бир болду ,бала чакасын ГУЛДОЙ карап жатат Рахматты Нурзатка, ыраазычылык в Нурзатка айтуу керек.
@naziraermekova9794
@naziraermekova9794 10 ай бұрын
Нурзат сен акылдуу аялсын балдарындын бактысына бар бол, Ден соолукта бол Элмирбектин суйуусун актап жакшы апа бол балдарына.
@jumagulmamajusova8689
@jumagulmamajusova8689 11 ай бұрын
Гулбу менен. Элмирбектин суйуусу оздорунун жашоо тарыхында калган. Алар эми бул жвшоодо жок Алар учун дуада эле бололу жаткан жайларын жаннаттан ахырети абаттан болсун ооминь
@user-us8kp9hx5s
@user-us8kp9hx5s Жыл бұрын
Аялы балдары коп жашасын,аталарынын жаткан жери жайлуу болсун 🤲
@user-jm6sk1fz4c
@user-jm6sk1fz4c Жыл бұрын
Ушундай адамды баалай албаган аялына таң калам.
@user-ym7sq1ix9e
@user-ym7sq1ix9e Жыл бұрын
Баардык эле кыргыз атуу ичи ачышатко эстегенде мен дагы Элмирбек инимди ото жакшы коруп укчумун ырларын жайы жанатан болсун кыйааматка чейин жаны рахата болсун байкуш ото жакшы адам деп билем .
@user-ym7sq1ix9e
@user-ym7sq1ix9e Жыл бұрын
Чубак ажы экоо тен соонун табылгыс адамдар болчу буларды аллах дагы жакшы коруп суйуп гуноого батпасын беш кундук жашоодо деп алып кетиго дейм .
@anarrakmatova9909
@anarrakmatova9909 5 ай бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун 🤲 Балдар ,кыздары аман болсун.Нурзат кайраттуу бол.
@rozatoktosunova3671
@rozatoktosunova3671 Жыл бұрын
Гулбу жакшы болсо жабышып жашамак эми кийинки аялы акылдуу сулуу экен калган омурун балдарына берсин
@user-ih4hn1ek5v
@user-ih4hn1ek5v Жыл бұрын
Элмирбектин 2-чи жубайы да ыймандуу, сулуу аял экен. Гулбудон кем эмес, ашса ашат го
@user-bn1si3wv2f
@user-bn1si3wv2f Жыл бұрын
Азыркы жубайы аябай сулуу экен. Экөө куп жарашкан түгөйлөр эле.
@sairagulsultankulova4026
@sairagulsultankulova4026 Жыл бұрын
Экинчи аялынан балдары жаш Элмирбекке күч кубат берип чыгармачылыгын уланткан 😥😥😥
@venerabegalieva5680
@venerabegalieva5680 Жыл бұрын
Кыздарына кыйын кундо бирге болгон Нурзат жубайына сабыр тилейм .кандай жакшы адамле.
@user-pw8gg1wu5f
@user-pw8gg1wu5f Жыл бұрын
Канчалык кызганышып ар кандай жаман пикирлерди жазышса дагы Элмирбек менен Гулбунун суйуусу бул тарых,бул даназаланып айтыла берет.Гулбу да жакшынакай кылып тун суйуусунон тапкан Элмирбектин эки мыкты кыздардан кылып тарбиялап кыздарынын жашоосуна пайдубалын туптоп берди,ажалга айла жок экен жашында актыка моюн сунду.Экоонун тен жаткан жери жайлуу болсун,кудайым кен бейиштен орун берсин!Ал эми Нурзат олгон адамдан олгон адамды кызганып айрымдар ойлогондой акылы тайкы женил баа адам эмес.Уулдарын мыкты тарбиялап эрезеге жеткирип уулдарынын урмат сыйына болонсун.Ортодон жаман пикир жазып олуу менен тирууну кайраштырбай тынч болгулачы.Гулбу эстелет айтылат силер эмне чыныгы жашоодо болгон нерсени озгортуп очуруп салгыдай сыйкырчысынарбы.Кааласанар каалабасанар да Элмирбек,Гулбу кыргыз маданиятынын тарыхында айтылчу да ырдалчу да инсандар.Арбактары ыраазы болсун! 5:53
@TT-xw6sq
@TT-xw6sq Күн бұрын
👍👍👍👍👍 - 💯%.
@user-df4zp1rf5n
@user-df4zp1rf5n 2 ай бұрын
Ким учун жазлсада акын агабыз тархта оз орду сыйы менен калды бейишин берсин АЛЛАХ 🤲
@user-jv8uo3bj3l
@user-jv8uo3bj3l 5 күн бұрын
Кичинекей кыздардын башындагы топудан кийген элек❤ .жаткан жерлери жайлуу болсун
@user-gi8kw1zt8p
@user-gi8kw1zt8p 3 ай бұрын
Кандай болгон кундо да , Элмирбектин жаш кеткени окунучтуу !!! Кыргыз калкынын чон жоготкону, талантты убагында баалай албаганыбызда 😢. Кандай жашап отту , бул биздин талашып тартышып талкуулай турган нерсебиз эмес.Тагдырдын жазганы болот.
@user-od5gx7el4c
@user-od5gx7el4c Жыл бұрын
БИЗ ДАГЫ САГЫНДЫК ЭЛМИРБЕКТИ ГУЛУНДОГОН ЖУЗУН ЫРЛАРЫН САГЫНДЫК,,,,,,,, ЧУБАК АЖЫНЫ САГЫНДЫК АЖЫКЕНИН САБАКТАРЫН САГЫНДЫК 😢😢😢😢АТТИН ДЕШТЕН БАШКА АЙЛА ЖОК ЖАТКАН ЖЕРЛЕРИ ЖАЙЛУУ БОЛСУН🤲🤲🤲🤲🤲🤲
@gulmiraorozobekova6096
@gulmiraorozobekova6096 Жыл бұрын
Оомийин 😢🤲🙏
@user-ws6gw1qe7x
@user-ws6gw1qe7x Жыл бұрын
Жаткан жери жайул болсун бейиштен орун берсин
@user-ez8fj5dh8p
@user-ez8fj5dh8p Жыл бұрын
Мен да ойлорунуздарга кошулам, 2аялы бактылуу аял, Елмирбектин тукумун улаган, аллахымдын суйкумдуу, бактылуу , пендеси,сабырНурзатка балдарына, кыздарынаден соолук, узун омур берсин 🤲омиийн 🙏🙏🙏🙏🙏
@nurdaim5912
@nurdaim5912 Жыл бұрын
Сиз бактылуусуз жене!😘😘😘
@zhyparkulkulmambetova1786
@zhyparkulkulmambetova1786 9 ай бұрын
Жаткан жерлеринер жайлуу болуп, бейишти Аллахым экооно тен буюрган болсун🙏🤲 жакшы адамдар жакшы элес калтырышат 😢
@user-by7fd5ir5o
@user-by7fd5ir5o Жыл бұрын
ЭЛМИРБЕКТИ ЖАРАТКАН АЛЛА БЕЙИШИНЕ ЧЫГАРСЫН🤲 АРБАГЫН СЫЙЛАСАҢАР КУРАН ОКУП, ЧЫГАРМАЛАРЫН УГУП, ЖӨН ЭЛЕ ЭСКЕРИП ТУРБАЙСЫҢАРБЫ? УЛАМ БИР ЧЫГАРМАСЫН ЭЛЕ - КИМГЕ АРНАДЫ ЭКЕН, АНАН - БИЛГЕНДЕЙ ЫРДАПТЫР- ДЕП ЭЛЕ АР НЕРСЕНИ ЖАЗА БЕРБЕЙ. МАРКУМ ЭЛМИРБЕК ТӨРТ ТАРАБЫ ТӨП КЕЛИШКЕН ТАЛАНТ ЭЛЕ ӨЗҮНҮКҮБҮ БАШКАНЫН ЧЫГАРМАСЫБЫ ИЙИНЕ ЖЕТКИРЕ ЫРДАЧУ ( БУЛ ЫРДЫН АВТОРУ ХАБИБУЛЛА АЗРЕТКУЛОВ) АРТЫНДА ЧИЙЕДЕЙ БАЛДАРЫ МЕНЕН ЖУБАЙЫ КАЛДЫ ОШОЛ УУЛ КЫЗДАРЫНА ҮЙ- БҮЛӨСҮНӨ ЖАКШЫ СӨЗҮҢӨРДҮ ТИЛЕГИҢЕРДИ АРНАГЫЛА, УЛАМ БИР ЫРЫН ЭЛЕ - КИМГЕ АРНАДЫ ЭКЕН- ДЕП УДУРГУЙ БЕРБЕЙ
@user-ql5oj4kl9j
@user-ql5oj4kl9j Жыл бұрын
Элмирбекти. Биз. Дагы. Сагындык. Озгондуктор. Бейишин. Берсин. Жубайына. Омур. Балдарына. Акыл. Эч. Берсин.
@user-vb6rm8zs1e
@user-vb6rm8zs1e 2 ай бұрын
Нурзатка куч кубат берсин жанында жаркылдаган Элмирбектер чоноюп жатышат. Уулдары ото окшош экен. Чыныгы мырзанын жанында болгонун учун Нурзатка таазим
@user-te7uj7qi6d
@user-te7uj7qi6d 9 ай бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун! Балдары,жубайы аман болсун!
@user-jf5ju8oq5u
@user-jf5ju8oq5u Жыл бұрын
2020-жыл аябай оор жыл болду.Чубак ажыбыздан,Элмирбектен,Заирбекен айрылдык ошол жылы мен эки жыл куткон нарисеми жарык дуйного алып келгенмин аябай муунум бошоп ыйлаганмын балам да ушулурадай залакар инсан болсун,омуру окшобосун ылайым
@user-lk9ss1du4n
@user-lk9ss1du4n Жыл бұрын
Ооба туура айтасыз Элмирбек, Зайырбек акындарды, Чубак ажыны, анан Улан Эгизбаевдин бул дүйнөдөн эрте кеткенин эстесем жакынымды жоготкондой ичим ачышат. Уулуңуз да ушул инсандар сыяктуу кыргыздын сыймыгы болсун. Өмүрлүү болсун
@aigulyatukylova4315
@aigulyatukylova4315 Жыл бұрын
Элмирбеке эле ичим ачышат а берки ажырашкан аялын ойлобойм деле
@user-ce6uw5fg8z
@user-ce6uw5fg8z Жыл бұрын
АЛЛАХЫМ НАРИСТЕНИН ОМУРУ УЗУН, АКЫЛ ЭСТУУ, ЫРЫСКЫСЫН УЛУК КЫЛЫП, УШУ ОТУПКЕТКЕН ЧУБАК АЖЫ МН ЭЛМИРБЕКТИН ЖОЛДОРУН БАСА ТУРГАН ЖИГИТ КЫЛЫП БЕРСИН🤲
@umutbek88
@umutbek88 Жыл бұрын
Биздин Кыргыз Апаларыбыз Баатыр балдарды торолот.
@user-jf5ju8oq5u
@user-jf5ju8oq5u Жыл бұрын
@@umutbek88 баарыныздардын айтканыныздар келсин,шугур Адилетим намаздын кыйымылан жаттап алды суролорду буюрса тили жакшы чыкканда толуктайбыз.
@user-rg4nw1id8f
@user-rg4nw1id8f 5 ай бұрын
Буулугуп жургондо ойго батырып бир чети конул сергиткен сонун ыр😢
@gulmira7028
@gulmira7028 Жыл бұрын
Жаткан жери жаннатын бакчаларынан болсун.
@dinarabakieva3790
@dinarabakieva3790 Жыл бұрын
Аллахым откондордун жайын Жаннатан берген болсун Кыргызымдын чыныгы эрте очкон жылдыздары
@user-ux7gf5ie9t
@user-ux7gf5ie9t Жыл бұрын
Аллахым бейишинен оорун берсин 🤲!
@kanykeyeshalieva9082
@kanykeyeshalieva9082 Жыл бұрын
Кылымдын залкары эле😢
@DjjdndjjdDhusnsnd-ej2oy
@DjjdndjjdDhusnsnd-ej2oy Жыл бұрын
Бейиштен орун берсин Аллахым
@maksudaturgunbaeva5317
@maksudaturgunbaeva5317 Ай бұрын
Элмирбек мн Гулбубу келишкен жар мен экоосу олгондо аябай ыйлагам Экоондо тен ушундай кайталангыс сулуулук бар эле
@user-hd9mw6nx9q
@user-hd9mw6nx9q Жыл бұрын
Жаштар адеп Ыйманга келгиле үйбүлө эл үчүн иштегиле.АЛЛАХ ЫРААЗЫ ҮЧҮН.
@user-lc4dj7fe2w
@user-lc4dj7fe2w Жыл бұрын
Аллахым оз рахматына алган болсун
@user-zi3jm6rf9t
@user-zi3jm6rf9t Жыл бұрын
Сагынбагын эми, сабыр күт эми, арты кайырлуу болсун.
@rozaaitmatovna4456
@rozaaitmatovna4456 Жыл бұрын
Гулбубу, акынды айыккыс ооруга чалындырган экен да. Эркек неме намысынан чыдаган . Ал кеткенден кийин артынан кетип калбадыбы. Аттин Арман.
@rozaaitmatovna4456
@rozaaitmatovna4456 Жыл бұрын
Кийинки жубайы да абдан сулуу Кыз, ага артыкчылыгы анын акылдуулугу Жана сабырдуулугу Чыдамдуулугу болсун. Айланайын кызым сен сагындым дебе. Журогунду оорутпа сабырлуу акылдуу бол Элмирбектин Балдарын эрезеге жеткиришин керек! Артында калган эмгектерин дагы да артырышын керек. Сен балпайган байбиче бол. Балдарындын жакшы кунун кор коп жаша. Сага Аллахым куч кубат берсин. 88 ,90 жашка чык чырагым сен ошого ылайыктуусун. Сен Эр чанган жоксун. Ооруп жатканда жанында болдун Алла сага ыраазы болсун.
@jolonabylkasymuulu5751
@jolonabylkasymuulu5751 Жыл бұрын
Ооо Аллахым бейиштен орун бере кор
@user-is3zo1ys5j
@user-is3zo1ys5j Жыл бұрын
Азыркы жубайы Нурзатка рахмат акылдуу аял
@tous579
@tous579 4 ай бұрын
Гулбу башка жакты карап калган экен ошондо эле,жаткан жеринер жайлуу болсун эми
@user-dt7fo7xj3e
@user-dt7fo7xj3e Жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун 😢😢😢
@aigulyatukylova4315
@aigulyatukylova4315 Жыл бұрын
Азыркы аялы аябай сулуу экен Ашырашкан Гүлбүсү анча деле эмес экен бойонуп алса эле сулуу көрүнө берет да кыздар бул ыры азыркы Нурзат атына э заты жарашкан жылдыздуу айым экен Элмирбек эми бактысын тапкан экен эле атиң өмүрү ошончо эле экен .
@user-sb9cg9dw9w
@user-sb9cg9dw9w Жыл бұрын
Гулбу Ороскул кызы да аябай келишкен сулуу айым болчу. Жайы жаннаттан болсун. Олгон кишилерди тим койолу.экоонун тен жайы жайлуу болсун. Сулуу айымдардын бири эле.
@user-kn1ep2kb6g
@user-kn1ep2kb6g Жыл бұрын
Эмне элэ кайра кайра жанырта бересинер откондорду да жон койбойсунар кыларга ишинер жокпу откондор жонундо жаман айтпайт жакындарын онтойсуз абалга койуп откон оту кеткен Кети силер кимсинер адвокат болуп талкуулап балдардын ортосуна булук салып
@user-ne1qg1vh7v
@user-ne1qg1vh7v Жыл бұрын
Элмирбек бирчи жубайын аябай суйгонго артынан озуда кете берди токто деп чаеырбадын деп ооо дунйо бир болушсун кудайым бейиш бакчасында жолуктурсун экоону
@user-ny6lu7hb9o
@user-ny6lu7hb9o Жыл бұрын
Жаткан жерлери жайлуу болсун.Жакындарына Кудайым сабыр берсин.
@saina5158
@saina5158 Жыл бұрын
Эльмирбек биринчи аялынын азабынан сахар болуп оорукчан болуп калганын элдин баары билет.Аялы акылдуу,которумдуу экени корунуп эле турат. Эки кызын аялынын ыйлап турган кошуп, оздорунун жыргап турган учурунан коргозмону туура элес. Акылдуу кыздар болсо инилеринин, синдисинин журогун оорутпайт эле да.
@user-qc8iz8dn7x
@user-qc8iz8dn7x Жыл бұрын
Туура айтасыз
@user-gj1ou2mb8g
@user-gj1ou2mb8g Жыл бұрын
Туура айтасын.
@Timur-po7xc
@Timur-po7xc 11 ай бұрын
Аллахым жаткан жерин жайлуу кылсын 🤲🤲🤲😢😢😢 эххх Кыргыздын сыймыгы элениз агай
@user-ul4sp8eq2z
@user-ul4sp8eq2z 11 ай бұрын
Гулбу Орозкул кызын аябай сүйгөн экен.Коралбастар от жагып ажыраштырып оорулуу болуп калганы көрүнүп турат.Аркы дүйнөдө бирге болушсун түгөйлөр.
@user-sk1qb6sd8j
@user-sk1qb6sd8j 4 ай бұрын
Эч кандай коро албастар ажыраштырган эмес. Гулбубу Элмирбектин талантын кадырлап ,баккан эмес. Нурзатка таазим!!! Элмирбектин учугун улап,талантын барктап,омурун аз болсо дагы улаган❤
@user-ul4sp8eq2z
@user-ul4sp8eq2z 4 ай бұрын
@@user-sk1qb6sd8j Если бы не третий,то,двое давно помирились бы.
@user-gh6ej6eq1p
@user-gh6ej6eq1p 3 ай бұрын
99 то​@@user-sk1qb6sd8j
@user-rp6ns6uc1c
@user-rp6ns6uc1c Жыл бұрын
Ушундай талант акын уул Бир тууган жубай Ата таята деги бул дуйного Бир келди да Кетти Айла жок ажал улук экен😢😢😢😢😢😢😢😢😢
@user-tg2fb6cw2x
@user-tg2fb6cw2x 9 ай бұрын
Жайлары жаннаттан болсун.калган өмүрүн кыздары жашагыла.айла жок🤲
@user-iu5dd3ys2k
@user-iu5dd3ys2k Жыл бұрын
биз дагы санындык алтыным сабыр атинай омурдун кысалыгын ай кандай гана жакшы адам эле артында калган чырактай балдарына омур берсин жубайына сабыр берсин сабырдуу бол айланайын ден соолукта бол балдарына мееримдуу апа бол ❤
@gulmiratuxtorova625
@gulmiratuxtorova625 Жыл бұрын
Экинчи аялы татыктуу.
@user-bg1lu9ho8s
@user-bg1lu9ho8s Жыл бұрын
Жайын жанатта болсун ,ырларын соонун манилуу,акындын балдарына Аллах сабыр берсин дайыма
@RaihanRaihan-zh8kg
@RaihanRaihan-zh8kg Жыл бұрын
Аттиң кайран талант...кандай ак жүрөк, адал жигит эле...жаткан жериң жайлуу болсун, АЛЛАХЫМ бейишинен орун берсин, жубайына кайрат-сабыр тилейм!
@user-os8cy3cy6z
@user-os8cy3cy6z 2 ай бұрын
Жашттык кезде баары адашат дегендей учообу тен айабай, жакшы адамдар экен
小路飞第二集:小路飞很听话#海贼王  #路飞
00:48
路飞与唐舞桐
Рет қаралды 18 МЛН
Barriga de grávida aconchegante? 🤔💡
00:10
Polar em português
Рет қаралды 30 МЛН
Чубак ажы Элмирбек Иманалиев тууралуу эскерди
3:17
Элмирбек Иманалиев  акыркы ырлары
48:47
Менден Ал
Рет қаралды 2,2 МЛН
БИР ЖҮРӨККӨ ЭКИ СҮЙҮҮ...\\МАЕК
10:18
Xamdam Sobirov - Malohat (Official Music Video)
4:39
NevoMusic
Рет қаралды 37 МЛН
Mirjalol Nematov - Tak tak (Videoklip)
4:31
Mirjalol Nematov
Рет қаралды 4 МЛН
Aman bolşy süigenım
3:09
Sadraddin - Topic
Рет қаралды 80 М.
Кешірім сұрамаймын
3:22
Дариға Бадықова - Topic
Рет қаралды 239 М.
Kalifarniya - Hello [official MV]
2:54
Kalifarniya
Рет қаралды 1,2 МЛН
Diana Ismail - Kezdeser (Official Music Video)
4:01
Diana Ismail
Рет қаралды 158 М.
Қайдағы махаббат
3:00
Досбол Нұрылла - Topic
Рет қаралды 590 М.