Элмирбек Иманалиев "Чоңдорго кайрылуу" ырынын тарыхы жана саясат жөнүндө.

  Рет қаралды 56,178

Altynai Arstanbek

Altynai Arstanbek

4 жыл бұрын

Карагер минсем оттобойт
Капталга бут токтобойт
Калкымда сулуу көп көргөм
Бирок...
Кантейин сага окшобойт.
Кыргызда-аа сулуу кыздар көп
Бирок...
Кылыгы сага окшобойт,ай
Кареги сага окшобойт
Достор! Мына таптым! 2019-жылдын жай айларында(июль болсо керек) атайын издеп барып алп акын Элмирбек Иманалиевтен интервьюну түз эфирде көрсөткөм. "Чоңдорго кайрылуу" деген ырынан соң бүтүндөй кыргыз эли ушул ырды, залкар акынды сөз кылганда атайын барып ырдын жаралуу тарыхы менен себеби туурасында суроо берип,сонун баарлашып отурганбыз.Ошол кезигүү азыркыга чейин эсимде.Ошол чоңдорго кайрылууну ырдап бериңиз десем, "ал аябай көп сап ыр, баары эсимде жок" деген эле.Бирок, акын деген сөздүн, ырдын пири. Комузду сыздатып Текебай Мураталиев деген акындын "Акинтай" сулууга арнаган ырын созуп берген. Кыргызда элдин арасында ана-мынчасынын эле эсинде калган, ооздон оозго өткөнү менен кыргыз фольклорунун алтын фондусуна жазылбай калган белгилүү-белгисиз акындар көп экен.Элмирбек ошол акындарды изилдеп-иликтеп, талдап, ал акындардын чыгармаларын элге жайылтып жакшы иш кылган ажайып инсан эле...
Ошол түз эфирде элдин уулун жүрөгүм менен сүйгөм, ансайын жакшы көрүп кебине тойбой кеткем. Далдырап мукактанып сүрдөп отуруп сүрөткө түшпөй калыпмын. "Алп акын,азыркынын залкары менен сүрөткө түшпөй калыпмын" деп жазсам "буюрган күнү сөзсүз сүрөткө түшөбүз" деп жооп берди эле. Аттиң,буюрбаптыр...
Кош,Элмирбек! Жаткан жериң жайлуу болсун.Кудайым бейишинен орун берсин! Жаннаттан жай берээрин суранып-тиленем!
P.S.152 адам өз ой-пикирин калтырып 25 000 адам түз эфирди көргөн экен. Азыр да бөлүшүп таратыңыз. Анткени,Элмирбектин ар бир айткан сөзү куюлушуп элдин жүрөгүнөн түнөк тапчу.Ар бирибиз Элмирбек Иманалиевтин кебин, ырын тое-тое угуп, көзүбүз кангыча көрүп калалы. Баарибир тойбой калдык...
Аттиң,дүйнө...өзгөчө инсан эле...жаш кетти...
Жигит өлбөс болсочу...

Пікірлер: 115
@erikjaparov4657
@erikjaparov4657 Ай бұрын
Элмирбек иним сен тируусун , сен олгон жоксун , сен кыргыз элинин журогундо , жашап жатасын , муундан муунга жашай бересин .
@kulzairadosumbaeva3500
@kulzairadosumbaeva3500 Жыл бұрын
Ушундай жолугушууну уюштуруп калган асыл ойлуу журналисттерибиз.барына тобо кылалы!!!!
@user-dd9nn5yd5u
@user-dd9nn5yd5u 2 жыл бұрын
Ото журогу таза Адам эле. Кайран жигит . Таза Кыргыздын журогу ушундай болот. Жаткан жерин жайлуу , топурагын торко болсун, Кыргыз Эл булбулу!
@user-gh8lg7mh8j
@user-gh8lg7mh8j 12 күн бұрын
Дуйнодо кыргыз канча жашаса Элмирбек ошончо жашайт,ар бир кыргыздын журогундо жашайт!!!
@user-eh7xp8tz9m
@user-eh7xp8tz9m Жыл бұрын
Алтын кыз сендей кыздар коооп болсун рахмат
@user-uq1ly6jr7l
@user-uq1ly6jr7l 2 ай бұрын
Элмирбек ушунчалык кругозоры бийик экен,акын деген ушундай болуш керек,жонокой элдин жашоосуна чомулгон,чондорго кайрылганы тура.Куйуп куйюп кетиптир,чын дуйного .Жаткан жери Жаннат болсун.
@user-pm8vc5nl8l
@user-pm8vc5nl8l 27 күн бұрын
Кайран гана кор дуйно ушинтип калышын ким билиптир,кайран Элмирбек алп акын элен сени эч унута албайм ,мен сенин создорун ,ырларын Кыргыз деп куйгон журогум мн жашап келем,уй булооно бакубат жашоо берсин аллахым,ылайым кыздар балдарын озунду тартып акылдуу эстуу сенин жолунду жолдогон балдар кыздардан болсун ,мен 1995 жылдан бери сени телевизорь аркылуу жакшы тааныйм мундуу ырларынды узбой угам,азыркы убакка чейин угуп келем 😢 жанын жанатта болсун,ЖАН деген ырындын маанисинде жашоон кайра тирилгендей ыр жазыпсын,эмне деген керемет ыр ,угуп алып козумо жаш тегеренип журогум ооруйт,ушул ыр мн дагы да кудайым сени коп жашатса гана аттин арман, сен олбойсун Элмирбек ар дайым Кыргыз элибиздин журогундосун ,интервью алган Алтынай айымга тереен ыраазычылык
@user-jz8cp6nb3o
@user-jz8cp6nb3o 3 ай бұрын
Эн туурасын айткан Акын жаткан жерин Бейштен насиип кылсын Ооммиин😢😢😢
@ysakovasaodat4949
@ysakovasaodat4949 2 жыл бұрын
Алтынай кызым омуруно береке соонун интервью Алган экенсинго рахматттык Элмирбек дуйного Бир келди Бир кеттиго аттинай😭😭😭
@user-kl4tw6ug4v
@user-kl4tw6ug4v 2 жыл бұрын
Азыр Элмирбек тируу болгондо кандай жакшы болмок,аттин эрте кеткени ото окунучтуу дагы коп адамдардын козу ачылмак
@user-nj8cv8mz1f
@user-nj8cv8mz1f 2 жыл бұрын
Мындай адамдар 100жылда бир келет.Элмирбек иним чучука жеткирип чыгарыпсын.Намысы жок каргыш тийген бийликтеги бок курсактар ойлонушту бекен.Чириктер уурулар чирип олушсо экен.Тозоктун отуна куйгуло.Элмирбекти жаратканым туптуз. Бейишке алып кетти.
@user-vl9pv7hx3g
@user-vl9pv7hx3g 2 жыл бұрын
Ырдаган ырында да ошол убакта, болгон чындыкты айтып ырдаган экен, ушундай кишилер олбой турган болсочу.
@kulpunaishamashirova4555
@kulpunaishamashirova4555 4 жыл бұрын
Кыргыз элибиздин патриоту акыны акыйкатчы карапайым элге куйгон инсан элениз окунучту кыргыз элине эн чон жоготу болду аябай ичим ачышып атат
@user-ot9sf8bq1b
@user-ot9sf8bq1b 2 жыл бұрын
Элмирбек балабыз аябай акыйкат мекенчил жигит болгон ал эми ушул ырында жана өзүнүн ичинен күйүп бышып эл үчүн айтканын ыр кылып жазганында бул инсанды жанагы чирик чиновниктер бийликтеги желмогуздар жээп ичкен шүмшүк тойбогон жемкор жарылып өлгөн байларда кошомат кылгандарда Элмирбек балабыздын сөзүн ырында айткан кебинеда угушкан жок акмактар саткындар аябай өкүнүчтүү ушундай мекенчил балдарыбыздын бул жашоодон күтүүзүз өтүп кеткендиги өтө окүнүчтүү Элмирбек улуубуздун жаткан жери жайлуу топурагы торко жаны жанатта болуп кудайым бейишинен насип эткен болсун оомийин оомийин...
@user-qh8si2bc4s
@user-qh8si2bc4s 2 ай бұрын
Угуп ыйлагын келет.Журок канайт аттин Кыргыз.Жаткан жери жайлуу болсун.Куда кааласа онолуп келатабыз.
@user-me4sw8xk1w
@user-me4sw8xk1w 7 ай бұрын
😢😢Армандуу дуйно кандай сонун адамды алып кетти арабыздан.
@chykamhoff2150
@chykamhoff2150 Жыл бұрын
Ооба, жоготуулар да коп болду. Динибизди, каада салтты, адап ахлапты, адамдык сапатты жоголду. Акча деген заманга келдик. Э. Иманалиевдин элеси, чыгармасы туболук сакталат. Жаткан жери жай болсун.
@user-ri8mv5ys1g
@user-ri8mv5ys1g 11 ай бұрын
Кайран Элмирбек өлбөй кал жок дегенде 60 ка чыксаң болмок.айла канча Алланын иши экен сенин үнүнүңдү уккан сайын жүрөгүбүз тилинет.Жаннаттан жай .берсин.
@user-wn1mr9cp4x
@user-wn1mr9cp4x 2 жыл бұрын
Кандай сонун жигитибиз бар эле аттиң кандай сонун залкар адам эле арабызда дайым барсың ичим күйүп кетет жогуңа
@user-yp9nh3ib9f
@user-yp9nh3ib9f 2 жыл бұрын
Элмирбек депутатардын ыплас ойлорун ачык айтыптыр, атаганат Элмирбектин акылы ар бир Кыргызстанды башкарган чоңдордо болсо кана.....
@jannatkurmanakunova6086
@jannatkurmanakunova6086 3 ай бұрын
Буулуккан булбулум ай, ото эле тез кеттин,сени ар дайым эстейбиз, эстеген сайын журогубуздосун булбулум😢
@user-vw4ov8ui6m
@user-vw4ov8ui6m Жыл бұрын
Кана эле олбой жашай берсениз,баары жокту билип туура айткан экен,жайыныз жаннат болсун оомииин
@tynymsharshembekovna7940
@tynymsharshembekovna7940 2 жыл бұрын
Кайран бала омуру узун болсо эмне,мен да ошол бийликке кайрылуу деген ырды укканда ыйлагам.Бирок эалкар акын олгон жок ,Эл бул баланы омур бою унутпайт,себ,аз жашаса да саз жашады,элдин жургундо калды.Аттин азыр тируу болгондо азыркы бийлик коколотуп алмак,артында калган кыздарына,балдарына омур берсин. Оомийин!
@bilalanayat9178
@bilalanayat9178 Жыл бұрын
Кайран гана Алп залкарлар. Рахмат сизге Алтынай айым.
@user-su3nv8pe7g
@user-su3nv8pe7g 2 жыл бұрын
Баардык жагынан топ келишкен, мындай адам дуйнодо бир жаралат, кандай таланттуу инсан эле!!! Аллах Таалам бейишин берсин!!!
@user-gc4kc5kp1l
@user-gc4kc5kp1l 2 жыл бұрын
Жаткан жеринис жайлуу болсун сиздин балдарыныс сиздей чынчыл жакшы акын болсун Кыргыз керегине жараган болушсун
@user-sj2km7sh5f
@user-sj2km7sh5f 4 ай бұрын
Аттин дуйно, жайы жаннатта болсун. Бейишин берсин аллахым
@user-oe3yy4ny3s
@user-oe3yy4ny3s 3 жыл бұрын
Иним рахмат сен тура айтып кетипсиң жаткан жерин жайлуу болсун сен акыйкаты ырдансын сени Эл суйот
@burulusharymbaeva8760
@burulusharymbaeva8760 2 жыл бұрын
Раматылык Элмирбек тируу болгондо ушул кундорго керегин чон тиймекпи, козу отконуно эки жыл болду деп эстелиги туруп Куран окулду.
@baktygularykova8698
@baktygularykova8698 3 жыл бұрын
Алтынай кыз интервью алып калганын жакшы болгон экен. Ушуну менен учунчу жолу кордум ушул маегинди. Бар бол алтын кыз!🙏🏻😘🌹🌺🌷
@ysakovasaodat4949
@ysakovasaodat4949 2 жыл бұрын
Элдин журогундо дайыма жашайсын иним ырларын мн
@user-nl2vx2dn2p
@user-nl2vx2dn2p Жыл бұрын
Сиз айткандай журокто жашайт айла жок аттинай жалган дуйно жанаттын бейиштен берсин🤲🤲🤲🤲🤲😭😭😭😭😭😭
@user-er6jb1cv6g
@user-er6jb1cv6g 5 ай бұрын
Кандай гана чыныгы Залкар адам!
@user-op8lq1ou4e
@user-op8lq1ou4e 10 күн бұрын
Чондорго кайрылганын жетбеди президенттер эл иштебей элё озу учун иштеп келди
@KanybekOrmonov-ir5ey
@KanybekOrmonov-ir5ey 6 ай бұрын
Кыргызстандын атын озгортуп Элмирбек Стан кылып койгондо жан дуйном менен колдойтелем
@kulpunaishamashirova4555
@kulpunaishamashirova4555 4 жыл бұрын
Жаткан жериниз жайлуу болсун!
@user-hm8ub3lf6f
@user-hm8ub3lf6f 2 жыл бұрын
ЭСИЛ КАЙРАН ЭЛМИРБЕК, ЖАКШЫНЫН ӨМҮРҮ КЫСКА БОЛОТ ДЕЙТ, КЫСКА ӨМҮРҮНДӨ, КЫЛЫМДАРГА ЖАШАЙ ТУРГАН ЧЫГАРМАЛАРЫ КАЛДЫ АРТЫНДА. ЖАТКАН ЖЕРИ ЖАЙЛУУ ТОПУРАГЫ ТОРКО БОЛСУН...
@user-nj8cv8mz1f
@user-nj8cv8mz1f 2 жыл бұрын
Рахмат кызым.Эркин журналист Эн сонун.Ийгилик.
@user-vl9pv7hx3g
@user-vl9pv7hx3g 2 жыл бұрын
Сиздей журналисттер азыркы учурда абдан кк, бар болунуз Алтынай журналист, Элмирбек акыныбыздын жаткан жери жайлуу болсун, Аллах Бейиштен орун берсин, чындыгында бар болсо президенттике да жеткирсе болмок экен, сиздей акын баары жокко козу жеткен киши, мин жылда бир жаралаар бекен, арман дуйноо, жайыныз жайлуу, топурагыныз торко болсун.
@user-ir2nk5sq6k
@user-ir2nk5sq6k 11 ай бұрын
Кайран жигит козу ачыктай эле айтыптыр, ,,2020- жылы Эл жакшылап ойлонгула, азыр озгортпосонор жок болуп кетесинер", деп журогунон куйуп керээзин айткан акылмандай эле айтыптыр, озу ошол озгорууну корбой калды, жаннаттан жай берсин, Элин суйгон Элмирбек, Элдин уулу Элмирбек!! Азыр жоксун ичим куйот....
@user-kq3mu6st1y
@user-kq3mu6st1y 14 күн бұрын
Эн туура суйлогон экен нелер кана сатылган жок
@amangeidlishenbaev7096
@amangeidlishenbaev7096 Жыл бұрын
Жаткан жерин жанаттан болсун жакшы адам жакшы акын
@jyrgalbek7632
@jyrgalbek7632 Жыл бұрын
Эсил кайран Элмирбек.Жан дуйносу таза инсан Гана Эл койгойун Коро билет.Журогу менен Эл УЧУН куйгон патриот акын эле.
@user-yp9nh3ib9f
@user-yp9nh3ib9f 2 жыл бұрын
Элмирбектин жайы жаннаттан болсун.
@burulusharymbaeva8760
@burulusharymbaeva8760 2 жыл бұрын
Армансыздуйно болбойт тура, козу отсо да артында жакшы создору иштери калды Элинин журогундо калды.
@user-ku3nd1rd8l
@user-ku3nd1rd8l 2 жыл бұрын
Элдин пейили кандай болсо ошондой бийлик болот.мисалга алсак ушундай залкар адамдарыбызды укбай калдык.азыр Элмирбектин ордуна кыргыз тилин билбеген Бир ырчы болгондо класс комментарийлер коп болмок.Аллахым Элмирбекти жайын жаннаттан берсин.
@user-ow7fc3el8e
@user-ow7fc3el8e Жыл бұрын
Жакшы
@user-ow7fc3el8e
@user-ow7fc3el8e Жыл бұрын
Жакшы😭
@user-kp4xk9lz4h
@user-kp4xk9lz4h 15 күн бұрын
Элмирбек кайран гана жигит , жегич чочколорго гуйуп бышып журуп эле отуп кетиптир да , ушул чондордон да гумон аласын олумуно , доктурларга заказ бердиби дейм да
@Jack-co9uv
@Jack-co9uv 20 күн бұрын
Арман дуйно жакшы адамдар тез эле отуп кетишет Кооп чыгармалар чыгат эле жанын жаннатан Болсун Кыргызымдын акыны журогубуздо туболук жашайсын
@user-bi6dt2kj9y
@user-bi6dt2kj9y 5 ай бұрын
Эки комната квартира берип койсо болмок балдарына
@juguruk9858
@juguruk9858 3 жыл бұрын
Өтө жаш кеттиң😢😓 Бетте бир бырыш жок. Аттиң...........
@user-uk4fi7yt7x
@user-uk4fi7yt7x 3 ай бұрын
Алтынай алтын кыз экенсин ушул Элмирбекибиздин тируу кезинде ушул корсотууну эстелике тарткандай болуптур мен 20 жылы февраль айында филармонияда поезия поезди деген жаш акындардын аткаруусуна барган элем ошондо жанаша отурган ошол акыркы жанынан коргонум болуп калды кургумай жаш кетти айла канча эми жолдошуна бекем ден соолук Элмирбектин балдарын татыктуу тарбиялашына тилектешмин кудайым жардам берсин сага оор болду алтыным кайраттуу бол Алтынай сага чон ырахмат ишине ийгилик
@user-kp4xk9lz4h
@user-kp4xk9lz4h 15 күн бұрын
Так болгон гана гойгойду айткан экен кайран жигит
@apaltursunbaeva1143
@apaltursunbaeva1143 3 ай бұрын
Атыңа затын жарашып Алтынай азаматсын эң сонун интервью экен ишине ийгилик бар бол
@user-dh2if2fm8b
@user-dh2if2fm8b 6 ай бұрын
Арман дуйно, козу откондо 2 кун ыйладым.Кылымда бир жаралчуу залкар эле,жаткан жериниз жайлуу болсун оомийн 🤲.
@user-om4hs4hh4l
@user-om4hs4hh4l 4 ай бұрын
Ушул кезге чейин эле корсом эле , жашып, муунум бошоп баштайт.
@svr8051
@svr8051 14 күн бұрын
Элдин жүрөгүнөн орун алган, түбөлүк жашайт❤❤❤❤❤
@attokurturdiev1390
@attokurturdiev1390 2 жыл бұрын
Ээ канткен күндө да жакшы адамдын өмүрү өтө кыска болот деген сөзгө баа бериш керек жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун Токтогул 2 эле да
@Mairam-hd3nt
@Mairam-hd3nt 12 күн бұрын
Койсончу ооруп каза болду аки чукунун баарын чондордон көрө бербей бейишин берсин жаткан жери жайлуу болсун оомийин
@user-oe3yy4ny3s
@user-oe3yy4ny3s 3 жыл бұрын
Жаткан жерин жайлуу Болсун селер без панаграма айтасынар
@musaadamkul574
@musaadamkul574 2 жыл бұрын
Гений адам эле.
@baktygularykova1180
@baktygularykova1180 Жыл бұрын
Азамасын! Жакшы интервью алып калыптырсын. Ишине ийгилик.👍🏻🤲🏻
@user-ne5jk6en4j
@user-ne5jk6en4j Ай бұрын
Эх не деген керемет кептер айтылды. А айтылбай калганы канча😢😢😢
@user-km6yk6mu2t
@user-km6yk6mu2t Жыл бұрын
Жаткан жерин жайлуу болсун, кайран кана Элмирбек чындыкты чыркыратып айтып, ичинде айтылбай кеткен создорун оз ичинде кетти.
@anisaorozalieva6242
@anisaorozalieva6242 2 жыл бұрын
Коруп жадабайм.Асыл Инсандан айрылып калдыкко.😭😭
@zamiraaginova6273
@zamiraaginova6273 2 жыл бұрын
Аттин,арман аз жашаса да ,саз жашап,залкар чыгармаларды жаратып кетти.Кайран залкар!элге жакчу элен, эми жерге жагып бейишинди берсин.
@user-yh1gv2nl4h
@user-yh1gv2nl4h 14 күн бұрын
Элмирбек бейиштин төрүнөн Кудайым жай берсин. Кыргызымдын жолун жарык кылып берген чырагы элең.
@user-pf9uj7vs9w
@user-pf9uj7vs9w 2 жыл бұрын
Кайран кана Акебиз жаннатан болсун жайыныз
@user-pj3cs7dd2j
@user-pj3cs7dd2j 3 ай бұрын
Алтынай чыган журналис экен
@ffhdfh5121
@ffhdfh5121 2 жыл бұрын
Менимче бийликтегилер Элмирбекти тихий олтурушту деп ойлойм
@user-jd2zz7rg2s
@user-jd2zz7rg2s 2 жыл бұрын
Тупа туура депутат тар эле олтурду
@user-hc7zj2ku8r
@user-hc7zj2ku8r 5 ай бұрын
Эн туура айттыныз
@user-yy3ml5gr9v
@user-yy3ml5gr9v 3 ай бұрын
Мен да ошентип ойлоп журом😢
@Munarisenbekova
@Munarisenbekova 6 ай бұрын
Ай Кандай корогоч киши болгон баласына насаат айткандай айтыптырда чиркин Фирдаус бейишине кирсин
@user-kq3mu6st1y
@user-kq3mu6st1y 14 күн бұрын
Сулуу журналис экен мен биринчи жолу кордум
@JannaT-jn1uw
@JannaT-jn1uw 2 жыл бұрын
Аттин ай ушул Элмирбектей тайманбас акылмандар коп болсо кана
@user-yy3ml5gr9v
@user-yy3ml5gr9v 3 ай бұрын
Козу ачыктай суйлогон экен
@shumkarkadyrbaev9439
@shumkarkadyrbaev9439 3 жыл бұрын
Сонун маладс
@user-pp4tx1er1v
@user-pp4tx1er1v 13 күн бұрын
Иийжаным десе, жанын жаннатта болсун
@annaanina4845
@annaanina4845 2 жыл бұрын
КАЙРАН ГАНА ТОКМОБУЗ. 21- КЫЛЫМДЫН ТОКТОГУЛУ. ТОКМОБУЗДУН КАЙРЫЛУУСУН КОПОСТОР ОЙЛОНМОК ТУРСУН, УГУПДА КОЙУШКАН ЖОК.
@user-iz3hi7rm5x
@user-iz3hi7rm5x 2 жыл бұрын
Жаткан жерин жайлуу болсун аттин арман кыргыз эли деп куйгон элдин сыймыгы элениз сиз издеген чындык жок экен Садыр Жапаров шайланганда суйундук эле бирок мурдакыдан айрыма жок .Калган омур жашынызды балдарынызга берсин ....Алтынай Арстанбекова элиниз учун кызматынызды кыла бериниз
@JannaT-jn1uw
@JannaT-jn1uw 2 жыл бұрын
Элмирбектин маегинде бир калет жок
@user-jx7dj5xh6l
@user-jx7dj5xh6l 15 күн бұрын
Олбой. эле журсон.болот. эле. Балам. Ай. Балам. Аттин. Аттин
@user-pd8rn2vt8v
@user-pd8rn2vt8v 8 ай бұрын
😢😢😢
@user-ex8yx6wq8p
@user-ex8yx6wq8p 9 ай бұрын
Элмирбек элде калды баскан изиң Эл баалап жүрөктөрдө жашайт ишиң Эң кыска өмүр сүрүп кетсең дагы Элиңде жашай берет чексиз сүйүүң.
@user-cg4xh7wx8j
@user-cg4xh7wx8j 3 ай бұрын
Ушул сахар деген оору кайдан келди,жаман оору экен
@juguruk9858
@juguruk9858 3 жыл бұрын
Мынаа ... Чынында ушундай .
@loveyou_dorama2346
@loveyou_dorama2346 Жыл бұрын
Жаткан жери жай болсун атайын еле олтурушту да сахар м н жашап еле жатышпайбы
@user-hc7zj2ku8r
@user-hc7zj2ku8r 5 ай бұрын
​Больницага кабыл албай эки Жака футболит.этишпедиби
@user-bx5sh3qx5g
@user-bx5sh3qx5g 15 күн бұрын
Орубай эле бир жакшына киши колду болуп эле отуп кетти окшойт бейишин берсин Аттин арман арман
@user-zc3be6rv6n
@user-zc3be6rv6n 6 ай бұрын
Кайран Элмир озун айткагдай. Айла га жок да.сенин создорунду издейм Жаны Эл таппаган укпаган.анткени Озун жок Арман арман
@user-kz8ws2et1s
@user-kz8ws2et1s 4 ай бұрын
Аман журсо эмне? Элдин багына бир келген залкар акылман акын эле?!
@kulzairadosumbaeva3500
@kulzairadosumbaeva3500 Жыл бұрын
Атандын кору Элмирбек чиновник отурган мыкты креслодо отурса эмне !!Арак чыгарган заводдун кароолчусу отурган кабинет менен Асыл ойлуу Элмирбектин отурган жерин.карагылачы
@user-iy3xf8qd2c
@user-iy3xf8qd2c 13 күн бұрын
Алтынай рахмат кызым, жакшы эле интервью алып койгон экенсин. Кайран Элмирбек кайталангыс патриот акын эле. Жаткан жери жайлуу болсун. Ушундай алтын балдар кыздарыбыз коп болсун. Азыркы балдар, кыздарыбызга ыйман ынсап берсин кудайым. Элибиз аман жерибизде тынчтык болсун.
@user-iy3xf8qd2c
@user-iy3xf8qd2c 13 күн бұрын
Элмирбектин оорусун эмнеге убагында врачтар жакшы карашпады экен. Баа жеткиз акыныбызды убагында сактап калышса жакшы болмок. Аттин.
@user-kz8ws2et1s
@user-kz8ws2et1s 4 ай бұрын
😢😢
@shekerbekov_1500
@shekerbekov_1500 14 күн бұрын
Кайран акын дагы жашаса болмок 😢
@mahamatumaraidarov2833
@mahamatumaraidarov2833 12 күн бұрын
Акындан куудулдан Президент чыкпайт чындыкты моюунга алышыбыз керек.Чындык аччуу болот.
@kulzairadosumbaeva3500
@kulzairadosumbaeva3500 Жыл бұрын
Шакирттеринин ар биринин озгочо жондомун ача билип кенен жол ача билген улуу устат
@Munarisenbekova
@Munarisenbekova 6 ай бұрын
Ушундай кокуроогу таза адамдан Кооп интервью алышса элге жерге пайдасы тийет беле
@kulzairadosumbaeva3500
@kulzairadosumbaeva3500 Жыл бұрын
Асылдык байлык менен эмес акыл менен олчоноорун Элмирбек далилдеген экен
@user-gf9bk7sp8t
@user-gf9bk7sp8t Ай бұрын
Жаткан жери жайлуу Болсун Элмирбек жок айтышш коргум келбей калды
@user-vn5ng2eq4p
@user-vn5ng2eq4p 20 күн бұрын
Гулбуго арналыптыр
@user-qk2fy4yw5e
@user-qk2fy4yw5e 26 күн бұрын
ото окунучту бир башкача Жан эленда
@user-hd7no3xw9s
@user-hd7no3xw9s 2 ай бұрын
Кыргыз элинин баатыры деген наамды посмертно берсе го атаганат!
@user-uj1cs9xw9n
@user-uj1cs9xw9n 3 күн бұрын
Берди!
@user-xx4vp5ko3h
@user-xx4vp5ko3h 3 ай бұрын
Коз крандысыз журналист каякка жоголду?
@MeGa-wi5fn
@MeGa-wi5fn 2 күн бұрын
30 жылдык тарыхты карасоз менен айтканекен бирженилдеп алган
@rabynanismailahunova-qf2xs
@rabynanismailahunova-qf2xs 9 ай бұрын
Емнеге алтынай. Адам емес?
@user-dy7ig3te7y
@user-dy7ig3te7y 11 күн бұрын
Эх соз эмес бекен
@user-pp9xj1pz1i
@user-pp9xj1pz1i 2 жыл бұрын
алтынай адам эмесин
@user-bo9bz1dh1n
@user-bo9bz1dh1n 14 күн бұрын
😢😢
Элмирбекти эскерүү: "Чоңдорго кайрылуу"
11:06
Али Токтакуновдун командасы - МедиаХаб
Рет қаралды 32 М.
The Noodle Stamp Secret 😱 #shorts
00:30
Mr DegrEE
Рет қаралды 50 МЛН
顔面水槽がブサイク過ぎるwwwww
00:58
はじめしゃちょー(hajime)
Рет қаралды 105 МЛН
О, сосисочки! (Или корейская уличная еда?)
00:32
Кушать Хочу
Рет қаралды 5 МЛН
GADGETS VS HACKS || Random Useful Tools For your child #hacks #gadgets
00:35
Элмирбек Иманалиев “Чоңдорго кайрылуу”
11:07
БИР ЖҮРӨККӨ ЭКИ СҮЙҮҮ...\\МАЕК
10:18
"Мен тандаган жол" - Элмирбек Иманалиев / 2-бөлүк
1:18:45
The Noodle Stamp Secret 😱 #shorts
00:30
Mr DegrEE
Рет қаралды 50 МЛН