Рет қаралды 404
Талаа-Булак айылынын тургуну Мамат Апышов бирөөнүн камкордугуна жана көзөмөлүнө муктаж болуп калды. Мындай абалга кокустан көзүнө темирдин сыныгы кирип кеткенден кийин тушуккан. Ал чыдатпаган ооруну тынчтандыруучу укол менен жеңип келүүдө.
Учурда Апышовдун бир көзү таптакыр көрбөйТ.Дарт экинчи көзүнө өтүүдө. Эгер операция жасалбаса көздүн көрүүсү токтойт. Мындан улам дарыгерлер тез арада операция жасатуу сунушун беришкен. Деген менен бул үй-бүлөнүн дарыланууга каражаты жетпей турат.
Көп балалуу үй-бүлө бир жылдан бери Апышовдун дарты менен күрөшүүдө. Буга чейин топтогон мүлктөрү дарылануусуна кетиришкен. Бүгүнкү күндө үйүнүн документтери дагы күрөөгө коюлган. Айласы кеткенинен коомчулуктан материалдык колдоо күтүп жатканын кошумчалашты.
Урматтуу мекендештер! Эгер сиз Мамат Апышовдун операциясына каражат жагынан көмөктөшөм десеңиз, төмөндөгү номерлерге кайрылып, жардам берсеңиздер болот.
Мбанк: 774 17 79 09- М.Апышов
Мбанк: 770 23 68 41-Г. Жаанбаева