Рет қаралды 196
Жайкы кыйыштыруу - жаздагыдай калемче менен кыйыштыруу эмес, бүчүр менен кыйыштыруу. Алма дарактар үчүн бул ыкма жагымдуурак, анткени кесилген жерлери бат айыгып, өсүүгө тоскол болбойт. Дарактын кабыгы июлдун аягынан, августтун аягына чейин жакшы арчылат. Климаты жылуу аймактарда оптималдуу убакыт - августтан сентябрга чейин.
Жайкы кыйыштырууну башталгыч багбандар үчүн дагы үйрөнүүгө абдан оңой.
Бүчүр менен кыйыштыруу дарактын көрүнүшүн гана жакшыртып өзгөртпөстөн, анын түшүмдүүлүгүн дагы жогорулатууга жардам берет.