ӨМҮР КЕРБЕН - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ жаңы ыр 2020

  Рет қаралды 664,158

Сыймык Бейшекеев

Сыймык Бейшекеев

Күн бұрын

ӨМҮР КЕРБЕН
Сөзү: Назима Алмазбекова
Обону: Сыймык Бейшекеев
Жашоо - жагымдуу, жакшынасың,
Жашоо - бат өтүп шаштырасың.
Жашоо, өмүрдөн алып бизди,
Өчүрбөй изибизди Элести калтырасың жашоо
Жашоо ачык кыл күнүбүздү,
Жашоо жарык кыл жүзүбүздү.
Жашоо эл журтка кызмат кылып, Калтырчы изибизди жашоо.
Тагдыр, ачык кыл колдорумду,
Тагдыр, тазартчы ойлорумду.
Тагдыр, ташыркап сыгылбайын,
Тоспочу жолдорумду тагдыр.
Тагдыр, такадай кагылбайын,
Тагдыр, түйшүккө малынбайын.
Тагдыр, таразаң калыс болсун,
Тар жолдо чалынбайын тагдыр
Өмүр, оомат бер балдарыма,
Өмүр, бакыт бер алганыма.
Өмүр, өлкөбүз бекем болсун,
Элибиз эсен болсун
Ыраазымын калганына өмүр
Өмүр, жарык кыл жүзүбүздү
Өмүр, ачык кыл күнүбүздү
Өмүр, өзүңдө ыйласам да
Билесиң сүйөрүмдү өмүр.

Пікірлер: 237
@kddjj8768
@kddjj8768 4 жыл бұрын
Сыймык байке менен сыймыктанса болот кыргыз элим ырларыныздын баары куч дем берет саясатка аралашпаган зынк брат
@СалтанатБекболотова
@СалтанатБекболотова 2 жыл бұрын
Мааниси терен, адамдын ойго салган,омурду таразалаган эн сонун чыгарма болуптур.Ар дайым кыргыз элинин мандайында бар бол!
@УмуткорКамаевна
@УмуткорКамаевна Жыл бұрын
4:45 4:45
@ЭрикАлымбеков-и8н
@ЭрикАлымбеков-и8н 4 жыл бұрын
Өмүр, жарык кыл жүзүбүздү, Өмүр, ачык кыл күнүбүздү. Өмүр, өзүңдө ыйласам да, Билесиң сүйөрүмдү өмүр. Кандай сонун саптар.... Сөз жок!
@СамараМамытова-п8г
@СамараМамытова-п8г 4 жыл бұрын
Ар бир ырыныздын мааниси терен ех жашоо мынча таттуу быйылкы жыл армандуу, кайгылуу,окунучтуу болду кандай гана асыл адамдарды жоготтук 😥мындан ары жакшы кундорду насип етсин жараткан 🙏🙏🙏🙏сизге таазим Сыймык ага.
@ФаридаИсакова-л4ж
@ФаридаИсакова-л4ж 4 жыл бұрын
Адаттагыдай эн сонун чыгарма,ийгилик Сыймык байке.
@ekadyr
@ekadyr 4 жыл бұрын
Керемет чыгарма болуптур!
@АдамКобошов
@АдамКобошов 4 жыл бұрын
Сонун, кайра кайра уктум. Омурунуз Узун болсун.
@АнарбууЧокоева
@АнарбууЧокоева 4 жыл бұрын
Журок ыйлайт! Уй булон менен омурун узун болсун, ден соолугунар болсун.,жашоодо жакшылыгын коп болсун.
@ГүлсараСаипова-п8ы
@ГүлсараСаипова-п8ы 4 жыл бұрын
Кандай маанилүү ,маныздуу баардык ырлары турмушту чагылдырып турат эн баалаган сүйгөн ырчысы менин Сыймык элдин сыймыгы сүймөнчүгү болуп жүрө бер аллаахым колдосун сени.
@КанатбекМасирбаев
@КанатбекМасирбаев 3 жыл бұрын
Аябай соонун ырлар Соонун чыгармалар Сыймык Кудайым ден солук берсин жаман коздон жамандыктан сактасын уй було нор мн туболуко бак доолоту болгула ..... ишинерге ийгилик ОНОРУН оркундой берсин... Кайсын ырды укпа ошол журокто болгондой Жашоодон откондой.. ...💯👏👍
@mederbekamazhanov8648
@mederbekamazhanov8648 4 жыл бұрын
Сыймык байке онорунуз оркундойберсин
@maksatcherikov3801
@maksatcherikov3801 4 жыл бұрын
Сыймык бейшекеев сиздин ырынызды кичинекей кезимден бери угам 5 жаштан бери угам
@АйназикНурланова-х5и
@АйназикНурланова-х5и Жыл бұрын
Омурунуз Узун болсун сиздин ырларынызды уккубуз келет
@ЖылдызканКурманбековна
@ЖылдызканКурманбековна 4 жыл бұрын
жашоонун чындыгы козуно элестеп козго жаш айландырат бар бол боордошум жана жемиштуу жеништуу ырларды жарата бер кудайым озу жар болсун омуруно береке калемин курч болсун оомийин
@НазгульТагаева-п6е
@НазгульТагаева-п6е 8 ай бұрын
Бек,Сыймык агаларыбыздын ырлары менен остук ,ото жакшы инсандар коп жашаныздар ,ден соолукта болунуздар мен сиздерди терен урматтаймын ❤❤
@nexia7342
@nexia7342 4 жыл бұрын
Сыймык ака үчүнчү жолу катарынан угуп жатам, аябай жакты, мааниси, мазмуну сонун ыр экен,эми ушуга соонун кылып клип тартырыңыз, күтөбүз. 🤗🤗🤗👍👍👍👍👍👍👍👍👍
@ГулшайырБузурманкулова-с2я
@ГулшайырБузурманкулова-с2я 3 жыл бұрын
Омур отуп жатат аттин баарынарга ден соолук каалаймын
@Бишкек-Токтогул
@Бишкек-Токтогул 4 жыл бұрын
Супер ыр
@fudfud9273
@fudfud9273 4 жыл бұрын
эн мыкты, чыгармачык ийгилик , иштерин мынданда ийгиликтерди арта берисин аминь
@rahatanarbaeva599
@rahatanarbaeva599 4 жыл бұрын
Азаматсыз аябай мааниси жакшы уккулуктуу обон
@user-my1tc4mv6j
@user-my1tc4mv6j 3 жыл бұрын
Кайра кайра уктум го тажавай,Сыймык байке сонун ыр
@АйшаБубуШамыратова
@АйшаБубуШамыратова 3 жыл бұрын
Эххх,кандай талант,кандай уккулуктуу ыр..Уй булон,балдарын, жубайын менен аман бол
@МавлюдаУркунбаева
@МавлюдаУркунбаева 3 жыл бұрын
Бул эски ырчылардын голостору Айабай укулукду Алга сыймык Ака сизге ийгилик алга сонун ыр экен 👍👍👍👍👍❤❤❤❤
@МээримА-ш8е
@МээримА-ш8е 4 жыл бұрын
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН СЫЙМЫКТУУ УУЛУ,ЧЫНЫГЫ МЫРЗА СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВДИ ТУУЛГАН КУНУ 45 ЖАШЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙМ!СИЗГЕ ДЕН-СООЛУК,УЙ-БУЛОНУЗГО БАКЫТ,ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫЗГА ИЙГИЛИК!СИЗ СУЙГОН КАРАКОЛ ЖЕРГЕСИНЕН САЛАМ!
@burulismailova8925
@burulismailova8925 3 жыл бұрын
Канча уксам дагы чарчабайм чыгармачылык ийгилик
@ТунукКусеинова-ъ5б
@ТунукКусеинова-ъ5б Жыл бұрын
Эң сонун чыгарма экен ишинизге ийгилик көп жашаныз
@Кыргызкызы-у4д
@Кыргызкызы-у4д 3 ай бұрын
Сыймык байке бул ырды мен бугуп угуп жатам 😢жакшы чыгыптыр ❤❤, азаматсыз
@gulmirajanazakova8863
@gulmirajanazakova8863 5 ай бұрын
Сонун ыр жаратып Сыймык .Ар бир адамдын жашоосуна таасир этет го.
@ЭльгизаТурдаликызы
@ЭльгизаТурдаликызы 4 жыл бұрын
Сыймык Бейшекейев бугунку оздук майрамыныз менен омурунуз Узун Ден соолугунуз чын болсун уйбулонуз менен бактылуу болун
@ЭльгизаТурдаликызы
@ЭльгизаТурдаликызы 4 жыл бұрын
Озумдун туулган кунумду белгилегенде созсуз эстейм
@aajajajwjajajaajsushahwuwu6394
@aajajajwjajajaajsushahwuwu6394 4 жыл бұрын
Оздук майрамын менен Ден соолукта Бактылуу Омурлуу бол Ийгилик 🙏💐🇰🇬😘
@venera793
@venera793 4 жыл бұрын
Ушул кыргыз ырчы жигитеринин эн мыктыс Сыймык деп билемин. Аябагандай токтоо, адамкерчиликтуу, ыймандуу жигит. Бар бол, Аман бол замандаш иним.
@user-xv4ds6us3v
@user-xv4ds6us3v 2 жыл бұрын
Керемет ыр.
@bolot.kgz98tashbolotov66
@bolot.kgz98tashbolotov66 4 жыл бұрын
ИншАллах кенжебиз Омурбек биртуганымдын тойунда Элдин сыймыгы болгон Сыймык байкени чакырсам дептилек кылдым ишинизге ийгилик калайм Сыймык байке ырларынызга тазим
@СабырбуНазаралиева
@СабырбуНазаралиева 3 ай бұрын
Эн сонун саптар , создун шербеттери терип жазылган, журоктон тунок тапкан ырлардын бири .Ыр куржун боксорбой , ашып тогулуп турсун.
@ArgenKosmosov
@ArgenKosmosov 4 жыл бұрын
Жемиштуу чыгарма болсун!😍🤲
@МарпияКамилова
@МарпияКамилова 3 ай бұрын
Азаматсын Сыймык ырларын укулуктуу Ден соолукта бол иштерине ийгилик ырларды жарата Бер угуп туруп ойго батасын ❤
@ЗамираМукамбетова-э7д
@ЗамираМукамбетова-э7д 4 жыл бұрын
Сонун ыр
@azatkenenbaev4022
@azatkenenbaev4022 4 жыл бұрын
Сыймык байке ийгилик калайм силердин ырларынарды жакшы коруп угам силерди сыйлайм дагы жакшы ырларды жарата бергиле
@АйсулууАкимбаева
@АйсулууАкимбаева 5 ай бұрын
Омурунуз узун болсун. Соонун ыр.Кооп жашаныз❤❤❤
@azatkenenbaev4022
@azatkenenbaev4022 4 жыл бұрын
Силердин ыр журокту орутат жашодо болгон турмушту чагылдырасынар манилу башка ыр уксан чача мача тушунбойсун силердикин уксам тимеле уйкун келетко магдырап жарыктык десе дагы да болсо жакшы ыр жарата бергиле 👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@tansuluuuzenova2725
@tansuluuuzenova2725 4 жыл бұрын
Сыймык байке соонун чыгарма экен.Журокту элжиретип жиберди.Аман болунуз
@sharipaarzybaevna5677
@sharipaarzybaevna5677 4 жыл бұрын
Мааниси терен сонун чыгарма болуптур ийгилик
@АргенАкрамович
@АргенАкрамович 2 жыл бұрын
За чтобы
@ГуляГуля-у9г
@ГуляГуля-у9г 4 жыл бұрын
Ырларыныз ото маанилуу..мага жагат уккан сайын уккун келет, кыскасы журоктон чыгып журокко жетет. Бар болунуз, уй булолук бакыт каалаймын 👏👏👏
@ryskankalmakbaev7938
@ryskankalmakbaev7938 3 жыл бұрын
Окуп жаткан адамдардын барына бакыт тилейм
@АполтмпИиотто
@АполтмпИиотто 3 жыл бұрын
Азамат соонун чыгарма
@nextkgsteps5454
@nextkgsteps5454 4 жыл бұрын
En soonun chygarma boluptur Ata! 👏👏👏👏👏👏😍😍😍 Allahym den soolugunuzdy bersin!
@АкыАнарбаева
@АкыАнарбаева 12 күн бұрын
Сыймык балам сен биздин сыймыгыбызсын!БаллиБалли!Балам эн сонун!Жашоо жонундо!
@kenjeabduraimova5317
@kenjeabduraimova5317 6 ай бұрын
Журокту элжиреткен сонун ыр экен🎉
@tttf3010
@tttf3010 4 жыл бұрын
Туулган кунунуз кут болсун. Сыймык байке онорунуз оркундоп элинизге кызмат кылып журо бериниз.
@sayakova9715
@sayakova9715 3 жыл бұрын
Мындан 11 жыл мурун депрессияга тушконумдо Сыймыктын ырын куну туну ыйлап 4 жыл уккам. Депрессиядан чыгып кеткем. Алла озу ыраазы болсун. Элимде кубаныч тартуулап аман бол
@ЫрысгулНуркулова-й9к
@ЫрысгулНуркулова-й9к 4 жыл бұрын
Сыймык байке сиз аябай сонун ыр чыгарасыз, сонун ырдайсыз.👍👍
@ШаршенТурумбеков
@ШаршенТурумбеков 4 жыл бұрын
Сыймык Жапыкеев иним рахмат ушул колдоп жаткан ишинер учун, ыразыбыз. Бутун-Кыргызстан партисы менен бирдиктуу болсонор, жениш силердики болот эле. Чимкириктер паспортарды чогултуп силерди болуп жарган арекет кылып жатат. Мен озумдун атыман сураанарым чимкириктерди талкалаш керек. (Таш-Комур шаары)
@osharavan2789
@osharavan2789 Жыл бұрын
Сонун ыр экен угуп олтуруп басып өткөн омурдун жолдоруна артка кайрылган келет. Сыймыктын бардык ырлары сонун. Чындыкта жашоодон алынып жазылган ырлар.таланты ташкындай берсин эч качан токтобостон ырдай берсин
@АзизаШиринбекова-ч4п
@АзизаШиринбекова-ч4п 4 жыл бұрын
Керемет ыр саптар.Созун обонуна,обону создоруно,байкебиздин унун ырга топ келип ото сонун чыгыптыр ыр.Сыймык байке онор жолунузду кенен,омур жолунузду узун кылсын жараткан.🌷🌷🌷🌷🌷🖒🖒🖒🖒👏👏👏👏👏😍😍😍
@user-yk1xm1du3o
@user-yk1xm1du3o 7 ай бұрын
Керемет чыгарма, мааниси терен, Азааматсыз Сыймык ага!!
@zaremaigamberdieva2808
@zaremaigamberdieva2808 Жыл бұрын
Мынча сонун маңыздуу ыр. Абдан жакты.
@АлманбетАлимбекуулу-г4у
@АлманбетАлимбекуулу-г4у 3 жыл бұрын
Омурунузго береке бар болунуз отто сонун
@user-ry7jz8ef4l
@user-ry7jz8ef4l 4 жыл бұрын
Сыймык Ага жакшы чыгармаларды жарата бериниз жашонузда жалан кана жакшылыктар коштоп журсун коп жашаныз
@АйдайкаКим-г6с
@АйдайкаКим-г6с 3 жыл бұрын
Бар болунуз.Ушул ырынызды бир кундо 100 жолу болсо да уга берем.Абдан соонун ыр.Рахмат.Онорунуз оркундой берсин.
@user-hf5cy5fr1y
@user-hf5cy5fr1y 4 жыл бұрын
Жаратқан Ием өзің Пендеңді қолдап,қорғап жүр.Адалдығын,Арын сақтаи гөр.Күнәға батыра көрме.!Аллаһ Тағалам ең жақын өзіңе Бар құлшылығым...Аллам берген Аманатына Адалдығын Бере көр...
@user-km1hz8fr8v
@user-km1hz8fr8v 3 жыл бұрын
Сонун ырго.Баскан жолундун баарын элестете турган
@Maral__1968
@Maral__1968 2 жыл бұрын
Азаматсын Сыймык жолун шыдыр болсун
@NurNur-bt6jn
@NurNur-bt6jn 2 жыл бұрын
Сыймык байке мен сиздин ининиз болом сиздин падежканыз керек мен бегилдик мачак болом кичине которуп койсонуз бутка турганда эки дуйно унутмак эмесмин
@ГуляМаксудова-ы8ь
@ГуляМаксудова-ы8ь 3 жыл бұрын
Сыймык Бейшекеев ...Кыргыз элинин сыймыгы Омурунуз узуун болсун🤲🤲
@bakutookebaeva
@bakutookebaeva 2 жыл бұрын
БУЛ ЫРДЫ УККАНДА ЖАШАГЫН КЕЛЕТ ГО ЧИРКИН 🔥🔥🔥🔥
@КасираКырбашева-м7н
@КасираКырбашева-м7н 4 жыл бұрын
Чыгармачылык бийиктерди каалайм.Тилектериниз кабыл болсун.Жакшы ыр экен жаеы уктум.
@БактыгульИманбекова-щ2й
@БактыгульИманбекова-щ2й 3 жыл бұрын
Сыймык Бейшекеев омурунузго береке ырынызды угуп абдан ыраазы болдум укмуш угумдуу болуптур
@ЖайнагулСайдакматова
@ЖайнагулСайдакматова 3 жыл бұрын
Ыр аябай жакты,онорунуз оркундой берсин!
@ГулшайырБузурманкулова-с2я
@ГулшайырБузурманкулова-с2я 3 жыл бұрын
Мага жакты ар кунумду ушул ыр менен баштаймын омурунуз узун болсун
@БурулсунДыныстаново
@БурулсунДыныстаново 3 жыл бұрын
Кандай жакшы ыр уккан сайын уккун келет .Омур жаштык отуп жатат .Бир кылчайып арты карасак элуу жаштан отуп калыбыз.Эх жаштык.Сизе ийгилик.💯🌹
@raihantashtanova8200
@raihantashtanova8200 3 жыл бұрын
Сыймык байке коп жашаныз унунузго береке эн мыкты ырчы
@elnurasultanova4058
@elnurasultanova4058 2 жыл бұрын
Аябай соонун чыгарма
@taalaikoshaliev3046
@taalaikoshaliev3046 3 жыл бұрын
Сыймык талантын оркундой берсин аябай жакшы ыр болуптур.кайра кайра козумо жаш алып уктум
@amanbekmamasaliev4873
@amanbekmamasaliev4873 4 жыл бұрын
Ох ох ох
@АйбаАйбеков-э5ж
@АйбаАйбеков-э5ж 4 жыл бұрын
✊😙
@ajdaragmailcomGraz
@ajdaragmailcomGraz 3 жыл бұрын
Кудайым сизге омур берсин,ден соолугунуз бекем болсун. Кыргыз элибизге соооонун чыгармаларды арнап арабызда аман-эсен журо бериниз.
@ЭрмекТоктобекова-с9ы
@ЭрмекТоктобекова-с9ы Жыл бұрын
0
@kurmambekasyl5141
@kurmambekasyl5141 2 жыл бұрын
Отто уккулуктуу,мааниси терен ыр экен.Азаматсыз Сыймык ага!
@БегимайТажибаева-и7ь
@БегимайТажибаева-и7ь 3 жыл бұрын
Соонун чвгарма болуптур ийгилик👍👍👍👍👍👍😕👍👍👍👍
@АйгеримСамарбековна
@АйгеримСамарбековна 4 жыл бұрын
Оздук майрамыныз кут болсун тайке!!!😘💐
@НурикУлушов
@НурикУлушов 4 жыл бұрын
Укпай туруп класс басып , комментарий калтыргандар узак жашаныздар.
@saparbaydjaparov6425
@saparbaydjaparov6425 3 жыл бұрын
👍
@omurproduction3278
@omurproduction3278 4 жыл бұрын
Сонун чыгарма болуптур. Кайсыл жактан көчүрсөк болот экен?
@gylshairabdyrahmanova2166
@gylshairabdyrahmanova2166 2 жыл бұрын
Ото маанилуу ыр экен
@СайкалКенешбекова-п5я
@СайкалКенешбекова-п5я 3 жыл бұрын
Соонун ыр угуп жаштну ойлондурат мааниси терен ийгилик Сыймык байкени коруп атамды эстейм аявай окшош😢😘
@ЫсаковаБермет
@ЫсаковаБермет 3 жыл бұрын
Аябай жакты Сыймыктын ырлары менин жашоом .
@chyndyk6399
@chyndyk6399 2 жыл бұрын
Сонун чыгарма болуптур!
@mirbekbeishekeev7088
@mirbekbeishekeev7088 4 жыл бұрын
мыкты ыр мааниси терен создор .соз жок мыкты чыгарма болуптур акем
@АйтунукКурьаналиева
@АйтунукКурьаналиева 2 жыл бұрын
Ушул ырды угуп отгон кунду эстеп ыйладым
@КайыргулАсанбаева-д4р
@КайыргулАсанбаева-д4р 2 жыл бұрын
Сыймык байке өзүңүздү, чыгармаларыңызды баалайм. Ырларыңызды уксам терең ойго батып,таасирленем. Ушул ырыңызга АЛЛАХ деген тема ылайыктуу. Бул сын эмес-сунуш. Бар болуңуз. АЛЛАХ берген талантыңыз менен дагы сонун чыгармаларды жаратыңыз.
@МадинаЖахбарова-ф5к
@МадинаЖахбарова-ф5к 3 жыл бұрын
Ушунчалык терен маанилуу чыгармачылык ийгиликтер каалайм
@ainashmakish8972
@ainashmakish8972 3 жыл бұрын
Омурун узун болсун ден соолук каалайм
@ТаланбекАсаналиевич
@ТаланбекАсаналиевич 3 жыл бұрын
Соонун чыгарма керемет болуптур
@ГулшайырБузурманкулова-с2я
@ГулшайырБузурманкулова-с2я 3 жыл бұрын
Ырыныз ото маанилуу чыгыптыр
@fuloradokdurbekova5571
@fuloradokdurbekova5571 2 жыл бұрын
Кечке ушуп атам аябай жакты
@БекжанМурзаев
@БекжанМурзаев 3 жыл бұрын
Сыймык аке сизге чыгармачылык ийгилик,уй булолук бакыт каалайм.
@gulbubu1432
@gulbubu1432 Жыл бұрын
Талантына таазим аман бол Аллахым колдосун сени уулум
@klmnprstklmnprst1462
@klmnprstklmnprst1462 3 жыл бұрын
Бир олумдон калып ооруканада жатканда ушул ырды угуп аябай ыйлагам.Аябай мааниси терен ыр экен.
@ИльясбековаАкылзат
@ИльясбековаАкылзат 3 жыл бұрын
Эн жакшы ыр экен ийгилик
@ЖанылайСатыбалдиева-б8ч
@ЖанылайСатыбалдиева-б8ч 3 жыл бұрын
Маанисин угуп чыныгы жашоо молодец унунузго береке берсин
@mashaguliva5191
@mashaguliva5191 4 жыл бұрын
Эң соонун чыгарма экен
@yran_media
@yran_media 3 жыл бұрын
Кыйналганда дух берет 😊
@суйунбайАбдыкааров-л3х
@суйунбайАбдыкааров-л3х 3 жыл бұрын
Азамат сонун ыр экен
@aftandilosmonov7836
@aftandilosmonov7836 4 жыл бұрын
Жакшы ыр болуптур мага аябай жакты 👍👍👍👍
@БегайымМелискызы
@БегайымМелискызы 4 жыл бұрын
Бугунку туулган кунунуз менен куттуктайбыз ❤️💐 Сизге кааларыбыз чын Ден - соолук, Узун омур, уй-булолук бакыт🙏 Биз сиз менен сыймыктанабыз, жакшы коробуз🇰🇬👍
@erjanymankulov9674
@erjanymankulov9674 4 жыл бұрын
Abdan soonun chygarma boluptur...👍
@ЧалканЧындык
@ЧалканЧындык 3 жыл бұрын
Олкобуз бекем болсун Элибиз эсен болсун ыраазымын калганына омур..
Көрүшпөй кантип өтөбүз - Сыймык Бейшекеев жаңы ыр 2023
3:47
Magic or …? 😱 reveal video on profile 🫢
00:14
Andrey Grechka
Рет қаралды 89 МЛН
"Адамга - адам керек" - кыргыз эстрада жылдыздары
5:07
Гульнур Сатылганова
Рет қаралды 409 М.
БИР ӨЗҮҢӨ - Сыймык Бейшекеев
5:52
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 4,3 МЛН
Тумонбай Колдошов Неге ыйладын
3:52
Түмөнбай КОЛДОШОВ
Рет қаралды 659 М.
КАЙЫРЧЫНЫН КАЗАЛЫ - Сыймык Бейшекеев
12:01
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 1,8 МЛН
Magic or …? 😱 reveal video on profile 🫢
00:14
Andrey Grechka
Рет қаралды 89 МЛН