Жер жүзүнө жайылып Толуп чыккан аккан суу, Жети кабат жер астын Жарып чыккан аккан суу. Жер, Ааламдын баарысын Багып чыккан аккан суу. Алты кабат жер астын Жарып чыккан аккан суу. Адам менен Обону Багып чыккан аккан суу. Ала-Тоонун боорунан Жарып чыккан аккан суу. Алтын канат, жез куйрук Балык чыккан аккан суу. Кара-Тоонун койнунан Агып чыккан аккан суу. Күмүш канат, жез куйрук Балык чыккан аккан суу. Кара жердин астынан Жылып чыккан аккан суу. Кайда барып токтоорун Билип чыккан аккан суу. Ак кыянын боорунан Агып чыккан аккан суу. Өмүр отун тутантып Жагып чыккан аккан суу. Көк жалгаяк асканы Тешип чыккан аккан суу. Көк торполуу көк жарды Эшип чыккан аккан суу Зоодон сынбай бир жери Кулап түшкөн аккан суу. Аяк-башын үзүлтпөй Улап түшкөн аккан суу. Ташка тийип чачырап Баркыраган аккан суу. Далай жерге токтолбой Шаркыраган аккан суу. Кууш жерге келгенде Күркүрөгөн аккан суу. Үрөйүңдү учуруп Үн сүрөгөн аккан суу. Жайык жерге барганда Жаркыраган аккан суу. Эңкейишке киргенде Аркыраган аккан суу Кулагыңды тундуруп, Капчыгайды чуу кылып Шаркыраган аккан суу Коркок адам сүрүнөн Калтыраган аккан суу. Сурап-сурап отурсаң, Кайда болот аккан суу? Тескейи бийик терең сай Коодо болот аккан суу. Ак асаба мелжиген Боодо болот аккан суу. Башы туюк капчыгай Сайда болот аккан суу. Издегенде табылбас Жайда болот аккан суу. Бетегеси кулпунган Төрдө болот аккан суу. Жаратылыш жасаган Өрдө болот аккан суу. Каз-өрдөгү калкыган Көлдө болот аккан суу Бопбоз болуп кор болгон Тамчы сууга зар болгон Чөлдө болот аккан суу Мурда болуп көрбөгоң Жерге келген аккан суу. Жер үстүндө жашаган Элге келген аккан суу Өз тулкусун жоготпой, Бир тамчысын коротпой Кармап келген аккан суу Курмандыкка денесин Арнап келген аккан суу. Аягы жок, колу жок, Токтойм деген ою жок Жүрүп келген аккан суу. Бара турган жерине, Кире турган көрүнө Күлүп келген аккан суу. Бир жагына көгөртүп Дарбыз кылат аккан суу. Эч кимди шерик кылбастан Жалгыз кылат аккан суу. Алабата, көк беде, Жалбыз кылат аккан суу. Аюу чачы, ак сокто, Андыз кылат аккан суу. Үстүңө кийип жүрүшкө Кийим кылат аккан суу. Өз өнөрүн билбестен Кыйын кылат аккан суу. Чайга салып ичишке Нават кылат аккан суу. Барган жерин кулпунтуп Абат кылат аккан суу. Жердин бетин жайнатып Чөп жаратат аккан суу. Төрт түлүктү семиртип Өт жаратат аккан суу. Алма, жүзүм, алмурут, Алча кылат аккан суу. Четин, шилби, карагай, Арча кылат аккан суу. Биз билбеген дүйнөдөн Канча кылат аккан суу
@user-dg9nn8wj2u7 жыл бұрын
Унунузго береке жакшы ырдайсыз талантыныз ташкындай берсин ушундай талантту адамдарыбыздын ырларын очурбой алып чыгара бериниз
@user-ry6kt5vi1h6 жыл бұрын
Сонун
@user-kq6cp3rx9v3 ай бұрын
Молодец
@user-wg7jc7se9h6 жыл бұрын
онорунуз оркундой берсин унунузго береке
@appletree6023 жыл бұрын
👏👏👏
@chynarasoronbaeva68326 жыл бұрын
Бали унуно береке💐👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏
@nazarabdraev98306 жыл бұрын
Жогорку денгээлде аткарылган чыгарма.
@nur.batken29513 жыл бұрын
Чыныгы адреналина Мээрим эже унунуз укмуш жагымдуу чыгарма
Жер жүзүнө жайылып Толуп чыккан аккан суу, Жети кабат жер астын Жарып чыккан аккан суу. Жер, Ааламдын баарысын Багып чыккан аккан суу. Алты кабат жер астын Жарып чыккан аккан суу. Адам менен Обону Багып чыккан аккан суу. Ала-Тоонун боорунан Жарып чыккан аккан суу. Алтын канат, жез куйрук Балык чыккан аккан суу. Кара-Тоонун койнунан Агып чыккан аккан суу. Күмүш канат, жез куйрук Балык чыккан аккан суу. Кара жердин астынан Жылып чыккан аккан суу. Кайда барып токтоорун Билип чыккан аккан суу. Ак кыянын боорунан Агып чыккан аккан суу. Өмүр отун тутантып Жагып чыккан аккан суу. Көк жалгаяк асканы Тешип чыккан аккан суу. Көк торполуу көк жарды Эшип чыккан аккан суу Зоодон сынбай бир жери Кулап түшкөн аккан суу. Аяк-башын үзүлтпөй Улап түшкөн аккан суу. Ташка тийип чачырап Баркыраган аккан суу. Далай жерге токтолбой Шаркыраган аккан суу. Кууш жерге келгенде Күркүрөгөн аккан суу. Үрөйүңдү учуруп Үн сүрөгөн аккан суу. Жайык жерге барганда Жаркыраган аккан суу. Эңкейишке киргенде Аркыраган аккан суу Кулагыңды тундуруп, Капчыгайды чуу кылып Шаркыраган аккан суу Коркок адам сүрүнөн Калтыраган аккан суу. Сурап-сурап отурсаң, Кайда болот аккан суу? Тескейи бийик терең сай Коодо болот аккан суу. Ак асаба мелжиген Боодо болот аккан суу. Башы туюк капчыгай Сайда болот аккан суу. Издегенде табылбас Жайда болот аккан суу. Бетегеси кулпунган Төрдө болот аккан суу. Жаратылыш жасаган Өрдө болот аккан суу. Каз-өрдөгү калкыган Көлдө болот аккан суу Бопбоз болуп кор болгон Тамчы сууга зар болгон Чөлдө болот аккан суу Мурда болуп көрбөгоң Жерге келген аккан суу. Жер үстүндө жашаган Элге келген аккан суу Өз тулкусун жоготпой, Бир тамчысын коротпой Кармап келген аккан суу Курмандыкка денесин Арнап келген аккан суу. Аягы жок, колу жок, Токтойм деген ою жок Жүрүп келген аккан суу. Бара турган жерине, Кире турган көрүнө Күлүп келген аккан суу. Бир жагына көгөртүп Дарбыз кылат аккан суу. Эч кимди шерик кылбастан Жалгыз кылат аккан суу. Алабата, көк беде, Жалбыз кылат аккан суу. Аюу чачы, ак сокто, Андыз кылат аккан суу. Үстүңө кийип жүрүшкө Кийим кылат аккан суу. Өз өнөрүн билбестен Кыйын кылат аккан суу.
@user-dg9nn8wj2u7 жыл бұрын
Унунузго береке жакшы ырдайсыз талантыныз ташкындай берсин ушундай талантту адамдарыбыздын ырларын очурбой алып чыгара бериниз