Бул чыгарманы мындан 26 жыл мурун туура 20 жашымда жазгам, жаштык курчтук менен жазып койсом керек, азыр жүрөксүп батынмак эмесмин, маңкурт ар бир заманда адамдарга аралашып жашай берээрин Чыңгыз атабыз бизге коңгуроо кылган экен, адамзат ойлонолу, азыр да арабызда апаппак куш Дөнөнбайлап учуп жүрөт.
@user-pc9mn7bk9q3 жыл бұрын
Сыймык аке талантынызга таазим , ошол курч ошол балалык сезимдер кайрылбайт ээ , айылда ат минип созолонтуп ырыныздыырдап суйууго балкыган бала кез коздон кайын болду .
@user-vh3gm7lo8z3 жыл бұрын
СЫЙМЫК сиз биздин сыймыгыбызсыз.кандай эне тороду экен сизди.ырларыныз сизге сиз ырларга куп жарашат.кыргызымдын манкурттарын кайра адамга айлантаар Чынгыз мн Сыймыктын чыгармалары деп умут кылам
@user-oj6tf1eh6d3 жыл бұрын
Сыймык онорун оркундосун. Аллахым колдлсун. Чындап азыр манкурт болуп баратабыз. Сенин ырлар адамдардын журогуно жетет.
@gulgaakykalyibekkyzy35363 жыл бұрын
Созу ,обону соонун соз жок!Бирок эмнеге кавказ улутундагы адамдар каармандар? Боз уй,Жоломан,Дононбай...топ келишпейт экен дини,улуту башкалар менен .Кыргыздар эле аткарышса жакшы болмок экен.(дагы бир жолу окуп коруш керек экен чыгарманы меники мумкун туура эмес жазганым)
@peridatka2 жыл бұрын
Чоң ырахмат, Сыймык байке. Ырларыңызды угуп калганым менен сүйлөгөнүңүздү бүгүн биринчи жолу супер инфого берген интервьюңуз аркылуу көрдүм. Сөз баккан адам болгонуңуз үчүн чоң ырахмат. Мындай адамдар сүйлөгөндө уккан адам эргүү алат.
@saltanattashbolotova73693 жыл бұрын
Коруп абдан толкундап кеттим Сыймык байке бактылуу экенсиз кандай кана адамдын колун кармап батасын алып калгансыз
@user-ht4jx2zt2c3 жыл бұрын
Маңкурт баяны С. О. Сыймык Бейшекеевдики "Ээн талаа сары өзөктө желмаян төөсүн желдирип бир эне минтип сыздап келет: Мен, ботосу өлгөн боз инген. Тулубун келип издеген, Кудай Таалам бул дүйнөдө эч кимди маңкурт кылбаса экен..." Бул жомок өзөгүмдү өрттөп сөгөт, Чындыгын ырастап ий бул жомоктун, Ээн талаа эрме чөлдө апапак куш Дөнөнбайлап учуп жүрөт. Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай... Казактын кең Дархан талаасында, Ээн талаа эрме чөлдүн арасында. Желмаян төөгө миниип бир байбиче, Желдирип келе жатты шашке маалда. Ким дейсиң, бул байбиче Найман апа, Азыр ал тагдырына абдан капа. Жалгызын жоготконго ичи ачышып, Жалдырап көзүн салат эки жакка. Бечара улутунуп ыйлап, ыйлап, Бел тутуп өткөн күндү эске салат. Жалгызын кандай кылып чоңойтту эле, Жараткан оо Кудай ай, атаганат. Жалгызы боор көтөрүп чоңойгондо, Жаа тартып, кылыч шилтеп торолгондо, Жарады эл ишине, ар намыска, Жаш-кары баары көрдү жоо чабышта. Айлардан ай алмашып айдан жылга, Айланып убакыт да алга жыла. Бактылуу асыл күндөр өтө берди, Баа жетпес алмаштырбас алтын га да. Капыстан чуулгандуу кептер тарап, Кыргызым дүрбөлөңгө түшүп замат. Тургула! Тургун элим жоо келди! деп, Угулду үндөр улам жаңырыктап. Аттанып кыргыз элим жоого каршы, Алдыда уулу барат колдун башы. Бечара Найман эне калып калды, Уулуна берем деген бышпай ашы. Оо, Кудай ай жок дегенде, Өз колуман акыркы даам берсем не? Токто, кагылайын кайрылчы артка, Деп зар какшап калып калды Найман эне. Күндөрдөн күн алмашып өтүп жатты, Күндөрүн үзбөй эне күтүп атты. Жүрөгү бир жамандык билдиргендей, Түшүнө алда нелер кирип атты. Тигине, келатышат түрлөрү бар чаалыккандай, Тилеги уулун көрсө сүйүнүчтөн маңдайы жарылчудай. Эмнегедир көрүнбөйт го уул элеси, Курган жүрөк бир башкача туйлайт да, Бул эмнеси? Байбиче деп, Кеп баштады уруу башы, Бардаш кыл эсиңди жый садагасы. Барымтага түшүп кетип жалгыз уулуң, Байкабадык биз аны кара басып. Жок, жок, жок! Чучуктай чаңырды эми байкуш эне, Жоламан сени ушинтсин дедим беле?! Кайгырып, боздоп ыйлап, зар какшаса, Кара жердигинен түткөн белем. Энеге эми баары бирдей болду, Эңсеп күтөт уулунун келчү жолун. Жылдар өттү баары бир эне күтөт, Жылдызы келчүдөй бир сунуп колун. Бир күнү түшкө маалы үй жанынан, Биригип кербен өтүп бара жатты, Байбиче кербендерге кымыз сунуп, Ак бата, ак тилегиңер уулума деп, Бечара Найман кемпир тилек кылды. Аңгыча кербен башы сөз баштады, А, байкуш эне ага кулак түрдү. Келатып эрме чөлдүн арасынан, Кер мурут жигит көрдүм төө кайтарган. Сезбестен чөлдүн аптап ысыктыгын, Сенделип басып жүрөт төө артынан. Сүйлөсөң жооп бербей башын катат, Сүрдөнүп киши көрсө ары басат. Уулум, бери келгин жакын десем, Умтулуп маңкурт сымал бизден качат. Сезди эне ал Жоламан уулу экенин, Уулумду издөөчү мен бекемин. Шерт байлап мына ушинтип чыкты жолго, Төө минип, камчыланып оңго-солго. Аптадан өтүп калды чыкканына, А, Кудай жеткире көр максатыма. Алыстан калың төөнүн үйүрүн көрүп, Ашыкты ылдамдатып камчылана. Жел жетпейт желгенине желмаяндын, Бат эле кирип барды төөгө жакын. Төөчүнү көрөр замат дароо таанып, Кыйкырды Жоламан! деп үнүн баарын. Кыйкырык үндү угуп жалт карады, Көздөрү эне көзүн бир арбады. Буулугуп эне турду уулун тиктеп, Бурулуп уулу кетти мал сыңары. Кулунум деп учуп түштү желмаяндан, Кургурум тааныйсыңбы бул мен апаң. Эстечи атыңды айтчы, атыңды айтчы, Эрмегим билесиңби ким сенин атаң? Уулу дал болгондой башын чайкап, Долдурап үн чыгарып маңкурт деди. Ушул сөз кулагы угуп байкуш эне, Уугуп сүйлөй албай ыйлай берди. Жок, кулунум сенин атың маңкурт эмес, Жоламан сенин атың кургурум ай. Атаңдын атын унутупсуң аның кандай? Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай. Оо, таш боор адам, Качанкыга бир-бириңди кордойсуңар? Эмне үчүн оо, катыгүн, Адам деген атка татык болбойсуңар? Деп зар какшап ыйлап жатты Найман эне, Аңгыча көрүп калды не бир караан. Көрө сала сурады уулунан ал, Келе жаткан кимдер болот эки адам? Кожоюн деди маңкурт, Өзүнөн өзү коркуп, Кокуй анда мени айтпа кайра келем. Бүгүн түнү мекениңе алып кетем. Айтып бүтүп Найман эне жүрүп кетти, Аңгыча эки жуңжуң жетип келди. Тигил ким качкан сенин жаныңдагы? Айткының өлтүрөбүз азыр сени. Билбеймин, энеңмин деп өзү келди, Билегим кармап алып ыйлай берди. Жалган ал энең эмес деп байкушту, Өлтүргөнү келген сени деп коркутушту. Алдыгы тебетейиң жулуп алып, Башыңды кайнак сууга малат деди. Эх, мыкаачылар маң кылганы аз келгенсип, Эми келсе аткының деп жааны берди. Адамзатты айбан кылган макулуктар, Ардантышып маңкуртту жөнөп кетти. Аңгыча күүгүм каптап айлананы, Ай чыкты сүттөй кылып эрме чөлдү. Элине алып кетем деп эне келсе, Эссиз уул өз энесин ажал көрдү. Келет эне уулуна жай бастырып, Бечараны ажал бол деп шаштырып. Адамзаттын бул ишинен жийиркенгендей, Ай да кетти булуттарга жашырынып. Жоламан, Жоламан деп эне келет, Жалгызым кайдасың? деп сыздай берет. Токто! Кагылайын атпа! Атпа! бул мен апаң, Деген сөздү ээн талаа жутуп кетет. Тепчилди жебе эне жүрөгүнө, Термелип ылдый карай кулап барат. Жоолугу моюн ылдый шыпырылып, Жомокто куштай болуп сүйлөй учат. Кулунум, тааныйсыңбы бул мен апаң? Атың ким? Атың сенин Жоламан. Атаң ким? Кургурум ай, Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай... Бул жомок өзөгүмдү өрттөп сөгөт, Чындыгын ырастап ий бул жомоктун. Ээн талаа эрме чөлдө апапак куш Дөнөнбайлап учуп жүрөт, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай...
@buraiymkutushevna1262 жыл бұрын
Баракелдеее. Сыймык иним Баракелдеее Бул ырың дагы, дагы көп ийгиликтерди алып келсин
@Kyrgyzlegalise Жыл бұрын
Көздөн жаш агып, жүрөктүн оорусун өзү менен алып кетет дайым укканда бул баянын, сиздерге терең ыраазымын рахмат..
@user-xi7ur6gt1r3 жыл бұрын
Мыкты дастан Сыймык аке, кадырыныз бийик ийгилигиниз арта беришине тилектешмин
@user-yi2cb8zn2n3 жыл бұрын
Сыймыктын ырларын уккансайын уккун келет ден-соолук омуру узун болсун
@user-mk5sv7gg3k3 жыл бұрын
Сыймык омурун узун болсун.Элимдин сыймыгысынар.Мен талантынызга таазим кылам.
@zaramusaeva64933 жыл бұрын
Москвада бир орус танышымдын квартирасына барсам китеп полкасында Ч.Айтматовтун китептери бар экен .Сурадым сиз окудунузбу бул чыгармаларды деп,десем конечно он же всему извесный писатель .Анын чыгармалары аябай кызыктуу деп жооп берди.Озумчо сыймыктандым,оа да анын чыгармасын окуубаган элдер жок деп ар тилде басылып келген чыгармалары деп.Озунчо башкача болот экенсин с гордостью жооп кайтарып,рахмат Ч.Айтматов атабызга кыргызды даалайга таныткан учун.
@user-ex3wv1qc4b3 жыл бұрын
Кандай бактылуу адамсын Сыймык. Ушундай залкар Адамдын чыгармасына ыр жазып, аны менен кол алышып кокурок тийишип корушуп. Унундон жаш экенин билинип жатат. Корком адабиятка кызыгып окусан керек. Бул чыгарма жон жерден жаралбагандыр.
@user-cd1jc1mo9e3 жыл бұрын
Азаматсыз Сыймык байке бар болунуз коп жашан,кыргыздын уюткуларынын бирисиз
@abimanapkyzysapargul30343 жыл бұрын
Сыймык байке талантынызга таазим !Аллахым бизгеда сиздей уулберсе экен .Кудайым сизден ыраазы болсун, уй булолук бакыт каалаймын
@user-iu6jo5rg8b6 ай бұрын
Ыйлаттың , сыймык!!!!!! Бар бол🤲🤲🤲🤲
@user-vw2mt4uc8m Жыл бұрын
БУЛ ЫР ЖАҢЫ ЧЫККАНДА МААНИ БЕРБЕГЕНИМЕ АНДА ЖАШ ЭКЕНИМЕ ӨКҮНДҮМ😣,БҮГҮН КӨРҮП,КЛИП МЕНЕН КОШО ЧЫНЫН АЙТСАМ ЫЙЛАДЫМ😢😢😢,УШУЛ ӨҢДҮҮ МАҢКУРТТАР КӨБӨЙҮП БАРАТКАНЫНА ЫЙЛАДЫМ...СЫЙМЫК ИНИМ ТАЛАНТЫҢА ТААЗИМ,АМАН ЖҮР🤲🤲🤲🤲🤲🤲👍👍
@user-adtaai3 жыл бұрын
Кандай Бактылуу Адамсыз! Залкардан ыраазычылык уккан, бата алган! Дагы ушундай сонун мыкты чыгармаларды күтөбүз Сизден. Бар болуңуз Сыймык ага!
@zairbekabdykaiymovich29193 жыл бұрын
Ишинизге ийгилик ушундай Эл сыймыктанган инсандардан болуп журобериниз
@user-rj8db7ms3f3 жыл бұрын
Сыймык кайталангыс талант.Сыймык менен сыймыктанабыз!!Омурун Узун Болсун!!!
@user-nb5gj8fw5k3 жыл бұрын
Керемет👏👏👏 Айтматов атабыздын арбагы ыраазы болсун 🙏🙏
Эх, кандай гана окунучтуу😭😭😭😭😭 кыргыз элим манкурт болуп баратканы, бир кичине байлык, мансап учун оз эли-жеринин келечегин сатып жатышат😭😭😭, суранам манкурт болбогулачы, кичине болсо дагы оз акылынарды иштеткилечи, башынарды буруп койсо эле агып кете бербей!!! Сыймык ага сиз кыргыз элинин байлыгысыз, сыймыгысыз! Аллах Таалага мин мертебе ыраазычылык билдирем сиздей асыл адамды кыргыз кылып жаратканына! Омурунуз узун болсун, онорунуз оркундой берсин!!!🙏🙏🙏🌹🌹🌹
Сыймвк мырза ,талпнтынызга таазим ! АЗАМАТСЫЗ! Чынгыз Айтматовдой улуу адамдан бата алыш ар кимдин колунан келе бербейт! Айтматовдун терен философиялуу чыгармасын ырга салып,журокко жеткиргениниз чынында эле чон эрдик. 70 жаштагы Ысык -Колдон сиздин куйорман катары да, эне катары да ак батамды берип, ден соолук , чыгармачылыкта ийгилик каалаймын.
@BesnaSdez18 күн бұрын
Чыгарманы окуганыма ото эле коп жыл отту... Сыйыктын ушул ырын биринчи жолу угуп атам... Кыргызстандан кеткенимде 87 жыл эле... Аттин, алыста калды бала чагым... Коздон жаш агып, кусаланып, сыймыктанып уктум кайра_кайра... Чынгыз Айтматовдун элесине _таазим! Сыймык Бейшекеев, ийгилик колдосун, ар дайым! Жаша, Кыргызстаным! Тилин билбеген, жерин суйбогон, журтун унуткан манкурттар аз болсун, арабызда! Адам деген атакка татыктуу бололу, ыр саптардагы!
@user-gs8um2jt8b3 жыл бұрын
Эн мыкты чыгарма. Чыгармачылык ийгилик каалайм
@stalbekomaraliev65993 жыл бұрын
Сыймык иним таланнтына тазим
@user-jt6fx6gy5z3 жыл бұрын
Сыймык омириниз узын болсын талантыныз тасый берсин бул ырынызда керемет екен к у з г и н о ш е р ди кунде тындап журем
@user-om2oz4qs1j3 жыл бұрын
Залкарлар👍
@user-jh5cy9ng7w3 жыл бұрын
керемет сонун
@rozamamatova53493 жыл бұрын
Кыргызымдын чыныгы уулдары!!! Улуулары!!!
@user-jo4we6dt3y3 жыл бұрын
ЧЫНГЫЗ атабыз да кыраакы киши да СЫЙМЫКТЫН элдин сыймыгы болорун,алдын ала баалаган экен.Ден соолугун болсун коп чыгарма жаратканга .
@gulzadaguli98603 жыл бұрын
👍👍👍🤔🤔🤔Сыймык Бейшекеевдин ырларынын мазмуну аябай жакшы👍👍👍Менин Кыргыз элинин суйуктуу ырчыларынын бири🙏🙏🙏Кыргыз элинин Сыймыгы,Атына заты жарашкан ырчы!!!
@user-lx4qe4fh7n3 жыл бұрын
Сыймык Бейшекеевге ден соолук чыгармачылык ийгилик бар болунуз кыргыз элим сиз менен сыймыктанат
@gulyatilenbaeva50433 жыл бұрын
А я была в этом концерте. Тогда и увидела Чынгыза Айтматова один единственный раз.
@rozamamatova53493 жыл бұрын
Чынгыз, Сыймык- кыргыз сыймыгы!!! Терен таазим!!!
@user-me9zn1mi9i2 жыл бұрын
Агай сизге рахмат ,ыйлап уктум
@user-fg8hv9tf6r Жыл бұрын
Сыймык байкенин интервьюсунан кийин ушул ырын издеп келдим бул жерге. Өзү айткандай Чыңгыз атабыз сыймыктана турган ыр болгон экен. Сизге чоң рахмат Чыңгыз атабыздын барында өзүнө угузуп, батасын алганыңыз үчүн!
@user-cb8bh4kd6z2 жыл бұрын
Сыймык азаматсын👍👍👍
@munarbekalybaev48483 жыл бұрын
Ассалоому алейкум, азаматсыз 👍 👍 👍 Сыймык аке кооп жашан. 👏👏👏 13 октябырда кутобуз ак жол сизге.
@user-kx7by1xi2j7 ай бұрын
Бул ырды кичине кезибизде Сыймыктын ыр жыйнагы жазылган кассетадан угуп жаттаганмын анда 15,16 жаштагы кыз элем , азыр 42 жашта апа болдум.
@user-jb7nl2gu1j Жыл бұрын
Ушул ырды уксам мени багып ушул даражага жеткирген энеми эстеп коп ыйлайм ушул ыр чыканда отту эле
@meerimzakirova14903 жыл бұрын
Супер 😊👏
@AltynaiZhangazieva6 ай бұрын
Эң сонун,керемет. ❤❤❤
@user-jw7yj1qj9e3 жыл бұрын
😭😭😭😭😭😭😭😭
@user-wz9wu4zw8z3 жыл бұрын
👍👍👍
@rickhan4492 Жыл бұрын
Чынгыз Айтматов эстуу инсан каймана мааниде белги берген наймандарга,тарыхынды изилде деп,
@user-zy9tq9dy7d3 жыл бұрын
😥😥😥😥
@user-kb3dg3xi6b2 жыл бұрын
Сыймыктын ырлары аябай уккулуктуу кыргыз элим сыймыктансак болот улуу дуйно тааныган Чынгыз атабыздын батаасын алган азамат ыраазычылык айтып кетем онорун оркундой берсин
@user-vo6pq3zo3k3 жыл бұрын
👍
@gulshadatsadykbaeva33592 жыл бұрын
Өнөрүнүзго таазим, Аллахым сизге берекелүү өмүр берсин
@user-bx8jm6js2k Жыл бұрын
Чынгыз ата великий писатель
@user-nt2pz4cw5b3 жыл бұрын
Браво ,Сыймык! Ты вы неповторимый певец.
@rickhan4492 Жыл бұрын
Алтын бешиктин урпактары Кокон хандыгында бий болгон, Эрденебий боо найман, миндер Азирет Алинин урпактары сейитер максымдар,биз Тамаша айылында жашайбыз,
@user-tc7tz8rf4q5 ай бұрын
Аягына чейин жандуу ырдайто десе
@borzia.1979.2 жыл бұрын
Назира Айтбекованын интервьюсунан кийин уккандар барбы? Сыймык Бейшекеев, өчпөс талант. Көз жашым агып атып уктум..... .
@nuripasoorbekova37557 ай бұрын
Бул клипте башка улуттар тартылыптыр же кинонун узундусу болду бекен.
@user-ku4xv5dc2r6 ай бұрын
😢😢😢
@user-ro9oo2rk1k6 ай бұрын
Омурунузго береке❤ денсоолукта болунуз Сыймык байке. Бул кинобу же атайын клиппи? Болсо кайсы кино???
@user-mk3uc3dz8q7 ай бұрын
Ыйлайсын кандай керемет чыгарма
@ghazgulkalybaeva41746 ай бұрын
Апасы келгенде уруусунан жигиттерди кошо келсе болмок экен да, аттин!
@user-ps5xx8rm8o3 жыл бұрын
Азыркы ширк деп дамбал койнок кийгендер укса 30 жылда эврейлердин эми програмасы ишке ашты дагы 20 жылда бизди сирия кылбаса болду кыргызым ойгон Алардын чон кызыкчылыгы Эл башы болбой суу башы бол деген соз бар.бара бара суу алтындан кымбат болот
@rickhan4492 Жыл бұрын
Бул чыгарма каймана мааниде, Наймандардын тарыхын жашырып манкурт кылгысы келгендер жонундо айтып атат, Кучлукхан Алтайдан Жыззака келген болу керек,Кара кытай мамлекетин басып алган Кучлукхан мамлекети деп атаптыр,Амир Темир найман барлас болот экен,атасы найман апасы барлас болу керек, Фергана ороонун жунгардан сактап калганы найман Эрденебий болот, ушул нерселер бурмаланган жашырылган,
@user-bx6bs9cx8b7 ай бұрын
“””.
@user-us4ed7mf4p7 ай бұрын
Адамдан откон мыкаачы жок дуйнодо.
@bat17162 жыл бұрын
Алда байкуш манкурт,
@nurchannel68903 жыл бұрын
👈суротту басып Бутун Кыргызстан Партиясын колдоп каналга подписка болуп коюнуздар 8️⃣✅8️⃣✅8️⃣✅8️⃣✅ 💥💥💥💥💥💥💥💥💥💥💥💥🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@user-ry8ou6yu7v3 жыл бұрын
*Кыргыздар макурт болдук катуу тийсе кечирим сурайм бирок арданбагыла*😪😪😪😪*