Рет қаралды 2,097
Сага керектүүнүн бары бир тарифте!
perehodi.o.kg/
Каракол шаары - Кыргыз Республикасынын негизги туристтик аймактарынын бири. Бул шаар маданий мурастарга бай. Мисалы, ар кандай этностук топтор ушул жерде жашашат. Аларга : Дунгандар, калмактар, уйгур. Биз дал ушул Каракол шаарынын ажайып кооз жерлерине сапар тарттык. Алгач эле караколдуктардын негизги тамагына айланып калган ашлямфунун даамын таттык. Андан соң Каракол шаарында жайгашкан "Ортодокс" чиркөөсүнүн тарыхына күбө болдук. Жергиликтүү тургундардын айтуусу боюнча, Каракол - илимге умтулган жаштардын шаары. Буга Каракол шаарындагы жеке ишкерлердин демилгеси менен ачылган заманбап «Дем» китепканасы далил.