Рет қаралды 96,667
#сыймыкбейшекеев #майайымахабатым #жанырыр2022 #ремикс #кыргызчаырлар #хитырлар #элмирбексыймык
Сөзү, Элмирбек Иманалиев
Обону, Сыймык Бейшекеев
Көк шибер жашыл көктөм,
Көнөктөп жамгыр төккөн.
Жадырап май айындай,
Жашарып көңүл өскөн.
Сезимдин айы ушул,
Сен күткөн, мен да күткөн.
Кайырма:
Май айы-махабатым,
Маңдайга жазган бактым.
Өзүңдөн таткым келет,
Өмүрдүн ыракатын,
Май айы-менин бактым.
Сулуусу он эки айдын,
Сурайлы сырын майдын.
Ачылып гүлдөй өмүр,
Арылат капа-кайгың.
Жашайлы ырга айлантып,
Жаштыктын жашыл айылын.
Кайырма:
Май айы-махабатым,
Маңдайга жазган бактым.
Өзүңдөн өмүр улап,
Өзүңдөн сүйүү таптым,
Май айы -махабатым.
Жаштыкты коштоп турган,
Жазга мен окшоп турам.
Жамалы-жашың ыраң,
Жакшы ойду козгоп турган.
Мезгилдин перзентине,
Мен сени окшоштурам.
Кайырма:
Май айы-махабатым,
Маңдайга жазган бактым.
Сүрөп бар сан жылдарга,
Сүйүүсүн ар бир жаштын.