Эхххх Кыргызым!!!!!! Эмнелерди башыңан өткөрбөдүң !!! Эмине деген бабаларыбыз АЗАТТЫКа жетиш үчүн шейит кетип, өмүрүн тапшырды жаратканга😢😢😢😢 Урпактар татыктуу сактап калышыбыз керек 🇰🇬🤲
@Стоп-ф3е3 жыл бұрын
Гимн!!!
@МаксатКулуев3 жыл бұрын
АЗАТТЫК Азаттыкка кыргызым кантип жеттиң Аттарчынын атындай арып жеттиң Сакалыңа чалынып карып жетип Ар өзөндө сөөк болуп калып жеттиң Күзгү суудай тартылып тарып жеттиң Жазгы суудай тосмону жарып жеттиң Ат жалында өбөктөп жатып жеттиң Ак келтеңди асманга атып жеттиң Ала тоодон азаттыктын таңы атып. Аккуланын үнү чыгат алыстан Ак шумкардын үнү чыгат шаңшыган Арча комуз мүдөөсүнө жеткен кез Алмустактан азаттык деп таңшыган Азаттыкка кыргызым кантип жеттиң Айкөл сөзүн адамзатка айтып жеттиң Абалкыңа акырындан кайтып жеттиң Аска ташка эн тамгаң тартып жеттиң Мусаапырча "Үркүндө" качып жетип "Мумиядай" мөңгүдө катып жеттиң Жетегинде желкеленип не бир элдин Жетишинче коңулда жатып жеттиң Ала тоодон азаттыктын таңы атып Кырк чоронун үнү чыгат алыстан Урпак үчүн чоң казатта чабышкан Кайран энең- Манас Манас Манас-деп Тай торуну сууруп келет жарыштан Азаттыкка кыргызым кантип жеттиң Аккаңкыңды жазданып жатып жеттиң Жер ортолук деңиздей чалкып жеттиң Жерге түшпөй жебеңди тартып жеттиң Өз каныңда өзүң кайнап боргулданып Өз сөөгүңдү өзүнө жагып жеттиң Шодокондун бүркүттүндөй шукшурулуп Шоросундай Табылдынын ачып жеттиң. Ала тоодон азаттыктын таңы атып Төгүп келет... Ырчы Уул Ыраман... Жан киргендей өзү атылды сырбараң Кумайык ит кыр жондордон көрүнүп Желип келет жерге батбай желмаян. С.о.М Кулуев
@Стоп-ф3е3 жыл бұрын
Ракмат!
@РусланАскаров-ь8п3 жыл бұрын
Кылымдар бою ырдала турчу ыр болуптур Максат ага
@nurgulmambetkulova1626 Жыл бұрын
👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻
@ЖумалыОлжонов4 ай бұрын
Азамат Максат!
@ЕшпаеваАйбарчын2 жыл бұрын
👍👍👍👍👍
@ДжолдубайСейитов11 ай бұрын
Азаматсын Максат колдойм.!!!урматтоо менен Жолдубай акен.