Рет қаралды 51
КЫРГЫЗДЫН ӨЗӨГҮ НАРКТА.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Сапарбекович Евразия Бүгүн сайтына маек берип, кыргыздын баалуулуктарынын башаты болгон Манас жөнүндө кеп козгоп, орошон ойлорун ортого салды.
Кеп кыябын келтирип, алыстан сөз баштап кыргыздын түпкү тарыхын, каада салтын, нарк насилин жана бүгүнкү коомдогу болуп жаткан ар кандай окуялардын күңгөй тескейин жиликтеп, кыргыздын кылымдардан бери чайпалган менен төгүлбөгөн, чачылган менен жоголбогон КЫРГЫЗ КАНТИП ӨЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮН САКТАП КЕЛЕ ЖАТКАНДЫГЫНЫН СЫРЫН айтты.