Манастан баян курган калемгер

  Рет қаралды 130

Майрамбек Самүдүн

Майрамбек Самүдүн

Күн бұрын

Кочкор райондук И.Исакоа китепканасында Жазуучу драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыбек Максүтовдун « Манастан баян курган калемгер » аттуу чыгармачылык кечесинде жазуучунун кара сөз менен адабияташтырып жазган Манас, Семетей, Сейтек үчилтигинин бет ачары болду. Чыгармачылык кечени И. Исаков атындагы райондук китепкананын директору Бурулсун Султаналиева ачып , анын жоро жолдоштору сөз сүйлөштү
. Кочкор районундагы Исабек Исаков атындагы борбордук китепканасында Жазуучу, драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыбек Максүтовдун “Манастан баян курган калемгер” аттуу чыгармачылык кечеси өттү. Ошону менен бирге эле Бактыбек Максүтов тарабынан Манас, Семетей, Сейтек үчилтигинин адабияташтырылып, кара сөз менен жазылып чыккан китебинин бет ачаары болду. . Иш чараны райондук китепкананын башчысы Бурулсун Султаналиева ачып жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу слайд көрсөтүлүп, анын чыгармаларына арналган бурч менен тааныштырылды
Кочкор районунун акиминин орун басары Бермет Абдрахманова, маданият үйүнүн башчысы Салтанат Чоргоева, жазуучунун замандаштары сөз сүйлөшүп Бактыбек Максүтовдун Манаска терең көңүл буруусу, кийинки урпактар үчүн эң керектүү мурас экендигин , Манас, Семетей, сейтек үчилтигинин кара сөз менен жазылышы жалпы окурмандарга түшүнүп окууга жеңил экендигин, чет тилдерге которууга жеңил болоорун айтышты. Чыгармачылык кечеде китепкана кызматкерлери, маданият үйүнүн өнөрпоздору чакан концерт тартуулашты. Акырында жазуучу өзүнүн адабияташтырып, кара сөз менен жазылган “ Айкөл Манас”, “Семетей”, “Сейтек баяны” Сейтек үчилтигинин 5 томдук китебин окурмандарга белекке берди.
Бактыбек Максүтов 1947-жылы 19- январда Кочкор районунун Шамшы айылында туулган. 1964-жылы Фрунзе шаарындагы № 5 мектепти аяктаган. Ал мектепте окуп жүргөн чагында эле чыгарма жазуу менен алектенген. Анын “Эненин алкышы” аттуу эң алгачкы аңгемеси 1962-жылы “Кыргызстан пионери” газетасына жарык көргөн.
1969- жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн. 1969- 1970 -жылдары Кочкор районундагы “Ленин”, “ 24- партсъезд”, “ Теңдик”, “ Октябрдын 60 жылдыгы” атындагы чарбаларда эсепчи, башкы экономист, башкы эсепчи, профкомдун төрагасы, Кум-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы кызматтарында эмгектенген.
1990-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Жогорку Кеңештин Экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча комиссиянын катчысы, 1995-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Контролдоо палатасында инспектор, 1997-200-жылдары Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болуп иштеген. Азыркы учурда “ Айкөл Манас баяны” фондунун төрагасы болуп иштеп келе жатат.
1973-жылы “Согуш тактары” аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. 1993-жылы “Казыбектин арманы”, 2000 -жылы “Айкөл Манас баяны” 2 томдук китеби басылып чаккан. Ал 90 дон ашык китептин, 14 драманын, 8 киносценарийдин автору. Бактыбек Максүтов Коомдук “Манас” академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ардактуу профессор наамдары менен сыйланган. Бактыбек Максүтовдун ысмы Шамшы айылындагы китепканага коюлган.

Пікірлер
МАИНКРАФТ В РЕАЛЬНОЙ ЖИЗНИ!🌍 @Mikecrab
00:31
⚡️КАН АНДРЕЙ⚡️
Рет қаралды 42 МЛН
SHAPALAQ 6 серия / 3 часть #aminkavitaminka #aminak #aminokka #расулшоу
00:59
Аминка Витаминка
Рет қаралды 1,3 МЛН
Кеминдеги Эрмек устаз деген ким?
1:15:06
МАИНКРАФТ В РЕАЛЬНОЙ ЖИЗНИ!🌍 @Mikecrab
00:31
⚡️КАН АНДРЕЙ⚡️
Рет қаралды 42 МЛН