Мектеп директорлору мындан ары конкурстук негизде тандалып, беш жыл иштей турган болду

  Рет қаралды 52,728

Ала-Тоо 24

Ала-Тоо 24

2 жыл бұрын

Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык жаңы окуу жылына чейин миңге жакын билим уясынын жетекчиси кызматын тапшырып, кайра сынак менен тандалып алынат. Министрлик ушу тапта, мөөнөтүн, жобону жана уюштуруу тартибин дайындап жатат.
Президенттин мектеп директорлоруна байланыштуу бул жарлыгы коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Кубаттап колдогондор менен катар нааразы пикир айткандар да бар. Эң кызыгы Кыргызстанда 41 жыл бир мектепте директор болгондор да бар экен. Отуз жыл, жыйырма жыл, он беш жыл отургандар чекеден чыгат. Мында түшпөс хандардын кызматтан кете турганын угуп, сүйүнгөн ата-энелер арбын эле болду. Анткени, баары дебейин бирок басымдуусу мектепке коррупциянын уюгун уюштуруп алышкан. Эми нааразы пикир айткандарга келели.
Айрым мектеп директорлорунун айтымында беш жылдык мөөнөт мектепти билип, иликтеп жилиткеп, ата-эне менен байланыш түзүп, кандай иштерди жасаш керектигин аныктап алууга аз болуп калат. Бул пикир канчалык негиздүү айтуу кыйын, бирок бизде жаңы баш мыйзамга ылайык президент беш жылдан эки мөөнөткө гана шайлана алат. Бери дегенде беш млн калкы бар мамлекетти башкарып, натыйжа көрсөтүү менен эң көп дегенде эки миң окуучусу бар мектепти жетектеп, ийгилик жаратууга беш жыл канчалык аз, канчалык көп сиз таразалап алыңыз. Бирок сынактан өтсө мектеп директору эки эмес үч-төрт жолу да директор боло алат. Тема тууралуу кесиптешим кенен айтып берет.

Пікірлер
Кыргызстан жаңылыктары | 21:00 | 27.09.2024
39:23
Ала-Тоо 24
Рет қаралды 24 М.
iPhone or Chocolate??
00:16
Hungry FAM
Рет қаралды 37 МЛН
Шок. Никокадо Авокадо похудел на 110 кг
00:44
Самые Опасные Дороги в Мире, По Которым Вы Не Захотите Проехать
31:29
Мыктыбек Арстанбек таамай сүйлөдү
8:47
ИШКЕРДИК АКАДЕМИЯСЫ
Рет қаралды 224 М.