Рет қаралды 4,391
23-май күнү Бишкек шаардык сотунда абакта жаткан активист Мелис Аспеков аны үй камагына чыгарбаган соттун чечимине нааразы болуп темир торду тепкилеп ызы-чуу салып, сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү.
Эсиңиздерге сала кетсек, Мелис Аспеков 2021-жылы Кыргыз темир жолу ишканасынын жетекчиси Василий Дашковдон 250 миң доллар пара алган деген айып менен камакка алынган.
Андан кийин Мелис Аспековго "Алдамчылык" беренеси боюнча экинчи кылмыш иши козголгон.
Мыйзам боюнча сот 1 жылдын ичинде күнөөсүн далилдеп, сот өкүмүн чыгарбаса айыпкер абактан бошотулушу керек. Мелис Аспеков мына ушул мыйзам нормасына таянып өзүнүн абактан бошотулушун талап кылып жатат.