Мигрант үй бүлөнүн миң тозогунун бири…

  Рет қаралды 19,795

Илим Карыпбеков

Илим Карыпбеков

Күн бұрын

Пікірлер
@ЖумагульЭрмекбаева-щ5л
@ЖумагульЭрмекбаева-щ5л 5 ай бұрын
Эч качан куйбойт кайын журт акчан болсо адамсын акчан жок болсо эч ким эмессин
@Нетимени-ъ7м
@Нетимени-ъ7м 5 ай бұрын
Мен келин болуп келгенде аябай оор болду, себеби баары акылдуу бир мен тупой болчум . Кичинекей кайнилерим да келип мындай тигиндей деп кетишчу. Аябай ызаам келчу. Мен жогорку билимдуу, активисит, лидер болчумун , ойноп аябай шайыр журчумун. Турмушка чыктым бир дозокко тушуп калгандай болдум. Эч тушуно албай журдум. Ата энем асмандагы айдай коруп остурушту, а кайнжурт жердеги ылайдай корушту. Бир айдай эч кимге эч нерсе суйлобой журдум. Анан секин кайнсинди, кичине кайнилерге суйлобой пошел деп тымызын сазайын берип журдум(тамаша чынга салып жетпесин деп. Ошентип 3,4 жыл депрессия да журдум бир кайненеме суйлой албаймын. Ал аябай окумун корсотуп журду. Анан психология боюнча акырын онлайн билим алып баардык техникаларды колдонуп баарын жендим десем болот. Бассам турсам мага кылган мамилесин кыздарынан корсун дечумун. Айткандай коз жашымдын баарына кайнэнем жооп берди. Кыздары ото кыйнады. Ушул жашыма келип мындай кыйналган аялды коро элек болчумун, почти 7 жылдан бери болок жашаймын. . Тилегеним ошол эле. Негизи такылдап баарын ордуна коюп журдум. Азыр бири да суйлой алышпайт.. Анан чечим чыгардым баарыбыз чогу жашайбыз деп. Аябай каршы болушту озун кет балдар калсын деп . Жок деп 3 баламды алып келе бердим. Башында аябай кыйналдык. Ишибиз онолсун деп журуп, куйоомду миллионер кыла алдым. Аллага шугур мен суранган жашоону Алла Таала берди. Ыраазымын. Менин жаш келиндерге советим билим алгыла. Азыр сонун заманда жашап атабыз, онлайн да бекинип болсо да окугула. Аябай пайдасы чон. Мени да депрессиядан психология алып чыкты.
@СезимДоронова
@СезимДоронова 5 ай бұрын
Жолдошун жалгыз бала болсо кайненене кайра кайткыла себеби сенин жашоон алдыда кайненендин кунуно тушпойун десен, кайтар дуйно дейт
@Нетимени-ъ7м
@Нетимени-ъ7м 5 ай бұрын
@@СезимДоронова кеттик деп чарчадым, азыр эми жумушу жакшы болуп кетпеймин дейт жолдошум, кыздар балдары менен уйдо, аларга да барбаганыбыз ынгайлуу окшойт, келгиле деп айтпады бир
@MariaSmailova-hj3vi
@MariaSmailova-hj3vi 5 ай бұрын
Сендей келин катын эне ападан кудай сактасын
@UmarBank-g2v
@UmarBank-g2v 5 ай бұрын
Жаман болсода кайнененин алдына кайткыла эртен башына тушпосун кайтар дуйно ошолордун дуасын ал куйоонода айт апасын жалгыз таштабасын эртен окунот
@MikeTyson-q3n
@MikeTyson-q3n 5 ай бұрын
оа кандай болгондо да Энеда кызматын кылып батасын ала бергиле кайнене кызматынды билбесе да Аллах коруп турат
@GulzinaTagaeva-s7d
@GulzinaTagaeva-s7d 3 ай бұрын
Кудага шугур атам 2 турмушум окшобосо да алып кетти магазин ачып берди бутума тургузду 2 балам остурду азыр бактылумун 3 турмушка чыкка жашоом жомоктогудай балалу болбогон жигитке турмушка чыгып 2 Кул тородум Мурда 1 Кыз 1 уулум болуп чогуу туравыз шугур атам апам жардымы менен жашоом жакшыы баары ордунда аллахыма шугур
@bek0-l5y
@bek0-l5y 5 ай бұрын
Илим сага ден- соолук, ишине ийгилик ,кыргыздын сендей жигиттери коп болсун.
@ПериштемЖоробаева
@ПериштемЖоробаева 5 ай бұрын
Ушундай окуяларды аягына чейин уга албайм журогум ооруйт. Кудайым сактасын мага бироо тик карап суйлосун кетип эле калам 2 балам менен. Кара нан жеп суу ичсемда мээм тынч отурам. Чыдаьагыла! Курошкуло! Билим алгыла! Тушкнбогон эрден чуркап артынарды карабай качкыла!
@Доброзлопобедит
@Доброзлопобедит 5 ай бұрын
Илим Карыпбекович , сиз менен замандаш ,курдаш экенбиз. Мен келечекте озумо соз бергенмин.Эки уулум бар,Кудай колдоп уйлоп жайлаганымда уулдарымы ээрчип келген бироонун квздарын. Оз кызымдай кабыл алаи,билбегенин уйротом,билбесе да сен тарбиясыз экенсин дебейм. Уруш кериш чыкса биринчи уулдарымды такадайм,сурака алам. Себеби мен да биздин курук менталитебиздин кайын журттун кысымын кордум. Каалаганындай кордошту,киришти,тебелеп, тепсешти.Андан бир эле мен кыйналбадым,мени менен кошо уулдпры да катуу кыйналды. Ошону билип турушса да кайдыгер болгон туугандарды кордум. Менин балдарым,уй булоосу андай болбош керек. Келиндин бир кана поступогун кечирбеш керек. Ал мумкун ,ала жипти аттап, жолдошуна чоп салуу болсо. И балам да аялынан аттап башкага коз алса жазасы катуу болот
@AliDkz
@AliDkz 5 ай бұрын
Куйоо баласына абдан жакшы мамиле кылат любой ата эне , а вооот келин как будто мусор 🗑 , особенно туштукто басып канынды ичет
@sonyaaripova81
@sonyaaripova81 5 ай бұрын
Туштукто эле эмес, тундукто деле баар андай келинди сабаган кайнене,еще кайненеси эле эмес жолдошунун таенеси да сабаган бир келин бар колдон
@БурумжанАшпаева
@БурумжанАшпаева 3 ай бұрын
Кызматынын баарын келин кылбатса деле негедир келин жаман боло бергенине таң калам, ал келин өзүнүн тукумун улап жатбайбы, негедир ошону түшүнбөйт бизде мусулманчылыкта.
@Сымбат-х8н
@Сымбат-х8н 5 ай бұрын
Илим байке рахмат сизге туп туура айтасыз
@user-defined53271
@user-defined53271 5 ай бұрын
Эн туура бир да кайнене келинди эч принимать этишпейт просто давления эле кылышат.Мен да буйрса кайнене болом кудайым буйрса жакшы кайнене апа болом ,мен баламды биронун кызын эч качан кыйнабайм .
@bek0-l5y
@bek0-l5y 5 ай бұрын
Кудайым хидаят берсин ар бирибизге ,Илим сен эн туура кенеш бересин.
@NurAS634
@NurAS634 Ай бұрын
Кудай сактасын,азыр эчкимге сынтагып да болбойт,баарыбыздын башыбызда проблема😢
@aiperi-
@aiperi- 5 ай бұрын
Диляра,суроо берген эжеге менин ойум:сиз болгон бир жашоонуз бар,буро учун деп ойлобонуз, болгон сиз озунун жана балдарыныз учун жашаныз. Мен ишенем сиз озунуздун суроонузга жообун билесиз. Ажырашыныз, эл эмне дейт деп ойлобонуз, эл ар дайым ойлойот,суйлойт,ушактайт. Башында оор болот,бирок озунзго ишенип жол издесениз женечиз жана жаны жашоо табасыз. ❤❤❤❤❤❤❤❤
@Сабр-б7м
@Сабр-б7м 3 ай бұрын
Макул кайын журту жамандаса куйоосу поддержка кылып суйуп жылуу мамиле кылса чыдап жашаса болот .Главный бул жерде эркек маанилуу.Эгер куйоо тушунбосо жашагандын кереги жок
@saltanatmamyralieva2397
@saltanatmamyralieva2397 Ай бұрын
Бактылуу эне болсо балдары да бактылуу болот.
@УуканНурмаматова
@УуканНурмаматова 5 ай бұрын
Кыздар билим алгыла, онор уйронгуло. Бош келбегиле. Шалпайбагыла
@АйсалкынАныракаева
@АйсалкынАныракаева 5 ай бұрын
Илим,рахмат сизге. Эн туура жооп болду окшойт . Тандоо озунон болуш керек. Балдарыныз учун чыдаймын десениз чыданыз. Бирок болунгонго мумкун болсо жолдошунуз менен кенешип корунуз. Конулунузду, ички дуйнонузду балдарыныз менен толтуруп башка эч нерсеге алаксыбасаныз сонун жашап кетесиз!Ал дегеним балдарыныз менен чогуу кыялданыныз, чогуу эс алыныз, китеп окунуз. Керек болсо чогуу иштениз. Ото оной жолдой сезилет, бирок ото керектуу. Бар болунуз,Диляра.
@Уулкан-п4с
@Уулкан-п4с 5 ай бұрын
Биздин коомдо жаш уй булоолорго колдоо корсотуунун ордуна, кайын журт киришип,келин кызмат кылууга милдеттуу деген сыяктуу тушунуктор коп, айтайын дегеним ар бир инсан билимдуу болуп озун коргой алыш керек,жеке чек арасын коргоп, озунун кызыкчылыктарын коргой билиш керек, озунузду эздирбениз,озунузду коргошунуз керек, сизге айлана чойронуз кандай мамиле кылуусун сиз чечесиз, сизге кордук косрсотуусуно жол бербениз.
@aigulbegalieva-px4df
@aigulbegalieva-px4df 5 ай бұрын
Келиндер кайын журтка барып бужуробой эле оюнарды айтып,тен укукта жашоого аракет кылгыла,билбесенер уялбай эле суроо керек,уйлонгучо жигитинер менен макулдашкыла ачык суйлошуп алуу керек,куйого тийбей калам деп эле тийе бербей,уй булоо оюнчук эмес ал бир мамлекет,ага финансы,маданият,билим жагынан биргелешип гармонияда мамиле жасабасан тез эле быты чыты болуп талкаланат,ортодо балдар сынат,мунун кимге кереги бар.Ойлонгула,этият болгула ❤
@КенжеМуратова-м2ь
@КенжеМуратова-м2ь 5 ай бұрын
🙏🙏👍👍👍👍
@Aida-h2j
@Aida-h2j 5 ай бұрын
Омурлуу болунуз!
@ЖазгулАбдыманбетова
@ЖазгулАбдыманбетова 5 ай бұрын
Туура айттыңыз, сиздей ойлонгон адамдар көп болсо, бар болуңуз!
@Сабр-б7м
@Сабр-б7м 3 ай бұрын
Куйоосу поддержка бербесе конулу жок болсо жашагандын кереги жок.....
@УчхозУчхоз
@УчхозУчхоз 16 күн бұрын
Кантип, кантип ажырашыш керек, койо бербейт, ичпейт, чекпейт, намаз окуйт, Эркектик мээр корбодум, мага орой
@НуржамалИбраимова-ь2б
@НуржамалИбраимова-ь2б 5 ай бұрын
Ассалому алейкум! Диляра,сен ата энеңе,эл эмне дейт деп ойлобо.Өзүң үчүн,балдарың үчүн жаша! Балдарыңдын өз насиби бар,кор болбой кетип кал.Илимбек туура айтат,туура чечим кабыл ал👍
@Bek20886
@Bek20886 5 ай бұрын
Ушул суроолордун баарын Ислам Дини айтат!!! Бул хак
@begimainurlanova2446
@begimainurlanova2446 5 ай бұрын
Туура эмне кылса да Келин кызындай болбойт . Келин картошка баласы бриллиант коруно берет . Мындай да кээде торогон энене жакпайсын анан кайын журтка кантип жакмак Элен .
@МинаварМаматова-ю3й
@МинаварМаматова-ю3й Ай бұрын
Илим иним Аскар Акаев жонундоайткандарын эн туура чындыкты айттын Ой пикирлерине кошулабыз
@КубаБекназаров
@КубаБекназаров Ай бұрын
Ата эне караймын оокатын жасаймын ,айтканын кылам деген тушунуктуу мееден ыргытып ташта ,ооба жардам бериш керек ,каары болсо ,ар адам уйлондунбу ,турмушка чыктынбы ,оз оокатын башталды ал учун курош ,жыгылып тур ,ошол нерсе менен турмуш ширин ,татаал ,адам озун озу жене билбесе турмуштун тепселендисинде калат.
@zarina-tr4jd
@zarina-tr4jd 5 ай бұрын
Кээ бир ата энелер кайра оздору кордоп башташатда : ажырашып келдин, элдин кыздары мындай тигиндей деп……
@premiumaiym
@premiumaiym 5 ай бұрын
Бир кезде мен да озум учун туура чечим чыгарганмын. Эл бугун мени, эртен сени, бурсугуну Эшмат, Ташматты. Жашоо сени менен калат.
@Schatzileinchen
@Schatzileinchen 3 ай бұрын
Ото туура жооп болду.
@АнараАбдукеримова
@АнараАбдукеримова 5 ай бұрын
Кыздар ошону учун эрге тигрени шашпагыла, окугула, жогорку билим алгыла. Озунорго бекем болгула, нанынарды таап жейтурган болуш керек эрдин колун карабай. А бул окуя бойунча эртндин жанына кел коз мээрим сен алыста болсон кантип мээр берсин.
@ТынчтыкАйтиев
@ТынчтыкАйтиев 5 ай бұрын
Бузукуланба.
@АнараАбдукеримова
@АнараАбдукеримова 5 ай бұрын
@@ТынчтыкАйтиев бул чындык ачуу чындык. Эркеке эчкачан ишенбеш керек ошону биргана биз билебиз
@laellove453
@laellove453 5 ай бұрын
Эн туура, шашапагыла! Эркек картошкадан коп, любой момент тийсе или тийбей деле койсо болот 😊
@sayaksolto1556
@sayaksolto1556 5 ай бұрын
​@@ТынчтыкАйтиевэмне болуп бущукуланып жатыптыр? Же эмне кыздар билимсиз , келипсиз болуп 100% күйөөсүнүн кулу болуш керекпи? Күйөө оюн, жашоого болгон максаттарын өзгөртүп салышы ыктымал, өлүп калышы ыктымал, же болбосо майып болуп калышы ыктымал. Аялдын дагы эки буту, эки колу, башы бар инсан. Аял дагы өз жанын бага алгангадай билимдүү инсан болуш керек. Аял билимдүү болсо коомго билимдүү балдарды тарбиялайт.
@Schatzileinchen
@Schatzileinchen 3 ай бұрын
Туптуура. Ата эне онор уйротконго аракет кылыш керек. Иностранный тилдерди уйротуш керек.
@ЖазгулМадирова
@ЖазгулМадирова 2 ай бұрын
Канчалык жашоонду озун татаалдаштырсан кыйналып жашап журо бересин. Балалуу боло электе чечиле турган иш болчу чынында. Койнунда жаткан ээрине созун отбосо Балдарды кантип тороп атасын. 😮😮
@СаламатРыскулбекова
@СаламатРыскулбекова 5 ай бұрын
Туп туура бул табият деген созу жакты
@MeerimIsmailova-m7d
@MeerimIsmailova-m7d Ай бұрын
ЭЧ качан омурунорду кор кылбагыла,уч баланын ырыскысы бар чонойот.
@НурланСоорбеков
@НурланСоорбеков 3 ай бұрын
Или сен билимдуу инсансын. Мен сени коп кором. Бирок ошол мигрант биздин жаш жигиттер,кыздар жыргаганынан журобу тентип суук соз угуп,ачка болуп.Элдин эмоциясынан озуно рейтинг чогултпай, ошолорго реалдуу жумуш орун таап бербейсинби. Сен уккан окуяларды биз деле угуп ,коруп журобуз. Терен ойлон.
@ЧолпонТоктакунова
@ЧолпонТоктакунова Ай бұрын
Ото туура кенеш бердиниз .
@Meka-e5b
@Meka-e5b 5 ай бұрын
Мыктысыз
@НазираАбдыраимова-ъ4з
@НазираАбдыраимова-ъ4з 5 ай бұрын
Мен кайын журтум,итиркейим келет.Менин психикамды бузган
@ТурдайымМурзакаримова-р3щ
@ТурдайымМурзакаримова-р3щ 5 ай бұрын
Миграцияда жургон деле эс нерсе эмес ,главное куйоо олгур тилге келип ,утуру тетири.баспай чачпай тапканды корунгонго бербей ,урбай сабабай жашаса баардык ийгиликке жетет ар бири. Аялы менен куйоосу бир коз карашта бии волнада болсо жашоо бактылуу уланат экен. 12 жыл болду карызы бутпойт😢😢😢 коркпой алат карызды аны жабам деп кредит м.н толоп кредитти процент м.н толоп коюп журот, уялбай кайра мен коп табам сен аз табасын дейт 😢😢😢 мен тороп уйдо отуруп калсам да 30 мин айлыкка иштеп аттым корбой экен
@МаматкуловаМайрамкан
@МаматкуловаМайрамкан 3 ай бұрын
Мен кучтуу болуп чыгып кеттим азыр уч баламды гулдой акылдуу кылып багып алдым азыр мени жактырбаган куйоом Алланын жазасын тартып жашар журот экинчи кобра айал менен
@ГулизаНуракматова-д8м
@ГулизаНуракматова-д8м 3 ай бұрын
Ишинизге ийгилик
@гулирамолдобаева
@гулирамолдобаева 5 ай бұрын
Ата энеси карабаган үчүн байкуш келин күйөөсү жок кайнында 3 балалуу болгуча кул болуп журот да...... өзү күнөөлүү 😢😢😢😢😢
@ГулираМаматеминова
@ГулираМаматеминова 5 ай бұрын
Антип айтпа бироонун семьясы бизге карангы себептери башка болтушу мумкун ата Энем давление болот деп да Кобу айтпайт
@AsenatIshenbaevaws
@AsenatIshenbaevaws 3 ай бұрын
Ага щас 😅 . Мои родители всегда за моим супругом 😩 Всегда защищают своего любимого зятька.
@БакытБолотбеков-м8м
@БакытБолотбеков-м8м 2 ай бұрын
😂👍
@ГульсанаМолдалиева
@ГульсанаМолдалиева 5 ай бұрын
Бул маселе мамлкетке да тиешелүү. Эл караңгылыктан чыкпай жашап келе жатат.Өсүп келе жаткан муундун тагдырын ойлобогон коомдун келечеги жок. Ошон үчүн кыз-келиндер зомбулука көп кабылышат.Калктын сабатсыздыгы. Улуу муундагы аялдар,эркектер араксыз жашоосу караңгыдай сезилип калган. Балдарына арак алдырып ичишет. Анан ошол балдардын келечеги дагы так ошондой болот.
@Nura-p1y
@Nura-p1y 5 ай бұрын
Бизде кичине баласына же жалгыз баласына тийгендер көбүнчө ошондой эле жашашат. Менин апам кичүү келин болду. Бул кызмат оор. Ар балдары келип кирише беришет. Биз кичинебизде атам менен апам ажырашып кете жаздаган. Ошол кийлигишүүдөн. Бирок атам жакшы киши болгон үчүн апам чыдады. Мен өзүм ушунун баарын көргөн үчүн бөлүнүп эле жашагым келет.
@erkingulibraeva896
@erkingulibraeva896 5 ай бұрын
Артынды карабай кач!Куйоон сени киши катары корбосо,кайындарын сени кун катары кабыл алса ал жерде сага орун жок.Элди унут!Озунду ойло!Азыр какрас каникул,балдарынды уч айга торкунуно ташта да Бишкекке кел.Пакистандын эркектери тиккен машинаны сен да тигесин.Кучтуу бол!
@КанипаКолдошова
@КанипаКолдошова 3 ай бұрын
Азыр техниканын ,билимдин заманы.Кооп арыздангандан коро билим алыныздар.Озунуздорду озунуздор тарбияланыныздар .Баары телефондо чыгып жатат.Эч кимден эч кандай жардамдын кереги жок.Менде да ото оор турмуштар отту.Мен 55 темин.Мен Кыйналганда китеп окучумун.Ал кезде телефон жок болчу да.Кыргызда макал бар.Билимдуу минди жыгат деген.Билимим менен семьядагы жашоону башкарып алчумун.Жаштыгыма карабай Ата эне кайнене кайната куйоону да жакшы мамилем менен билимдуулугум менен женип кетчумун.Канча жаман создорду суйлобосун бирок кийин окунуп кала тургандай мамиле жасачумун.Кыргызда жакшы соз жыланды ийинден чыгарат деген макал бар.Биринчиден адам озуно анан башкаларга жардам кылабыз.
@АнарханБазарьаева
@АнарханБазарьаева 16 күн бұрын
Кайненелер этият болгула, силер келинге жаман мамиле жасасанар оз кызынарга кайтат! Менин кайын синдим ажырашып келип калган ( 34 жыл отту), а мен чыдап, намыс кылып чыдап, жендим ( бирок куйоомдун поддержкасы чон болду), уй було бутун болду, кийин да балдар торолду, Куйоомо абдан ыраазымын бул турмушта.
@БактыгульКулманбетова
@БактыгульКулманбетова 3 ай бұрын
Кайэне жакшы болсо келин жаман ,келин жакшы болсо каэне жаман ошондуктан өзүнчө эле жашап туруш керек
@nuraidabazarbai
@nuraidabazarbai 2 ай бұрын
Кризисный центрлер бар, бараар жери, жардамы жок аялдарга балдары менен.
@kush87157
@kush87157 5 ай бұрын
миграция кыйнады бизде жашоо татаал негизи .
@anuka.bondi94
@anuka.bondi94 5 ай бұрын
Мен эн туура чечим кылыптырмын,уч баламды алып кетип жатам буйурса 😍😍
@АсылканТопчубаева
@АсылканТопчубаева 5 ай бұрын
Ооба бардык кыйынчылыкты аялга таштап ,баланы да аялга таштап,жоопкерчиликсиз журушот
@Nurel-x3w
@Nurel-x3w 5 ай бұрын
Мен жалгыз балам бар келин алсам буйруса өзүм тарбиялап алам деп жүрөм ал да бирөөнун кызы да энелер ойлонсок жакшы болот
@Жони-ц5ж
@Жони-ц5ж 5 ай бұрын
Акам окуу сабак ачын ака сураныч сиз кылаласыз
@NurzatAbdimanapova
@NurzatAbdimanapova 5 ай бұрын
Оа менин башымдан да отту бул нерсе
@ГулнараНуркулова-г1н
@ГулнараНуркулова-г1н 5 ай бұрын
Илим туура айтат чечимди озун чыгар
@ЭлизаБошкоева-т5о
@ЭлизаБошкоева-т5о 5 ай бұрын
Билим алгылачы кыздар🙏🙏🙏
@АсылканТопчубаева
@АсылканТопчубаева 5 ай бұрын
Мындай эркектер толтура,мен жолдошум да 7 болду Москвада жүргөнүнө,4 жылда келди уч уулум бар ,кечирип кайра жашадым эле ката кылган экенмин,уйлонуп алган экен,кайра кетти ,мен да эми таштадым,артка жол жок,жашоо бумеранг аллахым жазасын берсин,аял мойнуна канча кыйынчылыкты алып ,жашоомду сактап калайын деп аракет кылат экен
@НазгулДушембаева
@НазгулДушембаева 3 ай бұрын
Илим акам онолуп кетиптир. Илгери неге жаман болдунуз экен.
@Мээрим-и5о
@Мээрим-и5о 5 ай бұрын
Мен дагы келиндик статустан коркуп...тврмушка кеч чыктым...себеби дос квздарымдын кайын журттан коргон кордугун коруп оздорун акыбалы жашооскн корвп журогум тушот ле...31 де турмушка чыктым....кайнене кайната корбодум...коркуп журо берипмин..кыздар эрте чыкпаш кк турмушка.....кечи жакшы......ащыр жашоом соннун Аллага шукур...бирок жолдошум мн 9 ле жыл жашадым...омуру кыска кен...
@АйзадаМусабаева-щ7э
@АйзадаМусабаева-щ7э Ай бұрын
Туура озунорду ойлогула озунорду сыйрагыла эч качан бироо силерди унижать эткенине жол бербегиле. Конечно ажырашып эле жакшы жашоо башталып кетпейт кыйналасын кысталасын балдарды багуу деле оной эмес,но кийин озуно озун рахмаат дейсин,кыздар жертва болбойлучу. Жаман корбонуло но ушундай ситуациялар туштук тарапта коп каждый 2чи же 3чу Уй булоодон жолуктурасын,куйоо эле эмес кайын эже кайын синди,кайын ага дегендин балдарын кошуп карайсыздар керек эмес ар ким баланы озу учун тороп озу тарбия бериши керек. Ал минтет тиги тигинтет дебей озуно озун суроо бер мне это надо деп если нет то тогда не задерживайся. Баланы багасын акчаны табасын азыр эмне интернеттин заманы элдер колундагы телефон менен акча таап жаткан учур
@MeerimBegalieva-ty6kd
@MeerimBegalieva-ty6kd 3 ай бұрын
Иий менин алтындай болгон иним
@АтыркулМамытова-к9д
@АтыркулМамытова-к9д Ай бұрын
Кайын эне келинди жамандайт,Келин кайнэнени айтат бул туура эмес.Эне бала болуп бир бирин тушунуп жашаш керек.Турмушту туура жолго салып,турмушту акылы менен женип жашаса баары норма болот.
@kushbakovamunara3411
@kushbakovamunara3411 5 ай бұрын
Бизде келинди адам емес кул катары корот анын созу да озуда адам емес ошол жерде только кызматчы
@НуржанТупаевна
@НуржанТупаевна 5 ай бұрын
Ассалому алейкум баарыныздарга ар бир аял или еркек ооз оордуу менен тушунуп туура кабыл алышса бундай тупой суроолор болмок емес, ен биринчи аял жакшы ер жакшы дейт кучтуу болуш керек баарын соз менен акыл менен билим менен женсе болот бизде баары сабатсыз китеп еч ким окубайт аялдар Ушак айтат Еркектер Биз жолуктук передача корушот анан оздоруно келгенде бири бирин жек корушуп уруш талаш Ажырашуу ошордон болуп атат Ата ене бизде туушунбойт тийдинби олосунбу коëсунбу жашааа дешет
@baktygularykova1180
@baktygularykova1180 5 ай бұрын
Бул келин кор болуп журбошу керек. Кайын журтан кетиш керек. Уч баланы карабаган атанын дагы кереги жок сизге. Отура берсен диградация болуп отосуз.
@nurnur4939
@nurnur4939 5 ай бұрын
Колунуздан иш келет созсуз Диля Срочно кетиниз 60 ка чыкканда артынызды карасаныз туура кадам жасаган болосуз..кетиниз
@Bekbol-p3i
@Bekbol-p3i 5 ай бұрын
Сурообузду кайсы жака жазабыз??
@ГКаримова
@ГКаримова 5 ай бұрын
Азыркы келиндер Турмушка чыгат сразу мигрант болуп кетет. Мен турмушка чыгып сразу мигрант болуп Москва бардым 30.40 Адам жашадим Кайнатам кайын Энем мн кайын журт мн жашадым бир комнатада Жаш келинсин эчтеке дейалбайсын бирдеке десен тилин осуп калганбы дейт. Мен иштеп кв синимайт этип чыгып кетик Азыр баары жакшы Жашаганыма 15 жыл болду бала чакалуу уй жайлу болдук Сый урмат менен журом
@ЖылдызханЖоробаева-л5л
@ЖылдызханЖоробаева-л5л 5 ай бұрын
Кандай суроо берсек сизге
@КурманжанЭгемкуловаА.Жунусовме
@КурманжанЭгемкуловаА.Жунусовме 3 ай бұрын
Саламатсыздарбы урматтуу комментарий жазгандар мен 58 жатамын келиним бар бирок аны кызымдай көрөмүн көп сырымды келинимди айтып чечемин.
@ГулираМаматеминова
@ГулираМаматеминова 5 ай бұрын
Диляра сен бир эле жолу жаралгансын Кор болбо кет Аллахка таян балдарынды багып аласын ата эне тушунот суйлош алар мн алиментке берип кой азыр жакшы толонот толобосо границадан да ото албай калат.Сен ушинтип Журо берсен оорукчан болуп каласын балдарына керексин сен жазгандай болсо бир кун да токтобо
@АсельА.К
@АсельА.К 2 ай бұрын
Туура, нерв ооруларын таап, кеч б.к. электе баардык маселени эрте чечип алуу абзел. Эгерде Сизге эч ким адам катары мамиле кылбаса, ал жерде эмне кылып жүрөсүз деген суроо туулат.Өзүм дегенде өгүздүкүндөй күч табылат, андыктан ал үй -бүлөдө жашап кет/ге көзүңүз жетпесе, баарын жыйыштыруу керек. Белди бекем бууп, талыкпай эмгектенип, үй алып балдарыңыз менен бактылуу өмүр сүрсөңүз туура болот.
@Мира-н2в6к
@Мира-н2в6к Ай бұрын
Эркектер Россияда акча тапса катын кошо табышат экен куйдурушту
@НуржанМамутбекова-в6ч
@НуржанМамутбекова-в6ч 5 ай бұрын
Меникиндей тагдыр экен гоо😂
@USKG312
@USKG312 Ай бұрын
Negizinen tuura ele kenewter birok bir taraptyn gana oiun ugup bir taraptuu kenewter myndai abalda uibuloo kurulnait a kuurait
@Саадатбу
@Саадатбу 5 ай бұрын
Биз келиндин коттуно пахта койсок да тушунбоду Апам байкуш баарын жасайт келин сат 20-11 туруп иш кылат сасып жата берет эрине кошулуп эки кыз туудум деп башына каронаны кийип алган манас туугансып
@НУРАлиев-ъ5в
@НУРАлиев-ъ5в 5 ай бұрын
Бул жерде өзүн эле чыгып кет балдарды ташта, иште окуу бутка тур. Анан балдарынды өзүнө алып карап кетсен болот. Сен өлсөн деле бала калат. Баладан мурун өзүндү ойло.
@akakhdbe36akkaunt57
@akakhdbe36akkaunt57 3 ай бұрын
Кызыксынар го бала жок кантип жашайт,кийин берип коебу,эч качан ала албайт кийин .Туура эле кенеш берди балдарынды бага алсан кет болбосо чыда бекер кыйнабай балдарды
@КадырбекТурдубеков-в4щ
@КадырбекТурдубеков-в4щ 5 ай бұрын
Эверест жонундо айтып беринизчи
@ПериштемЖоробаева
@ПериштемЖоробаева 5 ай бұрын
Бизде дегеле кризисный центр барбы?
@Nuri-or8ty
@Nuri-or8ty 5 ай бұрын
Мындай кенеш бергенге болбойт . Ажырашып кетсе , балдарыны Сиз бакпайсыз да . Алиментке жашап болбойт , уч бала менен ар кимдин козуну карап калат . Куйоосунун жанына балдары менен барганы он , эгер куйоосу келбесе . Ансыз деле уй було коп бузулуп жатат .
@АйжаркынДжаббарова-э2ч
@АйжаркынДжаббарова-э2ч 5 ай бұрын
Менин апам уч кызы менен кетип калып олгон жок. Кайра жакшы жашады. Озун аркет кыласын тиргилик кылып кетет аял киши.
@Aziza-rt2iy
@Aziza-rt2iy 2 ай бұрын
Мендела ошондой
@Aziza-rt2iy
@Aziza-rt2iy 2 ай бұрын
😢😢
@Aziza-rt2iy
@Aziza-rt2iy 2 ай бұрын
Ошондой мамиле болуп ажырашкамын
@user-pu9ei8ik1k
@user-pu9ei8ik1k 5 ай бұрын
Илимда озунун оюну айтып атат туурале тушунуш керекта ,негеизи кыз баланы турмушка тийип кетти деп эле таштар койбош керек барган жери аркандай болуп калат жакшы жаман кишилерге да туш болуп калатта кабар алып туруш керек кыз баланы тымбай Ата -Эне жок болсо эгерде эде акелери да уйюно барып кабар алып туруш керек .
@Вапиооолднпаа
@Вапиооолднпаа 5 ай бұрын
Мен пенсиядамын бирок иштеп журом,Тенириме,Жаратканга мин мертебе шугур!Ушул жакта иштеп журуп коп нерселерди угуп,кордум.Туштуктон коп иштегендер мени мн,келиндер айтат кайын энелеринин мамилелерин,ыйлагандарды кордум,жакшы жашап кетсин дегендин ордуна,тескерисинче уруш чыгарышат экен,келини мн баласынын ортосуна жатып алган кайынэнелер бар экен,угуп алып тан калдым,кандай адамдар бар деп.Инимдин кызын дагы кайынэнеси ортого кирип баласына тескери суйлоп,адамгерчиликти эмес акчаны биринчи орунга коюп,жузун жоготкондор бар экен,синдим тороду,баласы мн эшикке чыгарып салышыптыр,оз жеринде дагы эмес,ошондуктан кундо адам бойдон калуу кээ бироого кыйын экен.
@КанымгульКырбашева
@КанымгульКырбашева 5 ай бұрын
Түштүктө адам саны көп да, тууган!Кыргызстандын жарымынан көбүн түштүк эли түзөт. Мен түштүк кызымын, бирок менин төркүнүмдө да, кайын журтумда да келин -кайнене деген маселе жок! Себеби, билимдүү келиндер, тарбиясы жакшы жердин кыздарыбыз баарыбыз . Келиндерге кыздардан да жакшы мамиле жасашат. Миграцияда жүргөндөрдүн , кайын энелерине мамилелерин мен мигрант катары өтө көп жолуктурдум. Шаарды көргөн эчкиден түнүл деген мақал эн туура айтылган.Түндүктүн келиндерин жолуктуруп, э мгиче мамилелеш болуп жүрөм. Так сиз айтқандай мамиледе кайын энелери менен. Билимдүү кыздар эч качан кор болбойт!!!!
@АйжаркынДжаббарова-э2ч
@АйжаркынДжаббарова-э2ч 5 ай бұрын
Мен да туштуктонмун. Бирок бизде женелерим ханышадай журушот. Колдору толо алтын кийгендери кыбмат койнок. Бирок озум тундуко тушкомун ал жакта хуже туштуктон салты. Эртеменен эле туруп эшик шыпыртпаса калганы окшош эле
@Гулназ-ь8ю
@Гулназ-ь8ю 5 ай бұрын
Ушундай менде дагы болгон куйом Россия га кетип анан мени кетирген кайнеже, кайненемдер жамандап жатып, кайра жарашканбыз ортодо балам бар ,конул калган, айла жок бир балам болсо дагы чыдаганга аракет кылып журом
@NurAS634
@NurAS634 Ай бұрын
Получается сиз ал жакта кул эле турбайсызбы кетиниз
@NurizaKanatbekova
@NurizaKanatbekova 5 ай бұрын
98%тузот келинди баарибир келин дейт
@Эля-т7у
@Эля-т7у 5 ай бұрын
Сенин мунозун -сенин тагдырын. Мунозду, пейилди ондош керек.
@ГулзинаАнарбеккызы
@ГулзинаАнарбеккызы 5 ай бұрын
Куйонорду сыйлагыла жаман болсода балдарынардын атасы
@ГулизаНуракматова-д8м
@ГулизаНуракматова-д8м 3 ай бұрын
Таанышкандар барбыоштуктар барбы
@AigulTagaeva-jz2nb
@AigulTagaeva-jz2nb 3 ай бұрын
Айалдар коп учурунда кунолу алар озунун.ата энесин.эркеси. башка.уйго куйого келгенде конбойт баш бербейт дид бербейт Ата энесинин эркелетип.чонойткон ойлойп жашайт конул буйруп айт куйого. Тийгенин.ойунун баары башка . буларга .жакпай калсам . башка олкого качып иштеп. Кетем мен . жашайт .кызды .куого. тарбиялаш керек Бизде андай эмес . кызым Москвадан иштеп бизди. багат кудай буйрса деп тарбия беришет ошон учун . бизде . жашоо ОТО татаал
@nameabmin818
@nameabmin818 5 ай бұрын
ДИЛЯРА ЧЫГЫП КЕТ АЛ УЙДОН
@Мира-н2в6к
@Мира-н2в6к Ай бұрын
Ушул эркектер каарый турган кунун ойлойбу жэ всегда жаш бойдон калышабы
@Akmatov_A
@Akmatov_A 5 ай бұрын
аялдарынарды кордобогулу жигиттер озунор бул жакта чайханалап сауна суточная квартиралап журосунор алар да силерге окшогон адам силердин кызынарды куйо баланар таштап кетсе ошонтип таштап кетсе кандай карайт эленер
@Айсулуу-г5в
@Айсулуу-г5в 3 ай бұрын
Түшүнбөгөн күйөөнүн эмне кереги бар, барынан жогу! Айланайын кыргыз кыздары, айымдар өзүнөрдү бир аз да болсо сыйлагылачы! Өмүр кыска ансыз деле… Эч кимге кор болбогула!
@omurbeksamatov1167
@omurbeksamatov1167 5 ай бұрын
Пиводон басып келип алып кенеш айтканда 😂
@History_kg
@History_kg 5 ай бұрын
Мага да ушинтип суроо жазгылачы,мен жооп бергенге аракет кылайн
@Акбар_Ош_24
@Акбар_Ош_24 5 ай бұрын
Адам адам болушу учун не кылыш керек?
@History_kg
@History_kg 5 ай бұрын
@@Акбар_Ош_24 тушунбой калган окшойсун, купуя жазсан,
@History_kg
@History_kg 5 ай бұрын
@@Акбар_Ош_24 буга чеин чындык коммент жазгам,очуруп салыптыр
@History_kg
@History_kg 5 ай бұрын
@@Акбар_Ош_24 илимдин окуусун сатып алыш керек
@History_kg
@History_kg 5 ай бұрын
@@Акбар_Ош_24 Чынгыз А.окуу керек
@Йцукенгшщзх0303
@Йцукенгшщзх0303 5 ай бұрын
Тема туура эле коюлганбы?Ошондо мигранттар тозоксунар дейби?
@GulbayraKudaibergenova
@GulbayraKudaibergenova 5 ай бұрын
Илгери ошонтип еле чыдап байбече болдук бирок кайнене кайни Синди барып тирилгин кылсын куйон сени зашат етиш керек
@adylnur
@adylnur 5 ай бұрын
Ээри эр эмес эле дайди турбайбы
@History_kg
@History_kg 5 ай бұрын
Качантан бери Илим ака семейный психолог болуп калган? Жон эле мага жазды деп, озунорго озунор суроо кылып контент кылып аткан жоксунарбы?
@History_kg
@History_kg 5 ай бұрын
Аалым Чубак ажы болгондо....
@baktygularykova1180
@baktygularykova1180 5 ай бұрын
Менин куйоом СССР ураганда РФга кетип. Эми 30 жыл шапар тееп жургон. Уул,кызды багышкан эмес, мектепти, жогорку окуу жайын окутуп бутурдум. 30 жылдан кийин,инвалид болуп бараар жери жок келип бизге жук болуп отурат. Ютубка чыгарбай эле жооп берчи айланайын .
@askarakbaraliev5774
@askarakbaraliev5774 5 ай бұрын
Акыл уйротбой кыргыздарга, Аалымдардан кечирим сура Озунчо умный боло бербей Максат ажы жана башка аалымдарга каршы суйлоп динди бурмалаган Адам бул
From Small To Giant 0%🍫 VS 100%🍫 #katebrush #shorts #gummy
00:19
One day.. 🙌
00:33
Celine Dept
Рет қаралды 45 МЛН
Түшкү ЖАҢЫЛЫКТАР топтому 28.11.2024
6:50
ОшТВ Каналы
Рет қаралды 9 М.
Күйөөм көчөдө интеллигенттей, үйдө малдай жүрөт!
7:40