Рет қаралды 9,565
Иерусалим - 3 чоң монотеисттик диндеги: Ислам, иудаизм, христианчылыктагы ыйык шаар. Мусулмандар үчүн Иерусалим маанилүү орунду ээлейт. Ал - мусулмандардын биринчи кыбыласы, бул жерде Аль-Харам жана Ан-Набави мечитинен кийинки кымбат саналган мечит Аль-Акса жайгашкан. Бул шаарда пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ Миражга көтөрүлгөн. Мындан тышкары, Иерусалим Куранда бир нече ирет келет. Акыркы орун алган окуялардан улам үмүт, коркунуч, ишеним, каршылык жана күрөшкө толгон Иерусалимдин оңой эмес тарыхына кайрылалы деп турабыз.
Каналга катталыңыздар