Рет қаралды 332,481
Рыскелди Момбеков өкмөттү долбоордогу так суммалар боюнча депутаттар берген суроолорго жооп бере албай жатасыңар деп кыжырланды.
Ал: “Коопсуз долбоор эмес эле коопту долбоор, коопту адамдар аралашкан долбоор”, -деп атады.
“Конкреттүү эмес эле коммерциялык долбоор болуп калды. Дастан Артисбековичтин жоопсуз калып кеткен суроосун кайталайын. Силер азыр бюджетке беш жылда 5 млрд сом түшөт деп айтып жатасыңар. Муну кайсы далилге таянып айттыңар. Бул деген бүгүн турмушка чыккан кызды, бүгүн же эртен төрө дегендей эле кеп”, -деди эл өкүлү.
Депутат менен биринчи вице-премьер-министрдин айтышы долбоордогу камералардын суммасынан улам чыкты. Рыскелди Момбеков кайра- кайра тактоочу суроолорду бере берип, жыйынтыгында экөө кыйкырыша кетишти
#КалысМедиа, #Кыргызстан, #Жанылыктар