Рет қаралды 192,400
Урматтуу биздин баракчанын катталуучулары!
Учурда элкартты картага туташтыруу боюнча түрдүү көйгөйлөр жаралууда. Алардын эң негизгиси катарында ЗАБЛОКИРОВАТЬ СЛУЧАЙНУЮ СУММУ НА КАРТЕ деген жазуунун чыгып калышы. Эмне кылабыз? Бул эң жөнөкөй.
1. Мүмкүн болсо жакын арада жайгашкан өзүңүздүн банктын кеңсесине барып, кызматкерлерден жардам сурасаңыз болот.
2. Картаңызды жакын арадагы банкоматка алып барыңыз. Эскертүү: ал банкомат элкартты тейлей алуусу керек. Андан кийин уюлдук телефонуңуздагы элкарт тиркемесин ачып, андан соң ЗАБЛОКИРОВАТЬ СЛУЧАЙНУЮ СУММУ НА КАРТЕ деген жазууну басыңыз. Картаңызды банкоматка салып, сыр сөзүңүздү териңиз. Андан кийин эгерде сиз кыргыз тилин тандап кирсеңиз КИЧИ КӨЧҮРМӨ деген, ал эми орус тини тандап кирсеңиз МИНИ ВЫПИСКА деген бөлүм болот. Ошол бөлүмдү бассаңыз банкомат сизге чек чыгарып берет. Адатта ал чекте бүтүн сан жазылат. Дал ошол бүтүн сандарды (мисалы, 2,05 сыяктуу болушу мүмкүн) тиркемедеги жерге жазасыз. Андан кийин уюлдук телефонуңуз элкарт тиркемесине туташат.
Баса, биздин баракчага катталуну унутпаңыздар!