Рет қаралды 716
Атай аттуу башкы каармандын айланасында өөрчүп - өнүккөн, жаш өспүрүмдөргө тиешелүү учурдун бардык көйгөйлөрүн көтөргөн психологиялык - социалдык сериал. Бат байып кетүүнү көздөгөн баардык жаштар сыяктуу эле, орто мектепти аяктап жаткан Атай кандай жол менен болсо да Кыргызстандан Америкага чыгып кетүүнү кыялданат. Баланын оюнда Америкада акча табуу ылдам, оңой жана жеңил, аны ал жакта жалт-жулт эткен сыйкырдуу дүйнө, жашоо күтүп тургандай сезилет. Бирок атасынын дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кетиши анын мойнуна чоң жоопкерчиликти илет. Атадан Атайга эмне мурас калды? Өзүнөн кичүү иниси, толгон карыздар, төлөнүп-төлөнбөй жүргөи кредит жана тамак-аштын өзгөчө рецепттери жазылган эски дептер... Атай инисин окуудан өксүтпөй багып , атасынын карыздарынан кутулуп, өз үйүн сактап калууга бир гана жол көрөт - бул атасынын тамак-аш жасоо боюнча рецепттерин колдонуп, кафе бизнесин ачуу. Мектеп окуучусу чоңдордун бизнесин жүргүзө алабы? Мындан ары окуя кандай өнүгөт, сериалда көрсөтүлөт.