Көргөнүмдө көчөдөн, Көңүл оттой көзөлгөн. Көк сулуум деп ырдаштан, Кеммин чиркин Өтөдөн. Өңүмдө эмес түшүмдө, Болдум турмуш өтөгөн. Кайырма: Илбээсиндей басканың, Имерилген каштарың. Кайдан мага көрүндүң, Карегимди жаштадың. Боору белең асканын, Боюм ылдый таштадым. Түгөнгүр кайдан жолуктуң, Түшүп кетти асманым.. Ошол күндөн,өмүрдөн.. Ой мүдөмдү төрт бөлөм; Кан таламай турмуштан, Кайра кайра өкчөлөм. Жанар тоого, жамгыр бол,. Дагы канча өртөлөм.