Нарында каза болгон маркумдун жакындары аны жол тескөөчү сабаганын айтып чыгышты

  Рет қаралды 424

Жаӊылыктар - SUPERTV

Жаӊылыктар - SUPERTV

5 ай бұрын

Президентке Кочкор районунун тургундары кайрылуу жасашты. Анда жарандын МАИ кызматкери тарабынан өлтүрүлгөнү айтылат. Видеону жактоочу Шердор Абдыкапаров жарыялады.
Маркумдун жубайымын деген аял анын өмүр бою милиция кызматкери болуп иштегенин айтат. «Отставкага чыккан милициянын майору болчу. Жолдошум МАИ кызматкеринин ур-токмогунан каза болуп отурат. Каза болгондон бери укук коргоо кызматкерлери тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок. Мен операция болуп, өзүмдүн жаным менен алышып, жүрөм», - деди ал.
Маалыматка караганда, окуя 12-декабрда саат 19:20 чамаларында болгон. «Маркум досу экөө Москвич унаасы менен токтоп турганда аларга Кочкор районунун МАИ кызматкери барган. Алардын унаасы арыкка кирип кетип, чыгара албай турушкан. Жол тескөөчү барып, унаа кимдики экенин, документтерин сураган. «Мас турбайсыңарбы» деп мурунга чаап буту менен тепкилей баштаган. Ошондо маркум милициянын ардагери экенин айтып, сабалып жаткан кишиге жардам бере баштаганда аны да сабай баштаган. Ал бизди сабап, дагы бир кызматкерди чакырып, унааны айып короого киргизишти. Ошол учурда досум аялына, эжесине чалып, таяк жегенибизди айтып атты. «Эгерде мен өлүп калсам, МАИ күнөөлүү» деди. Экөөбүз Кочкор районунун бейтапканасына бардык. Кызматкер артыбыздан келди. Рентгенге түшкөндө таза экен деп коюшту. Ошол бойдон эртеси ал ооруканага жетпей көз жумду», - деген маркумдун жанында болгон досу.
ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан окуя боюнча үн катып, видео менен бөлүштү.
«12-декабрда Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында Б.Т аттуу айдоочу жанындагы Т.Т. аттуу досу менен “Москвич 412” үлгүсүндөгү унаасын мас абалында айдап бара жатып, арыкка кирип кеткен. Аны жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери көрүп, мас абалында экендигин аныктоо жана тийиштүү чараларды көрөйүн дегенде, айдоочу жана жүргүнчүсү кызматкердин мыйзамдуу талабына баш ийген эмес. Акыр аягы наркологиядан текшертип, спирт ичимдиктерин ичкендиги аныкталган жана унаасы айып короо жайына токтотулган.
Ал эми жүргүнчүсү эч кандай дене башы оорубай эле өзү басып, түнү Кочкор РИИБге кызматкерге карата тийиштүү чара көрүү үчүн, арыз жазып үйүнө кеткен. Азыркы учурда бул факты боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүү үчүн бардык материалдар Нарын облусунун Улуттук коопсуздук камитетине жөнөтүлгөн», - дешти.
Редакция окуя боюнча Нарын РИИБге да кайрылганыбызда, УКМК тарабынан тергелип жатканын билдиришти.

Пікірлер: 1
Төрт баланы энесиз калтырган зомбулук
6:43
Рассрочкага кыз барбы?  Бештапанга 20 жыл 4 бөлүк
19:57
Куудулдар Академиясы
Рет қаралды 27 М.
Eccentric clown jack #short #angel #clown
00:33
Super Beauty team
Рет қаралды 29 МЛН
Would you like a delicious big mooncake? #shorts#Mooncake #China #Chinesefood
00:30
Why You Should Always Help Others ❤️
00:40
Alan Chikin Chow
Рет қаралды 31 МЛН
Kolaborasi bersama Siswi lagi, peningkat mood ala PNS hijabcantik.
0:32
PNS hijabcantik penari
Рет қаралды 2,1 М.
Сот паркта уятсыз "иш" кылган 2 жашка  ӨКҮМ чыгарды! Бизге азыр УШУНДАЙ сот керек!
3:09
«Качпаганыбызда кырып салышмак экен»
5:29
Kloop кыргызча
Рет қаралды 102 М.
«Гансиде» уланган жана узаган өмүрлөр
13:36
БИЗ ЖОЛУКТУК 2 СЕЗОН 36-ЧЫГАРЫЛЫШ
1:29:50
Канат Шоумен
Рет қаралды 68 М.
ЖАЙЛООДОГУ ЖАЙ ТУРМУШ
11:57
УТРК Нарын
Рет қаралды 858