Рет қаралды 1,971
Көп жылдар бою оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келген Ноокат жолу 2023-жылы ремонттоло баштаган. Анда 47 чакырым жолдун 13 чакырымы гана жарым-жартылай курулган - 13 км жолго бир кат асфальт төшөлүп, ошону менен кыш келген.
Анткен менен жергиликтүүлөр кыш чыккан соң жаңы салынган жол кайрадан бузула баштаганына даттанышууда. Жолду курган ишкана жол кайра оңдолуп, бул жылы экинчи кат асфальт басыларын жана 13 км жол толук бүтөөрүн убадалады. Ал эми Ноокат жолунун калган 34 чакырымы качан бүтөөрү белгисиз.
Каналга жазылуу: / @kloop3223
Биздин веб-сайт: ky.kloop.kg
Facebook: kloopkyrgyz
Twitter: / kloopkyrgyz
Instagram: / kloopkyrgyz