Рет қаралды 116,162
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарын ылай аралаш суу каптады. Катуу келген сел 10 жаштагы баланы агызып кетип, өспүрүм кырсыктан бошоно албай көз жумду. Учурда аймакта селдин кесепетин жоюу иштери кызуу жүрүүдө. Ага райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана жарандык коргонуу кызматы болуп, 150дөн ашык адам жана 12 оор инженердик техника жеринде иштеп жатат.
Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз
Facebook - / utrkkg
KZbin (УТРК) - / @utrkkgchannel
Instagram - www.instagram....
Телеграм - t.me/ktrk_live