Ош ОИИБдин жетекчилиги 83 жаштагы ардагери менен жолугушту

  Рет қаралды 841

МВД КР

МВД КР

Күн бұрын

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бир топ иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдеген.
Бул жолу башкармалыктын жетекчилиги 83 жаш курактагы ардагер Тургунбаев Зулун менен маектешип, ал акыбалын сурап кайтышты.
Ардагер 1941-жылы Араван районунун Чек-Абад айылынын Огроном участкасында жарык дүйнөгө келген. Ал мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Советтик армиянын катарында кызмат өтөп, жогорку окуу жайды Ленинградтан жана Карагандыдан бүтүргөн.
Алгачкы жолу 1966-жылы Ош облусунун ички иштер башкармалыгына жумушка орношкон.
1961-жылы 17-май күнү сүйүктүү жары 1945-жылы туулган Раат Курбанбаевага баш кошкон. Жубайлар 1 уул 5 кызды тарбиялап, өстүрүшкөн.
Ал, кызмат өтөгөн жылдары бир топ тайгак кечүү, тар жолдорго туш келген учурларды тизмектеп айтып отуруп, ошол учурдагы милиция менен азыркы милициянын ишмердүүлүгүн салыштырып өттү. Ал бир топ өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууда колдонгон ыкмаларды айтып берип, учурдагы милиция аткарып жаткан иштерге да баам салып тургандыгын баса белгиледи. Айрыкча акыркы 3 жылда оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны азайып, өлкө боюнча бир топ имараттар курулуп, жаңы заманбап техникалар алынып, коомдук жайларга жүздү таануучу видеокамералар орнотулуп, аймактык тескөөчүлөр бодикамера, планшеттер менен камсыз болуп жатканын көрүп, ичи жылыганын айтып берди.
Ардагер келечекте кылмыштуулуктун аты жоголуп, жаштар билимдүү, ыймандуу жакшы кулк мүнөз менен өсүп жетилип, келечекте өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошооруна чон ишеним менен тилек кылат.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пікірлер: 17
@СарбаеваЧолпонай
@СарбаеваЧолпонай 3 ай бұрын
Жезде сиз менен сыймыктанабыз ден соолугунуз чын болсун ар дайым маанайыныз жарык болсун уйбулоонуздун ардактуу атасы таятасы болуп бактылуу карылыкты каалайм бар болунуз эл ичинде амандыкта журунуз
@гулжан-с7н
@гулжан-с7н 3 ай бұрын
Зулунбай жезде, биз сиз менен сыймыктанабыз анткени сиз Мекенди коргоо учун коп эмгек откоргонсуз. Сизге бактылуу каарылыкты каалайбыз
@Dinis-g5w
@Dinis-g5w 3 ай бұрын
Тагам менен сымыктынып келгенмин, мындан ары да сыймыктанамын, тагам улгулуу уул..улгулуу ини...улгулуу инсан деп эсептеймин. Тага мындан ары Аллахым озу колдосун....омурунуздун ырыскыныздын берекесин берсин...Ден соолугунуз чын болсун, жээндериниз ар дайым сиз менен❤
@АйнураНурматова-л3о
@АйнураНурматова-л3о 3 ай бұрын
Зулун тага дайыма ден соолукта болунуз,коп жашаныз.
@НазокатБурибаева
@НазокатБурибаева 3 ай бұрын
Зулун Ава омурунуз Узун болсун!Ден-соолукта коп жашан
@ЭлмираСарыбаева-у3ц
@ЭлмираСарыбаева-у3ц 3 ай бұрын
Жезде көп жашан ден соолугунуз бекем болсун
@maksatmali3470
@maksatmali3470 3 ай бұрын
Зулунбай аке коп жашан Омурунуз узун ден соолукта болун
@ГулзатМуратова-ь1ю
@ГулзатМуратова-ь1ю 3 ай бұрын
Кооп жашан, ден соолукта болун,
@АкылбекСултанов-л3щ
@АкылбекСултанов-л3щ 3 ай бұрын
Омурузго Аллахым береке бересин 🤲🤲🤲
@Бактыгуль-г4н
@Бактыгуль-г4н 3 ай бұрын
Баарыныздарга чоон рахмат! Папам менен сыймыктанам!❤
@BahromjonAtahanov
@BahromjonAtahanov 3 ай бұрын
Аяшата доим сог саломат болинг
@СуюнбекМаматов
@СуюнбекМаматов Ай бұрын
Маа шаа Аллах алхамдулиллах Аллах суйгон пенделеринен кылсын, баракалуу карылык насип кылсын. Сиздин сооп иштериниздин дуа ибадаттарыныздын соопторун Аллах тайата тайэнемдерге жеткирсин тага. Бар болун бактыбызга.
@bekbolot17
@bekbolot17 3 ай бұрын
Зулун тага, Кудайым омурунузго ырыскынызга береке берсин, ден соолукта болунуз, сиз менен сыймыктанабыз !!!
@BekmuratSatybaldiev
@BekmuratSatybaldiev 3 ай бұрын
Тагам молодец, бар болунуз, аман болунуз, 🤲🤲🤲
@АкылбекСултанов-л3щ
@АкылбекСултанов-л3щ 3 ай бұрын
Маащаллах 🤲 🤲 🤲 Аллах раазы болсун 👍☝🤲
@BekmuratSatybaldiev
@BekmuratSatybaldiev 3 ай бұрын
Тагам молодец, бар болунуз, аман болунуз
@AltynajAlieva
@AltynajAlieva 3 ай бұрын
Соонун зынкыйган киши экен. 👍
Лөлүлөр. Тарыхы, салттары
40:21
Super.kg
Рет қаралды 287 М.
Кечки ЖАҢЫЛЫКТАР топтому 01.10.2024
18:25
ОшТВ Каналы
Рет қаралды 51 М.
Cute
00:16
Oyuncak Avı
Рет қаралды 12 МЛН
An Unknown Ending💪
00:49
ISSEI / いっせい
Рет қаралды 57 МЛН
小天使和小丑太会演了!#小丑#天使#家庭#搞笑
00:25
家庭搞笑日记
Рет қаралды 32 МЛН
Абактагы генералдын абалы оор...
5:09
7-канал Кыргызстан
Рет қаралды 84 М.
Как она была права 1990 год
9:52
Ринат Шарифуллин
Рет қаралды 2,2 МЛН
Cute
00:16
Oyuncak Avı
Рет қаралды 12 МЛН