БИРОК МЕН БАКТЫЛУУМУН / КАНЫКЕЙ / МИРЗАМАТОВ ВЛОГ

  Рет қаралды 61,278

MIRZAMATOV VLOG

MIRZAMATOV VLOG

Күн бұрын

Салам достор! Бүгүн бизде конокто талаштуу стили жана ырлары менен жүрөктөрдү багындырган, легендарлуу жана өзгөчө ырчы, Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги - Каныкей
Чыгарылышта келинчилик, чыгармачылык, үй-бүлөлүк кыйынчылыктар, ийгиликтер жана көптөгөн кызыктуу темалар талкууланды!
ВЫПУСКТУН ДЕМӨӨРЧҮСҮ - БАНК КОМПАНЬОН
Кыялдарыңызды кийинкиге калтырбай, дароо ишке ашырууга даярданыңыз! Аны аткарууга “Компаньон” мобилдик колдонмосу аркылуу онлайн кредит алуу жардам берет. 200 000 сомго чейинки суммадагы кредитти 5 мүнөттө алууга болот.
Компаньон тиркемесин жүктөп алып, күрөөсүз онлайн кредит алыңыз!
Онлайн кредит тууралу маалымат: kompanion.kg/kg/news/967?utm_...
Тиркеме: onelink.to/app_kompanion
Көрүүдөн ырахат алыңыз!
Алып баруучу: nurlan_mirz...
Конок: kanykei_sin...
Биздин инстаграм: mirzamatov....
Орус тилиндеги подкаст: lights.podc...
ТАЙМ-КОДЫ
00:00 - Интро
01:46 - Башталышы
02:38 - Биринчи продюсерим
13:15 - Үй-бүлө курууну көздөдүм
16:47 - Кудайым мага берген тагдырды сындырып албасам экен
18:39 - Эми ырчы болсо эмне кылалык, өзүнө ырчыда
22:01 - Анын мага болгон сезими, үй-бүлөлүк жашоого алып келди
24:54 - Жолдошум менен таанышуубуз кызык болгон
27:33 - Манас университетине 2 жолу тапшыра албай койгом
31:26 - М.Куренкеев окуу жайында өзүмдү таптым
38:54 - Ачуунун даамын татпаган, таттуунун баркын биле албайт
42:25 - Менденда көптү көргөн инсандар бар, менденда кыйын инсандар бар
45:45 - Ушул жашка чейин психологко барган эмесмин
55:02 - Качандыр бир ачкачылыкта жазылган чыгармам бүгүнкүгө чейин актуалдуу
58:07 - Азыр даяр чыгармаларды жасап жатам, ал эми өзүмө чыгарма жасай элекмин
59:10 - Башы бар, аягы жок ырларым көп
1:00:08 - Жөнөкөй эле мектепте сабак берем
1:05:23 - Балдар деген келечектин жүзүү
1:07:50 - Өмүрүн дагы сеники эмес, анткени өмүрдү дагы сага кудай берген
1:11:33 - Өз жеринде өз элинде кенен кесир жашап, өлсөн дагы арманын жок өлгөн жакшыго
1:15:41 - Биз бүгүн барбыз, а эртең ким билет
1:17:37 - Чыгармачылыгымдын артынан ачка калган күнүм болгон эмес
1:19:33 - Жан дүйнөн ушунчалык кенен, бирок акчан жок
1:20:48 - Ата-энемдин ажырашуусу, мага оор болгон
1:25:17 - Үй-бүлөм толук эмес болгонунан классташтарымдан уялчуумун
1:29:41 - Жашоодо сүйүү темасы айтылып бүтпөйт
1:36:57 - Чыгармачылыктын туу чокусуна жетип, бактысыз болгондон корком
1:40:37 - Аудиторияга кайрылуу

Пікірлер: 379
@user-gj1ou2mb8g
@user-gj1ou2mb8g 11 күн бұрын
Каныкейдей кыргыз кыздары коп болсун! Орусча,арабча,англисче аралаштырбай таза кыргыздын жузун коргозду,азаматсын!
@user-tv3zv4rv6z
@user-tv3zv4rv6z 12 күн бұрын
Каныкей соз байлыгы коп кыргызчаны мыкты суйлойт,создоруну кунт коюп угуп олтуруп мыкты философ экен дедим🥰
@user-bu7bz6uy8g
@user-bu7bz6uy8g 12 күн бұрын
Каныкей абдан ЫЙМАНДУУ, билимдуу, акылы терен, ар тараптуу таланттуу Кыз экен. Бар бол КАНЫКЕЙ!!!
@user-xu2nt1xo4e
@user-xu2nt1xo4e 11 күн бұрын
Азаматсын
@orozali.86
@orozali.86 11 күн бұрын
Да ладно😂
@rahatmuratova9725
@rahatmuratova9725 11 күн бұрын
​@@orozali.86 ичин куйдубу
@scorpioantares1049
@scorpioantares1049 14 күн бұрын
...Каныкей деп, жондон ат берилбептир, нукура кыргыздын касеиттери бар экен. Мен толук кошулам жана сезем, биздин элибизде илгертенбери кыргызгагана таанылган, сакральное мировоззрение жана табигаттуу ансезимиз абдан кучтуу экенин, эчким четке кагалбайт.☝️🇰🇬🌅
@elizaelizabetta7306
@elizaelizabetta7306 14 күн бұрын
Каныкей ар дайым изденуунун устундо журот, азамат!! Кундон кунго акылы терендеп, создун гулун терип суйлоп, созду багып суйлой баштады!! Бул озгочолук ❤❤
@eliza_biyzakova
@eliza_biyzakova 13 күн бұрын
Мурда эле ушундай болчу
@user-ub2kv2xg5z
@user-ub2kv2xg5z 7 күн бұрын
Хх
@user-Aiko83
@user-Aiko83 14 күн бұрын
Каныкейге аябай баа бердим молодец ❤ Мен көп комментарий жазбайм, Бирок бардык чыгарылыштарды көрөм өзүмө керектүүсүн кабыл алам❤❤❤❤ Өткөндө Саламат Садыкова эже менен болгон маекти көргөм да азыр❤ Каникейди Саламат эжеге окшоштурдум! Так даана түшүнүктүү сүйлөгөн жашы улуу инсан Саламат эже и жаштардан Каныкей экенин түшүндүм ❤❤❤
@user-gp3zq6hz6f
@user-gp3zq6hz6f 12 күн бұрын
Аззамат. Отоо созго бай, копту коргон, жонокой кыз экен. КудайТаала эки дуйно бактылуулук берсин!
@kur5anov
@kur5anov 13 күн бұрын
Каныкей эженин жеке концертин күткөндөр барбы⤵️👍🏻👍🏻👍🏻
@user-pe4rj2oy8x
@user-pe4rj2oy8x 14 күн бұрын
Грамотная,кыргызско язычная,интеллигентная,умная, красивая,нежная,вежливая,воспитанная,послушная, симпатичная,обоятельная,особая,адекватная,не повторимая,очаровательная, позитивная,талантливая,,отличная,скромная,фигурная, стильная,женственная в КЫРГЫЗСТАНЕ, только ОДНА ❤❤❤❤❤
@Anti_hype95
@Anti_hype95 14 күн бұрын
"Манерная в Кыргызстане" исправь не позорься
@user-vz4ym7uh9u
@user-vz4ym7uh9u 12 күн бұрын
Каныкей крассавица❤❤❤❤❤❤
@therabbits3281
@therabbits3281 12 күн бұрын
ПУЧЕГЛАЗАЯ ЗАБЫЛА ДОБАВИТЬ😅
@user-pe4rj2oy8x
@user-pe4rj2oy8x 12 күн бұрын
@@therabbits3281 )
@zaremaerkin7482
@zaremaerkin7482 6 күн бұрын
сиз да,баарын кыргызча создор мн😢
@lialeoni8149
@lialeoni8149 13 күн бұрын
Каныкейден, мындай акыл парасаттуу создорду угам деп ойлогон эмес элем. Ото акылы тунук, чын эле озгочо инсан экен. Ой жугуртуусу, акылынын тунуктугу Жаратканыбыздан берилген. Саламат Садыкова эжеге окшош созду баккан улуу аял болот деп ишенем. Ийгилик Каныкей, кыргызды бийиктетип журо бер💐
@user-ti8wh1pm5i
@user-ti8wh1pm5i 11 күн бұрын
Каныкей эже ыймандуу экен. Азаматсыз! Кыргызча таза суйлогонунуз абдан жакты.
@kanykeisamudinova3588
@kanykeisamudinova3588 13 күн бұрын
Каныкейди аябай сыйлайм, сыймыктанам. Суйлоо маданияты эн бийик денгээлде экен. Биз колдонбой калган нукура кыргыз тилинде суйлойт экен. Бактылуу бол!!!
@user-xe5kp3ig5j
@user-xe5kp3ig5j 11 күн бұрын
КАНЫКЕЙ- айым! Бар болуңуз! Нукура таланттыныз аалам аймагында кылымдан кылымга жаңырып, кыргыз кызын даңазалап турсун. ♥️🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏. Бишкек 2024-ж.
@t9t961
@t9t961 14 күн бұрын
Эн мыкты маек болуптур.Негизи Каныкейдин маеги ар дайым эле ото кызыктуу болот.Бир дем менен кунт коюп уктум.Журналист да абдан мыкты алып баруучу..подкасттары дайыма кызыктуу чыгат.Алтындарым ишинерге ийгилик каалайм.Аман жургуло кыргызымдын инсандары.Окууга тапшырганын угуп отуруп,жыргап кулдум😂😂😂
@user-ih2mp1sb5e
@user-ih2mp1sb5e 12 күн бұрын
Нукура кыргыздын каны жүргөн,зезимтал,мыкты ой жүгүрткөн,аябай таланттуу кыз❤
@user-ht6tk3pm3c
@user-ht6tk3pm3c 9 күн бұрын
Каныкей озу Аззамат кыз! Бар бол. Бай бол! Бактылуу бол! Алтын кыз!
@anarbubukabaeva6646
@anarbubukabaeva6646 11 күн бұрын
Каныкей баарына өтө акылдуу ыймандуу мээнеткеч көз караш менен өзүн өзү соонун тарбия! Керемет маек жан дүйнөм Эс алып жыргап уктум! Ийгилик коштоп жүрсүн баарыбызды ды! Каныкей керемет инсан Аман Эсен бар болгула!
@aisulukaraeva7392
@aisulukaraeva7392 13 күн бұрын
Каныкейдин Уну керемет!!! Ушундай терен жана шандуу!!! Уникалдуу келбети, стили аябай адамга жагымдуу! ❤❤❤😊💐💐💐
@user-mb5hp5rk1v
@user-mb5hp5rk1v 12 күн бұрын
Саламат Садыковадан кийинки эн мыкты подкаст болуптур. Каныкей эн сонун ырдайт . Ырлары маанилуу обону топ келет. Чыныгы ырчы азаматсыз ийгилик иштеринизге.
@user-xe4ox5tx3j
@user-xe4ox5tx3j 14 күн бұрын
Каныкей мыкты ырчы ачык айрым кыз 👍🇰🇬
@bakytabylkasymov1719
@bakytabylkasymov1719 11 күн бұрын
Ички жан дуйнон кенендиги мыкты экен, Озгочо мектепте сабак бергенин тереен раазычылык... Келечекте тарбиясы мыкты инсандар коомбузда ордун тапса... Бул да болсо Каныкейдин салымы деп божомолдосом туура болчудай экен..
@user-rh7id3mu1x
@user-rh7id3mu1x 14 күн бұрын
Билимдүү, акылдуу, тал чыбыктай татынакай Каныкей. Үнү, көз карашы, ой жүгүртүүсү, баскан-турганынын өзүнчө сонун бир деталдары бар. Эч кимге окшошпойт, ким бирөөнү туурабайт. Бар бол. 🌺
@anipaarunova6478
@anipaarunova6478 10 күн бұрын
Каныкей атыңа затын жарашкан жөнөкөй кыз экен,маданияттуу,таланттуу,сени колдойбуз, чыгармачылыгыңды токтотпой өркүндөтө бер,ийгилик каалайм
@user-sd8pj4hv4m
@user-sd8pj4hv4m 14 күн бұрын
Каныкей уну менен эле эмес, акылдуулугу менен да алдыда башка ырчылардан , келечегинен копту умуттондургон кызыбыз
@user-vn7ni3lm4k
@user-vn7ni3lm4k 14 күн бұрын
Каникй кызым чыныгы өзгөчө Кыргыздын бир мыкты кызысың, атын кыз үц👨‍👩‍👧‍👧бүлөңдө, ИШИҢЕ ийгилик берекң бакттыуу бол кызым АЛЛГГАА.💯🙏🏃‍♀️🏇🏃‍♂️👏👍🤝👌💖🤗💋🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@user-bk9mt3bz2k
@user-bk9mt3bz2k 13 күн бұрын
Мирзамат.. маанилүү маек болуп атат .. калтырбай көрөмүн келген коноктун жан дүйнөсүн казып чыгасың..... АЗАМАТСЫҢ 😊😊
@akulyasudykova1551
@akulyasudykova1551 8 күн бұрын
Саламаттын интербусуна окшоштурдум.азамат.сын.саламатты тартман.жаман бол.бойсун каныкей.
@user-ro7lu5kq7z
@user-ro7lu5kq7z 12 күн бұрын
Каныкей, менин эн суйуктуу ырчым😊😊, суйуктуу Эне жана суйктуу Жар деп сезилет, ийгилик каалаймын.😊
@user-om9cr3wz1z
@user-om9cr3wz1z 13 күн бұрын
Каныкей азаматсың! Нарында чоңоюп таенендин акылмандыгын абдан байкап сезип сезимтал болуп чоңоюпсун. Сенде өзүнө өзүң суроо берип тургандыгын. Бул Истинная психологияда бар . Ишиңе ийгилик,аялдык бакыт таалай каалайм.
@user-we2ox2ux8z
@user-we2ox2ux8z 14 күн бұрын
Азаматсын, Каныкей!!!! Бактылуу бол ❤
@user-tq6nw9es4f
@user-tq6nw9es4f 14 күн бұрын
Каныкей эн сонун айым бактылуу бол,
@user-tv8fv1bq9k
@user-tv8fv1bq9k 14 күн бұрын
Каныкей чыгармачылы ийгилик каалайм. Уй булоон менен бактылуу бол. ❤❤❤
@charapatkanjaeva8342
@charapatkanjaeva8342 13 күн бұрын
Умница Каныкей Ведущий спасибо за интересный блок
@user-yr3hk4bw7r
@user-yr3hk4bw7r 13 күн бұрын
Акылына береке сендей жашта ушунча акыл кээбиринде кобун эсе жок деп билем мен .Азаматсын Алга алтын Кыз Кыргызымдын сыймыгы 🎉❤
@user-fp8xe8ip1z
@user-fp8xe8ip1z 13 күн бұрын
Эн туура айтты, туз журуп, жакшы муноздуу боло берсен эле баары жакшы болот, Аллах баарын коруп турат жана ар ким пейлине жараша кун коро берет экен
@user-tx8pf7nm5b
@user-tx8pf7nm5b 11 күн бұрын
Каныкей аман бол!!! БАКТЫЛУУ ЖАШООНУ КААЛАЙМ ❤🎉❤🎉❤🎉
@user-nv4sn6cq7h
@user-nv4sn6cq7h 14 күн бұрын
Каныкей жердешим талантын ташкындай берсин,алып баруучу балага дагы ийгилик
@user-tv8fv1bq9k
@user-tv8fv1bq9k 14 күн бұрын
Нурлан эн сонун маек куруучу адамсын. Ишине ийгилик каалайм. ❤❤❤❤
@user-bn8eh7dm2v
@user-bn8eh7dm2v 14 күн бұрын
Эн сонун чачы тыкан татынакай эч кандай ашыкчасы жок уй булону биринчи орунга койгон акылдуулугу салтын кыз атына затын жарашат.
@user-rp7qc1ij6i
@user-rp7qc1ij6i 5 күн бұрын
Кыргыздын кыздары кыйын деген Каныкейге жарашат! Азаматсың Каныкей сизге чың ден-соолук узун өмүр, иштериңизге ийгилик каалайм! Таланттуу акылдуу айым экенсиз 💐💐💐💐💐💐💐💐💐💐🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️
@user-lq5qi2vq6x
@user-lq5qi2vq6x 11 күн бұрын
Эммне деген маек бул эмне деген создун генийи алтын кыз башка артистер ушинтип жан дуйносу менен ачык суйлогонун уккан жокмун баары.эле мактанышат мына ушундай маек беруу керек уккун эле келет жан дуйнон менен
@FaridaAlimbekova
@FaridaAlimbekova 11 күн бұрын
Башка ырчылардын жан дуйносу бош болсо же жакыр болсо ооздон алгылыктуу соз чыкпайт да. К
@user-tv8fv1bq9k
@user-tv8fv1bq9k 14 күн бұрын
Каныкей алтышка, ушунчалык акылын тунук айымсын. Азаматсын.
@user-xi8pn8hg3d
@user-xi8pn8hg3d 13 күн бұрын
Азамат кыргыз тилин нукура суйлойт экен.
@eshmatovaeshmatova1352
@eshmatovaeshmatova1352 11 күн бұрын
Атына заты жарашкан, кыз, аял, эне дегенге татыктуу... Менин да неберемдин аты да Каныкей сендей зирек, болуп чонойсун🤲🤲🤲🤲
@user-gj1ou2mb8g
@user-gj1ou2mb8g 12 күн бұрын
Каныкей,бир кезде журналист болуп айылдын жашоосун коргозгон .Ошол передачасы аябай соонун болчу,азыр эсиме.
@user-io3np4jk6b
@user-io3np4jk6b 14 күн бұрын
Каныкей, мага абдан жагат керемет инсан❤🎉, озу соз байлыгы, баардыгы....
@user-gv9wt2zk7r
@user-gv9wt2zk7r 12 күн бұрын
Соз байлыгы абдан керемет экен . Бир да соз орусча кошпой суйлойт экен . Азамат . Керемет кыргыз кызы .
@googleswp5414
@googleswp5414 12 күн бұрын
Балдарга ото сонун сабак берет экен да.Кудайдын карап турганын балдарга жеткируусу укмуш экен!❤
@yryskankachkynbaeva6984
@yryskankachkynbaeva6984 12 күн бұрын
Каныкей жаш болсода абдан тереен ойлонгон адам экен .Мыкты адам .
@user-kp9ws6xd4x
@user-kp9ws6xd4x 10 күн бұрын
Каныкей озгочо таланттуу акылдуу айым ,сени менен сыймыктанабыз❤❤
@user-bl4nz4vm9p
@user-bl4nz4vm9p 11 күн бұрын
Каныкей эн мыктысын! Сени сыйлап келем, жалгыз кызым бар сендей акыл эстуу болуусун кудайдан тилеп журом ❤❤❤❤
@ZemfiraKakeshova
@ZemfiraKakeshova 11 күн бұрын
Бактылуу бологой Каныкей. Аябай сонун маек болуптур Алып баруучу бала дагы абдан туура суроолорду берип атты. Абдан эргуу менен уктум. Жаштарга улгу болгудай кыз экен. ❤
@user-ih2mp1sb5e
@user-ih2mp1sb5e 12 күн бұрын
Чыгарманын жаралышына тагдыр керек го.Каныкей,сенин сезимдериң көр тирилик менен аралашып,жан дүйнөң бир аз тыныгууда го.Мен сага ,жан дүйнөңө деңиздин толкунундай албуут толкундарды каалаймын!❤
@ars6817
@ars6817 13 күн бұрын
Сүйлөгөнү так, таза нукура кыргызча сүйлөгөнүнө таң калдым, азаматсың бар бол!
@askar.kubatovich9568
@askar.kubatovich9568 13 күн бұрын
Баш аяк Бир дем менен коруп отурдум чоон рахмаат Жараткан еки дуйно жакшылыгын берсин
@user-xu9pb2xn4o
@user-xu9pb2xn4o 13 күн бұрын
Керемет сонун майек ушул берууну кутуп коруп калдым алга.Каныкей керемет айым екен озумо керектуусун алдым Нурлан мырза алга корарман коп болсууун❤
@user-zo6sj9jy1z
@user-zo6sj9jy1z 13 күн бұрын
Каныкей айым тогорогу топ келишкен, соз байлыгы терен, акылы тунук,жонокой кыргыздын сулуу кызы
@aselasankojoeva6640
@aselasankojoeva6640 12 сағат бұрын
Баштан аяк толук тажабай кордум озумо байланыштуу коп таалим иретинде сабак алдым Каныкейдин омуруно береке!
@aizadabeisheeva7767
@aizadabeisheeva7767 11 күн бұрын
Сонун чыгарылыш болуптур. Каныкей мага башка кырдан ачылыш болду десем болот 🙌🏻 Аябагандай кучтуу, оптимист, даанышман, терен ой жугурткону менен тан калтырды десем болот. Адамдык сапаты бийик болгон айым экен ❤Ийгиликтер гана болсун жашоосунда 💐
@user-ul2wp5mh5q
@user-ul2wp5mh5q 13 күн бұрын
Өтө акылдуу инсан!!!
@user-lr8mh9ib9q
@user-lr8mh9ib9q 12 күн бұрын
Азаматсыз карындашым өтө грамотный кыз экенсиз ,ойлогон эмесмин.
@user-vr2ng8mo3b
@user-vr2ng8mo3b 11 күн бұрын
Абдан сыйлайм Каныкей эжени . Бактылуу болсун! Сонун чыгарылыш 🙌
@user-uc8fj2ne3v
@user-uc8fj2ne3v 12 күн бұрын
Сонун,мен куткондон да жакшы маек болуптур.Каныкейди озун озу "жасаган",тогорогу топ келген мыкты айым деп билем. Ар бир созу орундуу,маныздуу.Угуп эле отургун келет. Нукура кыр6ызча суйлогону да аябай жагат. Экоонуздорго тен ийгилик!!! Нурлан мырзадан сураныч,Туголбай Казаков агайды маекке чакырсаныз?
@zarina-tr4jd
@zarina-tr4jd 13 күн бұрын
Абдан сонун маек болуптур! Жакшы энергия алдым, рахмат! Каныкей абдан философиялык жан экен, туруктуу коз карашы калыптанган инсан болуптур! Майда нерседен бакытты сезген, жокчулуктан сабак алган , абдан сезимтал адам экен! Каныкейге дагыда ийгилик! Нурлан мырзага рахмат конок айымды жакшы ачып береалдынар!
@dokturkulmalikova9462
@dokturkulmalikova9462 8 күн бұрын
Мен Токмок шаарында жашаган пенсионер болом.Чыгармачылыгын жаңы чыга баштагандан баштап билем каларит баардык ырларын жактырам сыйлайм урматтайм кыргыздын аттын чыгарып залкаар АЙЫМ болуп көп жаша❤❤❤❤❤❤❤❤
@JannaT-jn1uw
@JannaT-jn1uw 6 күн бұрын
Келечегиң кең болсун , КУДАЙ Бак берсин.
@baktygularykova1180
@baktygularykova1180 11 күн бұрын
Азаматсын Каныкей кыргыз тилин катыра уйроптурсун.😘👍🏻 Ишине ийгилик,ден-соолук тилейм.🌹😘
@user-ox4mp7te2o
@user-ox4mp7te2o 12 күн бұрын
Эн мыкты майек болуптур!Каныкей ар убак озунун уникалдуулугу,озгочулугу менен башкалардан айырмаланган мыкты Инсан!!!Бали!!!Атына затын жарашкан айымсыз❤🎉
@user-pi2gj3qi8w
@user-pi2gj3qi8w 13 күн бұрын
Менде илгерки китеп бар АЛА ТОО таншйт деген ,сонун эски ырчылардын обондору ырлары❤ настальгия ушу китептин ичинде ырларды мыкты ырчылар ырдап чыкса бомба хит болот эле.Каныкей ырыскелди тынай алыбаев ушул ырчылар ошол ырларды чыгарса ырдын корку чыгат эле Бут ырлардын баары бар АЛЛ ТОО таншйт китеби кимдин эсинде.
@user-qq3xm1ge3g
@user-qq3xm1ge3g 11 күн бұрын
Мынаке психологу жок эле, кеп кенеш дейбизби, наакыл создор дейбизби, мотивация дейбизби, сабак алсак болотурган алтын создор. Ушундайындан жазба Каныкей👍
@user-yy9pg4vp7v
@user-yy9pg4vp7v 12 күн бұрын
Жан дүйнөсү таза адам экен акылдуу .Ар дайым ушу мүнөзүнон жазба бактылуу бол.
@user-my3nt7qe5z
@user-my3nt7qe5z 13 күн бұрын
Каныкей абдан кайраттуу ошол эле маалда сабырдуу, мыкты инсан экенсин. Сага Ден соолук дагы да сабырдуулукту каалайм, ✊💪мен сини менен😊 сенин чыгармаларынды сыйлайм❤
@foxme6
@foxme6 14 күн бұрын
Прекрасный голос, очень красивый язык
@bozulankasymbekov3145
@bozulankasymbekov3145 14 күн бұрын
Кыргызстанда уну менен озгочолонгон, мыкты эки ырчы бар. Каныкай жана Орунбасар Кызалаков. Тилеке каршы анын бири биздин арабызда жок. Ошондуктан Каныкей эжеден суранат элем. Тезирээк Орунбасар Кызалаковдун ырларын жанылап ырдап чыксаныз. Ал адамдын ырларын бир гана сиз жакшы ырдап чыга аласыз деген ойдомун.
@user-me9yk1md1l
@user-me9yk1md1l 13 күн бұрын
Каныкей акылдуу экенсин!!! Намаз окуйсунбу ? Менимче сага Аллага кулчулук кылуу гана калыптыр, сен байкасам башка турмуштун баарын ото бийик денгээлде анализдеп коюптурсун,олгондон кйнки жашоону да ойлойт турбайсынбы,руханий жактан! Алла таала бизди озуно кулчулук кылууга жаратты,сени мен дин жолунда болушунду каалайм!!!
@user-dc5ef4bp1b
@user-dc5ef4bp1b 12 күн бұрын
Намаз окууса тырмагы жок болмок
@therabbits3281
@therabbits3281 12 күн бұрын
ОЛГОНДО Кайсы жерде жашоо бар экен жон эле жазчы коргонсубой
@user-me9yk1md1l
@user-me9yk1md1l 11 күн бұрын
@@therabbits3281значить сенин акылын толук жетиле элек!!! Эмнеден жаралдын ,олумдон кйн рухун кайда барат ойлончу,дененго топуракка айланат,бирок бейишке бараарын же тозокко бараарын бул чындык!!! Мин кыйын болбо бир кун мен да, сен да олум татуучубуз! сен мусулман эмес окшойсун жок! Мусулмансын бирок ички дуйно таанымын каапырдай туюлду,создорум катуу тийсе кесирим сураймын
@user-me9yk1md1l
@user-me9yk1md1l 11 күн бұрын
@@user-dc5ef4bp1b намаз окубашы мумкун бирок акыл эси бышып жетилейин деп калыптыр
@aizhamalkonushova2698
@aizhamalkonushova2698 6 күн бұрын
Сөзгө чебер - аябай акылдуу айым экенсиз Каныкей айым.
@KG-ul1rw
@KG-ul1rw 12 күн бұрын
Азаматсын Каныкей кыргызча суйлогонун андан жакшы,ийгилик
@user-fs4pi6ol5f
@user-fs4pi6ol5f 10 күн бұрын
3 ЖЫЛДАН 5 ЖЫЛГА ЧЕЙИН КЕЛИНДИК СЛУЖБА🥰
@user-eb4no4ll4q
@user-eb4no4ll4q 12 күн бұрын
Атына заты жарашкан алтын Кыз балачагындагы тайнендин кыраакылыгы жакты Мениндагы балачагымдагы Нарындын айылындагы коз алдыма келдим апамдын ыйык,баамдуулугу,айколдугу.Бактылуу бол,ийгилик❤
@user-bz4jj1pt3d
@user-bz4jj1pt3d 12 күн бұрын
Бул айымдынн созун. угуп Каныкей ж-о оюм озгорду
@user-hg1ug1qd9j
@user-hg1ug1qd9j 12 күн бұрын
Каныкей,бул берүүдөн дагы бир жолу өзүн кыргыздын тилин,дилин мыкты билген айым экенин тастыктаптыр !!! Азаматсың!!! ❤❤🎉🎉
@FaridaAlimbekova
@FaridaAlimbekova 11 күн бұрын
Биздин баштан нелер Гана отпогон- бул созду мен аябай коп колдоном. Так, даана айтылган.
@user-ew2oe8yq5l
@user-ew2oe8yq5l 14 күн бұрын
Кыргызча таза суйлойт экен🫶🏻👍🏻😻
@alinabakova4069
@alinabakova4069 12 күн бұрын
Алып баруучу бала абдан сонун алып барасың. Конокторго кылган мамиле абдан сонун. А Каныкейге болсо сөз жок. Абдан сезимтал, акылдуу инсансыз❤
@kubatkulukeev3974
@kubatkulukeev3974 9 күн бұрын
Каныкей мыкты аял заты Бактылуу бол Уй булон мене🎉🎉🎉❤❤❤
@mathlover3252
@mathlover3252 13 күн бұрын
Лайт подкасттагы эн мыкты интервью болуптур.Каныкей интеллектуалдык денгээли жогору,руханий дуйносу бай,уй-булом деген мыкты айым экен.Копчулук, уй-було курбагандарга,ажырашкандарга талуу жеринен кармап, конулго тийип уй-булонун баалуулугун айтып жатышса, Каныкей озунун мисалында мыкты жол менен жеткириптир. 100 минуталык интервьюда 10 китептен алгандай азыкты,баалуулуктарды алдым. Каныкейге терен ыраазычылык🤩. Нурлан мырзага уй-булолук бактылуулук каалайм 🙂
@user-ip9gg8nb8t
@user-ip9gg8nb8t 5 күн бұрын
Татаал турмушта такшалган, намыской, таланттуу, эмгекчил, терен ойчул кыз экен
@user-ed9yw5fr6y
@user-ed9yw5fr6y 14 күн бұрын
Сизден улгу алатурган адамсыз 😍😍😍😍😍🌹🌹🌹🌹🌹денсоолукта болунуз , Омурунуз узуун болсун !🤲🤲🤲🤲бактылуу болунуз уй булоонуз менен
@kurankids5306
@kurankids5306 8 күн бұрын
Кыргыз тилинде мыкты сүйлөйт экен. Азаматсыз!
@StiveYzerman
@StiveYzerman 13 күн бұрын
Каныкей дагы жонокойроок бол, сени жакшы коробуз.
@user-jo1jg6sj7b
@user-jo1jg6sj7b 11 күн бұрын
ТАЛАСТЫК ЖЕРДЕШ СИНДИМ БАКТЫЛУУ БОЛ❤МЫ ТЕБЯ ЛЮБИМ 👍🍓
@user-ov2pw2ml2j
@user-ov2pw2ml2j 10 күн бұрын
Токмоктонмун деди
@user-qd8qg5qc4b
@user-qd8qg5qc4b 4 күн бұрын
Нагыз кыргыз тили, сулу тил экенине дагы бир жолу ынандым
@alisatorogeldi6978
@alisatorogeldi6978 11 күн бұрын
Экөөнүн тең кыргызчасы мощный экен👍
@user-dd2xc5rd6r
@user-dd2xc5rd6r 12 күн бұрын
Ото сонун маек болуптур. Кантип бутконун сезбей калдым. Каныкей ото терен айым экен. Суктандым сизге ❤
@MeerimJabueva
@MeerimJabueva 9 күн бұрын
Каныкей ушул нукура кыргызчылык Кара -Суу айылыбыздагы балалык кезиңде түптөлгөн окшобойбу❤ Бали, чыгармачылыгың арта берсин🙏
@user-dc3be3sd2k
@user-dc3be3sd2k 12 күн бұрын
Жан дүйнөм, эс алгандай,болду жакшы сөз болду ❤❤❤
@begaimomuralieva9242
@begaimomuralieva9242 9 күн бұрын
Ушунчалык сонун маек болдуКаныкей соз байлыгын ото бай экен , нукура кыргыз тилде суйлогонун мага ото жакшы , эн жонокой таасирдуу Адам экенсиз Сизге ийгилик.
@user-ni1hs3dv4c
@user-ni1hs3dv4c 9 күн бұрын
Каныкей азамат алтын кыз. Акылдуу, күчтүү , кыскасы мыкты инсан. Алып баруучу да мыкты экен.
@user-xi3kv6yh3j
@user-xi3kv6yh3j 12 күн бұрын
Аллах ыраазы болсун Аллахыма чексиз чексиз шугурлор мактоолор болсун уулдарыбызга кыздарыбыз Эн сонун маанилуу маек болду Журоктон чыккан соз журокко жетет Бар болунуздар
@user-vj7zf2yy1u
@user-vj7zf2yy1u 14 күн бұрын
Сонун кыз ачык айрым❤
@user-gg4fz8rc5j
@user-gg4fz8rc5j 13 күн бұрын
Ушу Каныкей Ыймандуу айым аялдык милдеттерин так аткарган эн жакшы улгулуу айым кором Самара айылдан чыккан капкара катындай тыйтак эмес серьезная Каныкей ийгилик эле болсун илайим иншаала ооомин 🤲🤲❤️
@GML95
@GML95 5 күн бұрын
Мирзаматов ишинизге ийгилик ! Бар болунуз
ТОМАТНЫЙ ДОЖДЬ #shorts
00:28
Паша Осадчий
Рет қаралды 12 МЛН
MINHA IRMÃ MALVADA CONTRA O GADGET DE TREM DE DOMINÓ 😡 #ferramenta
00:40
БИЗ ЖОЛУКТУК 2 СЕЗОН 26-ЧЫГАРЫЛЫШ
1:20:44
Канат Шоумен
Рет қаралды 101 М.
ТОМАТНЫЙ ДОЖДЬ #shorts
00:28
Паша Осадчий
Рет қаралды 12 МЛН