Рет қаралды 3,222
Кант шаарында жайгашкан Саткынбай Тентишев атындагы Азиялык медициналык институтунун дарылоо факультетин 3-курсунун студенти Приянка Чахал Казакстандын Нур-Султан шаарында болуп өткөн "КМШнын мыкты студенти -2021" Эл аралык долбооруна катышып, биринчи орунду камсыздап,КМШнын 2021-жылдагы мыкты студенти аталды
Долбоор Казакстан илимпоздор Конгрессинин колдоосу менен "Бообек" Жалпы Улуттук кыймылы ассоциациясынын формасында юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан уюштурулган. Бул иш чаранын негизги максаты жаш илимпоздордун мыкты инновациялык долбоорлорун аныктоо, илимий кызыкчылыктарды илгерилетүү, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жалпы бириктирилген аянтчаны түзүү болуп саналат.
Бул долбоорго Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Беларуссиядан студенттери катышты. Жыйынтыгында Приянка Чахал "КМШнын мыкты студенти - 2021" эстелик медалы, 1- даражадагы диплом менен сыйланды жана ISBN эл аралык стандарт номерин алуу менен Эл аралык жыйнакка кирди. Приянка Чахалдын жетишкендиктери инновациялык жана илимий ийгиликтердин негизинде тандалып алынган.
Приянка Чахал Дүйнөлүк Медициналык Студенттердин арасында мыкты жетишкендиктерге жетти,ал Кыргызстандын эл аралык конференцияларына жана уюмдарына катышып келет. “Аялдар элчилери форумунда” 200 лидердин арасынан тандалды. Мындан башка бир нече дүйнөлүк уюмдардын мүчөсү болууга жетишти. Приянка Чахал Индиянын Харьяна шаарынан келген.
Саткынбай Тентишевдин атындагы Азия медициналык институт 2004-жылы негиздеген. Институт Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан. Институтта окугандардын 98%ын Индиядан жана Пакистандан келген студенттер түзөт. Жакшы окуган студенттерге стипендия жана гранттар берилип келет.