Рет қаралды 424,526
Урматтуу көрүүчү! Каналга жазылып, ой-пикириңиз менен болүшүнүз! Досторуңар менен бөлүшкөнү унутпагыла! Жакында жаңы видео тартып чыгарам!!!
Байланышуу телефону: 0702168428
Жолдошбек Мамажанов - Алма гүлү
(Сөзү: Жакут Сыдыков
Обону: Жолдошбек Мамажанов)
Канча ирет аппак болуп алма гүлү,
Канча ирет куурап түштү гүлдүн бүрү.
Калган бейм ал гүлдөрдүн далдаасында,
Кыз жандап жүргөн кезим кечээ күнү,
О-о-о-о-о,
Кыз жандап жүргөн кезим кечээ күнү.
A-a-a-a-a,
O-o-o-o-o.
Ишенбейм сен "улгайдың" десең мага,
Боз улан эмес белем кечээ гана.
Ал кезги махабатты эстеп алып,
Азыр да жүрөгүмдө сыздайт жара,
О-о-о-о,
Азыр да жүрөгүмдө сыздайт жара.
A-a-a-a-a,
O-o-o-o-o.
Ах, чиркин, сонун мезгил артта калып,
Түнкү оттой тээ алыстан бүл-бүл жанып.
Тутантат куса болгон жүрөгүмдү,
Ээрчитип, өзүн көздөй тартып алып,
О-о-о-о-о,
Ээрчитип, өзүн көздөй тартып алып.
A-a-a-a-a,
O-o-o-o-o.
“Дүрт” этип, махабаттан келсе мээрим,
Дагы эле келет сага эркелегим.
Кайдасың, айтсаң боло, кызыл алма?
Кайдасың жүрөгүмдүн эңсегени?
О-о-о-о-о,
Кайдасың жүрөгүмдүн эңсегени?
A-a-a-a-a,
O-o-o-o-o.
Кайрадан жаз жадырап мына бүгүн,
Аралап, тиктеп турам алма гүлүн.
Элесиң көз алдыма келе калып,
Угулду кулагыма сенин үнүң,
О-о-о-о-о,
Угулду кулагыма сенин үнүң.