Рет қаралды 143,227
КИРИШ СӨЗ
Урматтуу замандаш! Чындыгында, Алла Таала пайгамбарыбыз Мухаммаддын
(صلى الله عليه وسلم (жашоосу аркылуу төрөлгөнүбүздөн баштап өмүрүбүздүн аягына чейинки туура
жашоонун бардык эрежелерин бизге көрсөтүп койгон. Пайгамбарыбыздын (صلى الله عليه وسلم (ар
бир баскан кадамында, ар бир айткан сөзүндө адамзаттын жашоо-турмушуна,
ошондой эле анын ден соолугуна пайдалуу кеп-кеңештер бар.
Эгерде биз Пайгамбарыбызды (صلى الله عليه وسلم (үлгү тутуп,
анын жашоосун туура изилдеп, анализдеп көрсөк, анда азыркы күндө биздин
ооруларыбызга жана ден соолугубузга тиешелүү маанилүү илимий сырлар бар
экендигине күбө болобуз. Ден соолугунун чың болуусун каалаган ар бир адам бул
нерсеге көңүл бурбай коё албаса керек. Бул китепчеде пайгамбарыбыз
Мухаммаддын (صلى الله عليه وسلم (тулку боюн кантип түз кармаганы, жөө басканы, отурганы жана
жатканы сыяктуу журум-турум адептерин изилдеп үйрөнүп, аларды жашообузга
киргизүү менен көптөгөн оорулардан айыгып, алардын алдын алуу жөнүндө
кеңири маалымат берилген. Биз бул китепте 24 саат бою туура жүрүм-турум менен
жашоонун жолдорун үйрөтөбүз. Мында тулку бойду түздөө менен ар бир
адам өзүн өзү даарылоону үйрөнөт. Чындыгында, биз Пайгамбарыбыздын
(صلى الله عليه وسلم (жүрүм-турумунун жашообуздагы ролун жакшы үйрөнүп билмейинче, анын
ден соолугубузга тийгизүүчү оң таасирин терең түшүнө албайбыз. Биз көптөн бери
ооруп, оорусуна шыпаа издеп жүргөндөргө жана ден соолугуна алдын ала кам
көрүүнү каалагандарга жардам берүү максатында ушул саамалуу ишти жакшы
тилек менен колго алдык.
Закиров Таттубек
Китепти сатып алуу үчүн байланыш номер: 0772108758 (ватсапп)