No video

Опузалап акча алган жалган кызматкер кармалды

  Рет қаралды 11,394

МВД КР

МВД КР

Ай бұрын

Опузалап акча алган жалган кызматкер жана анын интим кызматын көрсөткөн сойкукананын уюштуруучусу болгон шериги кармалды
ИИМдин Ички иликтөө кызматына Э.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Бишкек шаарынын райондук башкармалыктарынын биринин милиция кызматкери катары өзүн тааныштырып, 35 000 сом өлчөмүндө акча талап кылган адамга карата чара көрүү жөнүндө суранган.
Аталан факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Такталган маалыматка ылайык, Э.Ж. аттуу жаран Бишкек шаарындагы сауналардын бирине келгенде ал жердан кыздардын интим кызматын сунушташкан. Макул болгондо, бир кыз келип, кызматтын баасын сүйлөшүшкөн. Андан кийин кыз порошок түрүндө кандайдыр-бир затты сунуштап, аны колдонгондон кийин арыз ээси эйфорияга түшкөн.
Кийин кыз кызмат көрсөткөндүгү үчүн 35 000 сом талап кыла баштаган, ал эми арыз ээсинин анча акчасы жок болчу. Белгисиз аял келип, күрөө катары унаанын ачкычын жана арыз ээсинин документтерин алып калган.
Эртеси арыз ээсинин телефонуна бир жигит чалып, өзүн Бишкек шаарынын райондук башкармалыктарынын биринин милиция кызматкери деп тааныштырып, кыздардын кызматы үчүн деп 35 000 сом талап кыла баштаган.
Өзүн милиция кызматкери деп тааныштырган жигит күн сайын телефон чалып, акча талап кылып, коркутуп 5000 сом алып койгон.
2024-жылдын 10-июлунда Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын аймагында талап кылынган акчанын бөлүгүн 20 000 сом өлчөмүндөгү акчаны алып жатканда 1996-жылы туулган Р.К. аттуу жаран кармалды. Жеке тинтүүдө шектүүдөн арыз ээсинин документтери алынган.
Кармалган жаран буга чейин бир нече жолу алдамчылык менен соттолгон, Ички иштер органдарына тиешеси жок болгон жаран болуп чыкты.
1996-жылы туулган Р.К. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин тартибинде Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жогорудагы факт боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы элиталык үйлөрүнүн бир батиринде 4 кыз интим кызматын көрсөткөн сойкукана табылды. Ал кыздардын бири жашы жете элек болуп чыкты.
Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Сойкукананын уюштуруучусу (сутенер) гр. 2004-жылы туулган М.М. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин тартибинде кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда мындай кылмыштардын колдоочуларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Аталган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандарга төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз: ишеним телефону 0312 486297, 0704999918.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пікірлер: 24
@user-ze4hk1vg4m
@user-ze4hk1vg4m Ай бұрын
АЗАМАТСЫЗДАР УКМК И МВД ИШИНЕРГЕ ИЙГИЛИК!!!
@altin1529
@altin1529 Ай бұрын
Азаматсынар УКМК жана МВДнын ички иликтоо,кызматкерлери,сиздерге таазим,азыр адамдан адам корко турган заман эмес,карапайым элим 21кылымда техниканын комуникацианын онуккон заманында дароо маалыматтарды берип турушубуз керек коркпостон.
@tarielzulpukarov3509
@tarielzulpukarov3509 Ай бұрын
МОЛОДЕЦ АЛЛАХЫМ КОЛДОСУН
@Bghjgf
@Bghjgf Ай бұрын
_✓Атаңдын көрү эгер ГКНБ МВД Прокуратура 30 жыл башта ушундай иштесе азыр бир дагы Закон Бузбай Жашашмак КР Эли макул эми кеч болсо да Баардык КООПСУЗДУК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН атын көтөрүп ордуна алып келгиле✓_
@НурканРахманбердиева
@НурканРахманбердиева Ай бұрын
Ээ ушундайлар бе бечараларды акчасын алып жашанандар канча
@user-kd6ej2ut9i
@user-kd6ej2ut9i Ай бұрын
Кустургула
@user-cp6nt3ne5e
@user-cp6nt3ne5e Ай бұрын
Охооо менты. Учились у гкнб
@KGZ_35
@KGZ_35 Ай бұрын
Кылган ишида жегенида ичкенида арам, пиво сигарет. Рахмат УКМКа
@Protocol573
@Protocol573 Ай бұрын
Эл пейилин ондмоюн коррупция токтобойт !
@user-zk2bc1wi7f
@user-zk2bc1wi7f Ай бұрын
Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевгве чейнки чиновниктер иштеген эмес экенда столго отруп алышып ким акча берсе ошонукун туура кылышы параны биринчи орунга коюп иштешкен экен уйты жоктор рахмат ГКН быда иштеген салдаттар олкобуз онугуу жолуна тушкону ишеничтуу болсун.
@kyrgyz345
@kyrgyz345 Ай бұрын
МВД жарайсынар ушинтип иштесе болот турбайбы
@user-ql8zi2ut3q
@user-ql8zi2ut3q Ай бұрын
Пара алдыбы болду соот 25 30 жыл камасын элдин тагдырын менен ойногондор
@user-tl9xc9yg9b
@user-tl9xc9yg9b Ай бұрын
Таптаза көтүнө кирдиго байкуш жөн еле тиргилик кылса болмок маңа окшоп поляда иштеп
@Mks_2024
@Mks_2024 Ай бұрын
Эмнеге кайсыл кызматкер айтылбадыго
@user-mp9en1cg2w
@user-mp9en1cg2w Ай бұрын
Элге корсоткулода жузун же пияр кылып атасынарбы
@nurbekbatirov6164
@nurbekbatirov6164 Ай бұрын
Презерватив турабы каробкада адашпасам же мага ошондой корундубу?
@kssk293
@kssk293 Ай бұрын
Ске призиктерди таапсынар а
@user-zu5ob5xr5u
@user-zu5ob5xr5u 23 күн бұрын
Мен афирике мент буу
@k.......n7471
@k.......n7471 Ай бұрын
Ой кабарчы музыкан куп жарашыптырго
@Joldos-yb9jt
@Joldos-yb9jt Ай бұрын
Перчатки мн текшерип Сша окшоп онуго берели
@user-mp9en1cg2w
@user-mp9en1cg2w Ай бұрын
Жузуну корсотпосонор нарена тартып чыгарып атсынар шумшуктун
@Azamat-ux7nf
@Azamat-ux7nf Ай бұрын
Оригинал бийлик деген каерде бар экен. Автомат курал-жарактан башка эч кандай доказательствоңор жок оригинал экениңердин. Преступная группировка деген силерсиңер баардык мамлекеттик структуралар 🖕🤮🖕🤮🖕😡👿
@НурканРахманбердиева
@НурканРахманбердиева Ай бұрын
Ээ ушундайлар бе бечараларды акчасын алып жашанандар канча
WHO CAN RUN FASTER?
00:23
Zhong
Рет қаралды 33 МЛН
Joker can't swim!#joker #shorts
00:46
Untitled Joker
Рет қаралды 36 МЛН
SCHOOLBOY. Последняя часть🤓
00:15
⚡️КАН АНДРЕЙ⚡️
Рет қаралды 10 МЛН
Little brothers couldn't stay calm when they noticed a bin lorry #shorts
00:32
Fabiosa Best Lifehacks
Рет қаралды 17 МЛН
АБДЫЛДА ТЫНАР ЭЛДИ ТОГОЛОТУ КҮЛДҮРДҮ//АЙЫЛ ӨКМӨТ
14:51
АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
Рет қаралды 228 М.
Советский мультфильм про нашу жизнь !
13:49
Дедушка Аргентинца
Рет қаралды 4 МЛН
ТОКТОГУЛ / ПОГОНЯ / ГАИ / 2019
5:00
ALTUHA 08
Рет қаралды 7 М.
WHO CAN RUN FASTER?
00:23
Zhong
Рет қаралды 33 МЛН