Рет қаралды 83
Бүгүнкү күндө жер-жерлерде айыл чарба багытында иштерди артыруу боюнча семинарлар байма-бай уюштурулуп, кылкандуу дан дан өсүмдүктөрү, мөмө-жемиштерди сапатуу өндүрүүп алуу, мол түшүм алуу, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден химиялык кошулмаларсыз дарылар менен дарылоо сыяктуу иштер жандана баштады. Бул жаатта дыйкандар бүгүнкү күнгө чейин ар кандай химиялык кошулмалары бар дарыларды колдонуп, мол түшүм алып келишкен. Бирок Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти зыянкечтерден өсүмдүктөрдү коргоо максатында ар кандай типтеги майда жандыктарды лабораториялык шартта өндүрүп келет. Бул тууарлуу аталган департаменттин Оштогу филиалынын директору Индира Эминбаева маалымат берди.