Орук комуз о Кожакмат Абдыралиев с А Рыскулов атк О Кутма

  Рет қаралды 34,165

Ramzan Sharipbekov

Ramzan Sharipbekov

Күн бұрын

Каналга катталганды унутбаңыз
Кыргыз элинин дастандары

Пікірлер: 16
@أهلاللهوخاصته-م9ر
@أهلاللهوخاصته-م9ر 4 жыл бұрын
Бул дастан Талас районунун Арал айылынын тургуну Кожакмат аксакалдын башынан өткөн окуя. Баары төп келишкен дастан!
@b.378
@b.378 Жыл бұрын
Текст песни Өрүк комуз (Örük komuz) Исполнитель: Orozbek Kutmanaliev (Орозбек Кутманалиев) Переводы: Русский Кыргызский A A Өрүк комуз Жашамал бир адамдын муңун угуп, Жашырбай айтып берген сырын угуп. Жүрөгүм тилингендей тыз-тыз этип, Жүрөмүн ичтен сызып, кыңырылып. Эмесе, ошол сырды баяндайын, Тагдырдын табышмактуу ыры кылып: Таластын суусу тынбай шарпылдаган, Таңкы кез толкундары тартылбаган. Татына бир өйүздөн турак алып, Там салдым, жарды күттүм жаркылдаган. Терезе тушка тигип бир түп өрүк, Теңирим берсе дедим артын мага. Биз көргөн бай турмушту кошо көрүп, Биз көргөн жай турмушту кошо көрүп, Черткилеп тереземди бутактары Тез эле бой тиреди ошол өрүк. Жемиши жерге батпай төгүлгөндө, Перзенттүү болдум бакыт кошо келип. Уулубуз оозангандан өрүк жечү, Улам бирин кармалап терип жечү. Баланын тили таттуу, аттиң арман! Өрүккө тили келбей "өлүк" дечү. Өнөрү жылда күчөп, чоңойгону Өйдөкү бутактарын эликтөөчү. Кийимдин сатып келем жаңысынан, Таттуунун тандап берем дагысынан. Оюнсак уулум бир күн тайып кетип, Оң колу сыйрылыптыр далысынан. Өрүккө өчөгүштүм сениби деп, Бир чака бензин алдым АЗСыдан. Короого камап уулум тыйып салдым, Кокустук уланат деп кыйыктандым. Уулумдун убалына калбасын деп, Өрүккө жаба бензин куюп салдым. Арбайып-тарбайып ал куураганда, Араалап, тал түбүнөн кыйып салдым... Аттигиң, өрүктү не кыйып салдым? Аябай неге бензин куюп салдым? Эрке өскөн кулунумду аттигиң ай Эркине койбой неге кыйыктандым? Киндиги туташ тура ал экөөнүн, Билбепмин касиетин ыйык талдын! Өрүктүн байкалганда куураганы, Уулумдун күчөй берди чырлаганы. Бай турмуш, жай турмушту бүлүндүрүп, Башталды тагдырымдын бурганагы. Бир чака бензин өрттөп кеткен тура Ал өрүк менен кошо бир баламы! Уулумдун улам күчөп кыйнаганы, Ушунча жанга батты чырлаганы. Далысы сыйрылганы тез айыкты, Жүрөгүнүн сыйрылганы кыйнап аны: "Өлүгүм, өлүгүм" деп угулгансыйт, "Өрүгүм, өрүгүм" деп ыйлаганы. Май куюп ал өрүктүн тамырына, Мен өзүм өрт коюпмум тамырыма. Сырдуу күү кайрыктары жаңыргансыйт, Сыйпалап кол тийгизсем кабыгына. Акыры андан комуз чапмай болдум Өзөктөн чыккан өрүк зарын уга. Өлүктүн табытындай кулап жаткан, Өрүктүн устунунан сулап жаткан, Каралдым ай эм болор деп, дем болор деп Капкагын ал комуздун курап жатсам, Кыл тагып, күүгө салып тыңшап көрсөм Кулагыма угулгансыйт укмуш дастан. Капкагын ал комуздун курап жатсам, Кыл тагып, кулактарын бурап жатсам, Кулунум баш көтөрүп жаздыгынан Кудуңдап, көзү жайнап угат дастан... Ошентип, күлүмсүрөп кете берди Перзентим, кышкы таңда бубак баскан. Жоодурап боюн түзөп кете берди, Жалгызым кышкы таңда бубак баскан. Күү ошол бүтүп-бүтпөй чала калып, Канатын күүлөй берет сабаланып... Көргөндө сайын куурап турган өрүктөрдү Көзүмдөн жаш куюлат салааланып. Биз канча карагайды кыйып салдык Биз канча арчаларды арааладык?! Уулумду улгайганда таптым эле, Уулума өрүк комуз чаптым эле, Ушунум эм болор деп, дем болор деп, Уңгусуна мончок тумар тактым эле. Акыры өчүн алды жаратылыш, Ай, арман, балта чаптым бактыма не?! Үн катпай үйүбүздө турат комуз, Көргөндүн көңүл оюн бурат комуз. Кокустан колум тийсе кылдарына Комуздан муңканган бир чыгат добуш. Божурап эрмек болор уулубуз жок, Мүрзөдөй мисиреет салган комуз. Комузду кармаганда колума алып, Таластын суусу толкуп долуланып, Топон суу жерди каптап келаткансыйт Суу эмес капкара май болуп алып. Түшүмдө өрүкзарга чыга качам, Уулумду так көтөрүп колума алып. Уулумду улгайганда таптым эле, Уулума өрүк комуз чаптым эле... Уулумду улгайганда таптым эле, Уулума арнап комуз чаптым эле...
@АпшоиаТолатуилдав
@АпшоиаТолатуилдав 6 жыл бұрын
маладец братан
@ГулнараГапарова-ф9т
@ГулнараГапарова-ф9т 2 жыл бұрын
Ушул дастанды мектепте окуган(5-6-класс) кезибизде классташ кызыбыз дайыма майрамдарда комуз менен аткарчу.
@ghkkhbnm9027
@ghkkhbnm9027 3 жыл бұрын
Молодец ушул дастандарды кайра жуктоп жандандырган адамдардын омуру узуун болсун эки дуйно бактылуу болсун аамин
@talantorozalimov7483
@talantorozalimov7483 6 жыл бұрын
Эң сонун
@janybekjolomanov1330
@janybekjolomanov1330 6 жыл бұрын
Чыныгы ыр деп ушуну айт
@ЭркинбекАлымов-ш7в
@ЭркинбекАлымов-ш7в 5 жыл бұрын
Сонун ыр экенго клас
@БибинурЧакеева
@БибинурЧакеева 4 жыл бұрын
Жакшы ыр
@КушубекТыналиев
@КушубекТыналиев Жыл бұрын
Кандай манилуу ыр
@АОАо-р4в
@АОАо-р4в 11 ай бұрын
😢 соз айталбаймын! Угуп, угуп ыйлыйым
@ЭрбоМуртазаев
@ЭрбоМуртазаев 2 жыл бұрын
Ким ырдап жатат ?
@baatyrbaikalov8465
@baatyrbaikalov8465 3 жыл бұрын
2020❓😂
@manasbektoktonaliev5659
@manasbektoktonaliev5659 Жыл бұрын
Сонуннн
Кайгылуу баян-Кайырчынын казалы
12:13
Ramzan Sharipbekov
Рет қаралды 61 М.
LIFEHACK😳 Rate our backpacks 1-10 😜🔥🎒
00:13
Diana Belitskay
Рет қаралды 3,9 МЛН
Will A Guitar Boat Hold My Weight?
00:20
MrBeast
Рет қаралды 254 МЛН
How Strong is Tin Foil? 💪
00:26
Preston
Рет қаралды 130 МЛН
Эй досум-Жеңишбек Жумакадыр
17:02
Ramzan Sharipbekov
Рет қаралды 13 М.
Б. Токтомамбетов-Эненин арманы
11:31
Ramzan Sharipbekov
Рет қаралды 117 М.
Мыкты аткаруу  Роза Аманова
9:25
Эмильян Мамашарипов
Рет қаралды 124 М.
Ак Мөөр  - дастанынан үзүндү | Орозбек Кутманалиев
10:16
УТРК Алтын казына - Борбордук архив
Рет қаралды 90 М.
ЗЫН ТЕРМЕЛЕР  019
41:31
Alisher Baydullaev
Рет қаралды 3,9 МЛН
Аалы Туткучев"Тулпарлар"
14:07
BIR BOL ELIM
Рет қаралды 1 МЛН
Дастандар-Кыз жигит
15:14
Ramzan Sharipbekov
Рет қаралды 22 М.
Жылдын эң мыкты тамашалуу айтышы!
17:58
Айтыш Алыш
Рет қаралды 367 М.