Рет қаралды 98
Эми мигранттар Орусияда 90 күн эле жүрө алабы?
2025-жылдын 1-январынан тартып мигранттар Орусиянын аймагында бир жылда жалпы 90 күн гана мыйзамдуу жүрө алышат. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги билдирди.
Аталган жаңы талап, көп убакыттан бери Россияда мыйзамсыз жүргөн жарандар үчүн өзгөчө маанилүү. Эми аларда Орусиянын аймагында убактылуу жашоого уруксат берүүчү документ, эмгек же жарандык келишими болушу керек. (Кандай документтер керектелет?
РВП же ВНЖ)
Андан тышкары 2024-жылдын 8-августунда мигранттарга карата мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Анда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер же документтерин убагында жөнгө салбай, контролдонуучу адамдардын реестриге киргизилген болсо, анда аларга төмөнкү тыюулар салынат:
Учурда жашаган жерин уруксатсыз өзгөртүүгө, Орусиянын аймагынан чыгууга, транспорт каражаттарын башкарууга, ошону менен катар айдоочу күбөлүк алууга же аны алмаштырууга, кыймылсыз мүлккө ээ болууга, үй-бүлөө курууга жана нике күбөлүгүн алууга, андан тышкары жаңы банктык эсепти ачууга уруксат берилбейт.
Жогорудагы чектөөлөр 2025-жылдын 5-февралынан тартып күчүнө кирет. Бул убакытка чейин эгерде мыйзамсыз жүргөн жарандар документтерин жөнгө салбаса, алар автоматтык түрдө контролдонуучу адамдардын тизмесине киргизилип, буга байланыштуу чектөөлөргө дуушар болушат.
ОФИЦИАЛДУУ МААЛЫМАТ: mfa.gov.kg/ru/...